Covid-19: Зарылчылык болбосо сыртка чыкпагыла!

Испания

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Испанияда беш күндөн бери карантин уланууда

Дүйнө жүзүндө өлкө бийликтери коронавирустун жайылышын токтотуу үчүн түрдүү чараларды көрүп, ар кандай чектөө эрежелерин киргизүүдө.

Бейшембиде АКШ менен Орусия өз жарандарын өлкөдөн чыкпоого эскертти. Бирок бул сунуш иретинде гана жолдонду. Азырынча мажбурлоо чаралары жок.

Үйдөн чыкпай олтуруу чарасын Аргентина менен Израилдин өкмөтү кабыл алды. Израилде эрежени бузгандарды полиция кармайт.

Калифорнияда кишилерге аралыкты сактап жүрүү сунушу берилди. Ал ортодо Нью-Йорк, Кливленд жана Сан-Францискодо бийлик абактагыларды убактылуу бошотуп, муну түрмөдөгү вирустун жайылышын алдын алуу чарасы катары түшүндүрдү.

Бейшембиде бир нече өлкөнүн лидери видео байланыш аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрө турганы белгилүү болду. Ошондой эле 26-мартта Евробиримдик лидерлери жолугуп, коронавирустун кесепетин талкуулайт.

Сербия: улгайган кишилердин көчөгө чыгуусуна тыюу, коменданттык саат

Военный в Белграде

Сүрөттүн булагы, AFP

Сербиянын бийлиги коронавирустан улам өтө катаал чараларды кабыл алды. 65 жаштан өйдөңкү курактагыларга көчөгө чыгууга тыюу салынды. Ошондой эле түнкү убакытка коменданттык саат киргизилет, деди өлкө президенти Александр Вучич.

Буга чейин өзгөчө кырдаал абалы жарыяланган эле. Өкмөт жарандардын тартипсиздигине ачууланып, режимди бузгандарды жазалоо чараларын дагы кабыл алды. Кечки саат сегизден тарта, таңкы бешке чейин көчөгө чыгууга болбойт.

Бул режимди аткаруу жагын серб армиясы көзөмөлгө алат. Өлкө боюнча вирус жуктуруп алгандар саны 72ге жетти. Өкмөт кабыл алган чараларда кишилер жыйындарда бири-биринен эки метр аралыкта болушу керек.

Коронавирус тууралуу жаңылыктарда иллюстрация үчүн колдонулган сүрөттөр кыямат тууралуу тасмалардай эле элес калтырат. Сүрөттө Түштүк Кореянын армиясы айыл жеринде дезинфекция кылып жүргөн учуру

Ошондой эле серб бийлиги инфекция жуктургандар менен байланышта болгон сегиз миң кишини изоляцияга алган.

Сербиянын мектептери дистанттык окутууга өттү. Мамлекеттик экзамендер артка жылышы мүмкүн. Белграддагы студенттик жатаканалар жабылды. Сербиянын банкы насыяларды төлөөнү 90 күнгө узартып койду. (AbA)