Коронавирус: “Cогуштагыдай эле кайсыл бейтапты сактап калуу мүмкүн экенин карайбыз”

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Италиянын дарыгерлери коронавирустан улам оор тандоого туш болуп жатышканын айтууда. Бейтаптар абдан көп болгондуктан, дарыгерлер согуш маалындай эле кайсыл бейтапты сактап калуу мүмкүн экенин карап туруп, жардам беришет.
Күнүнө жүздөн ашуун киши вируска кабылып жаткандыктан, Италиянын саламаттыкты сактоо системасы кыйынчылыкка дуушар болду, бейтапканаларда орун жок.
"Эгерде сексен жаштан токсон беш жашка чейинки адам ооруканага келип, дем ала албай кыйналып жатса, бул кишиге жардам берүүгө убакыт жок",-дейт дарыгер Кристиан Салароли.
Доктор Салароли Бергамо шаарындагы ооруканада иштейт. Ал Corriere della Sera басылмасына маек курган.
"Бул өтө өкүнүчтүү сөздөр, бирок ал чындык. Биз сыйкырчы эмеспиз, 95 жаштагы карыяны бутуна тургузуу колубуздан келбейт",-деп кошумчалады ал.
"Татаал чечим"
Италияда коронавирустан улам көз жумгандардын саны абдан жогору. Шаршемби күнү 31 миңден ашуун киши вирусту жуктурса, 2503 киши көз жумду. Буга салыштырмалуу Кытайда 81 миңден ашуун киши вируска кабылган, 3200дөн ашуун киши өлдү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, Италия калкындагы кары-картаңдардын көптүгү жагынан Жапониядан кийинки эле өлкө. Ошондуктан вирустун жайылышы бул өлкөдө өзгөчө коркунучтуу болууда.
Март айынын баштында Италиянын Саламаттык институту дарыгерлерди "татаал чечим" кабыл алууга чакырган. Себеби бейтапканаларда жетиштүү орун жок.


Ошондон тарта дарыгерлер ким биринчи ооруканага келсе, ошого жардам көрсөтүү шарты эмес, эң биринчи кимди сактап калса болот, ошолорго биринчи кезекте жардам көрсөтө башташты.
"Мындай жагдайга Саламаттык институту күнөлүү эмес, буга кырдаал түрткү кылды. Дарыгерлердин башка аргасы жок, алар биринчи кезекте сакайып кете турган бейтаптарга көңүл бурушу керек",-деп айтылат билдирүүдө.
Италиянын ооруканаларында болжолу менен 5200 интенсивдүү жардам көрсөткөн орун бар. Кыш мезгилинде бул орундарды респиратордук илдеттер менен келген кары кишилер толтурат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Италиянын түндүгүндө коронавирустан улам орундар тез эле калбай калган. Ошондуктан Италиянын өкмөтү интенсивдүү жардам көрсөткөн орундарды көбөйтүү аракетин көрүп жатат. Бирок орундар пайда болгон күнү деле, жабдыктар жана дарыгерлер тартыш.
Аптанын башында дарыгер Даниэл Мачини өпкө оорулары менен кайрылган бейтаптар "цунами" сыяктуу агылып келип жаткандыктан, дем алууга жардам берген аппараттар "алтындай" баалуу болуп калганын "Твиттер" баракчасына жазды.
"Айрым дарыгерлер өздөрү да коронавируска кабылды. Вирус дарыгерлердин жакындарына жугуп, алар дагы жардамга муктаж. Ошондуктан сактануу абдан маанилүү",-деп жазды дарыгер.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кристиан Салароли болсо медициналык кызматкерлер психологиялык жана эмоциялык кысымга туш болгонун айтууда. Анын командасындагы дарыгерлер "татаал чечим" кабыл алуудан кийин жардамга муктаж экенин белгиледи.
"Мындай абал көп жыл тажрыйбасы бар дарыгер үчүн да оор. Бирок жаш дарыгерлер кыйналып жатат. Алар мындай чечимдерге көнгөн эмес. Андан тышкары 30 жылдан бери медайым болуп иштегендердин дагы ыйлап жатканын көрдүм",-деп айтты Салароли. (AT)








