Covid-19: дарыгерлер желим баштык, лыжага кийген көз айнекти колдонуп жатабы?

Illustrated image of a doctor in a mask
    • Author, Клэйр Пресс
    • Role, BBC News

Covid-19 вирусу дүйнөгө жайылып жатканда, дарыгерлер инфекция менен тынымсыз күрөшүүдө. Британиянын кайра жандандыруу бөлүмүндө иштеген дарыгерлердин бири, алар майдан тилкесинде күн сайын туш болгон кыйынчылыктар тууралуу айтып берди.

Башка мамлекеттердей эле, Британиянын дарыгерлерине дагы ооруканадагы каражаттардын жетишсиздиги тууралуу медиага сөз кылбагыла деген буйрук берилгенин Би-Би-Сиге билдирди. Бирок жандандыруу бөлүмүндө иштеген дарыгердин бири чындыкты жашыргысы келген жок. Дарыгердин коопсуздугу үчүн макалада анын ысымы өзгөртүлдү.

Робертс айым ооруканадагы жандандыруу бөлүмү вируска кабылгандарга толгонун айтат. Операциялар, жада калса рак илдетине каршы клиника дагы жабылды. Өлкөдө дарыгерлер, антибиотик менен дем алууга жардам берген аппараттар жетишсиз. Британияда вируска кабылгандардын жогорку чеги 14-15-апрелде гана белгилүү болот деген жоромол бар. Бул кабарды уккан дарыгерлер тынчсызданып турат.

Мындан дагы коркунучтуусу, 13 саат бою вируска кабылгандарга жардам берген дарыгерлер коргонуучу каражаттар катары таштандыга пайдаланчу баштыктарды, желим белдемчилерди жана лыжага кийген көз айнекти колдонуп жатышат.

Photo of Dr Roberts helping her colleagues by securing bin bags on their heads
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Робертс айым таштандыга колдонгон баштыкты кесиптешинин башына байлап берип жатат

Коомдук жайларда эки метр аралыкты сактоо эрежеси колдонулуп жаткан чакта, дарыгерлер эч коргонуучу каражаттары жок туруп эле вирусту жуктурган адамдарга 20 сантиметрге чейин жакын келүүдө.

"Дарыгерлер, медайымдар вируска кабылгандарга абдан жакын келишет. Бирок алардын коргонуучу каражаттары жок. Бул туура эмес. Аргасыздан таштанды баштыктарын колдонуп жатабыз",-дейт Робертс.

Illustrated image of several patients on an intensive care ward

Британиянын өкмөтү коргонуучу каражат жетишсиз болуп жатканын мойнуна алды. Өкмөт армияны тартып, каражаттарды бардык ооруканаларга жеткирүүгө умтулуп жатканын билдирди. Ага карабастан, Робертс айым иштеген ооруканага каражаттар жете элек.

"Азыр колдонуп жаткан коргонуучу беткаптардын мөөнөтү бүткөн. Аларга жаңы датаны чаптап коюшкан. Кечээ күнү бир беткаптан үч башка датаны таптым. Беткапты 2009-жылдан кийин кийбегиле деп турат, анын үстүнө 2013-жылды чапташыпбыр, анын үстүнө 2021-жыл деп турат",-дейт Робертс.

Dr Roberts pulls expiry dates from a face mask's packaging
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дарыгер беткаптарга жабыштырылган даталарды көрсөтүп берди

Британиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги беткаптардын бары текшерилгенин белгиледи. Ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун кеңеши толугу менен сакталып жатканын билдирди. Дарыгерлердин тынчсыздануусунан улам коргонуучу каражаттарды тез жеткирүүгө атайын телефон номуру дагы түзүлгөн. Каражаттар жетишсиз болуп жатса, дарыгерлер байланышка чыкса кыска мөөнөттүн ичинде каражат жеткирилет деп айтылууда.

Мындай чараларга карабастан вируска кабылган дарыгерлердин саны өсүп жатат. Робертс менен чогуу иштеген эки дарыгер коронавирусту жуктурган. Алар коргонуучу каражаты жок иштеп жатканда вируска кабылды деген жоромолдор бар. Буга карабастан дарыгерлер ишин токтоткон жок.

Abstract illustration of a hand with a pulse.

"Вирустан улам каза тапкандардын жакындарына кабар угузган абдан оор экен. Себеби муну телефон аркылуу айтасың. "Биртууганыңдын абалы абдан оор, бирок сен келип коштошо албайсың" деп айткандан башка арга жок. Дарыгерлер бейтаптын жакындарына "колумдан келген бардык аракетимди жасайм" деп убада кылат. Азыр антип айта албайм. Эң мыкты адистерди чакырып келе албайм, эң мыкты жабдыктарды колдоно албайм, эң мыкты медайымдар төрт күн катары менен иштеп араң басып жүрүшөт. Антибиотиктер жетишсиз, анан каяктан "колумдан келгендин баарын жасайм" деп айтам",-дейт Робертс.

Британиянын өкмөтү канча дарыгер вируска кабылганы боюнча так маалыматы жок экенин айтууда. Бирок Европадагы вирустун очогуна айланган Италия менен Испания эсептеп чыкты. Марттын аягында жарыяланган статистикага ылайык, Испанияда 9400 ашуун дарыгер вирусту жуктурган, Италияда болсо 6414 дарыгер.

Also short of PPE, an intensive care nurse in Spain wears a bin bag and a protective plastic mask, donated by a local company.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Испаниянын дарыгерлери дагы желим баштыктарды коргонуучу каражат катары колдонууда

Үйдөн чыкпагыла

Ооруканын сыртында, кире бериштин жанында жаңы имарат пайда болду. Бейтапканага келгендер биринчи ошол имаратка кирип, симптомдорун түшүндүрүп бериши керек. Дарыгерлер бул имаратты "калпчылардын детектору" деп аташат.

"Көптөр симптомдору тууралуу алдап, коронавируска текшерилгиси келет. Алар үйдөн чыкпай отурса туура болмок. Болбой эле ооруканага келишет. Ошондуктан бул имарат пайда болду. Эгерде чынында вируска кабылган болсо, анда дароо изоляцияга алышыбыз керек. Вирус ооруканада жаткан башка бейтаптарга дагы жугушу мүмкүн",-дейт Робертс.

Image of an ambulance arrive at A&E

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Дарыгерлер жарандарды үйдөн чыкпай турууга чакырат.

"Ооруканада иштегендердин көбү өзүн изоляцияда кармап жатат. Себеби жакындарыбызды коркунучка кептегибиз келбейт. Ошондуктан көчөдө, парктарда сейилдеп жүргөндөрдү же дүкөнгө жык толуп калгандарды көрүп ачууланам. Жарандардан суранат элем, үйдөн чыкпагыла".

Сүрөттөрдү Charlie Newland тарткан.

Коронавирус тууралуу жаңылыктарда иллюстрация үчүн колдонулган сүрөттөр кыямат тууралуу тасмалардай эле элес калтырат. Сүрөттө Түштүк Кореянын армиясы айыл жеринде дезинфекция кылып жүргөн учуру
Коронавирус