Коронавирус: АКШ вируска каршы вакцинаны сынап баштады

vaccine

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Michelle Roberts
    • Role, Health editor, BBC News online

АКШда Covid-19 вирусунан коргогон вакцина ыктыярчыларга биринчи жолу сынала баштады.

Associated Press тараткан маалыматка ылайык, Сиэтл шаарындагы изилдөө борборунда төрт бейтап жаңы вакцинаны алды. Бул вакцинага Covid-19 вирусунун генетикасынын бир бөлүгү кошулган. Окумуштуулардын жаңы вакцинага үмүтү чоң.

Изилдөөчүлөр вакцинаны сыноо иштери бир нече айга созулат деп жатышат. Сыноодон кийин дагы вакцина башка текшерүүлөрдөн өтүшү зарыл.

Коронавирус тууралуу жаңылыктарда иллюстрация үчүн колдонулган сүрөттөр кыямат тууралуу тасмалардай эле элес калтырат. Сүрөттө Түштүк Кореянын армиясы айыл жеринде дезинфекция кылып жүргөн учуру
Коронавирус

Дүйшөмбү күнү вакцина Сиетлдин 43 жаштагы тургунуна берилди. Ал эки баланын энеси.

Учурда дүйнөнүн булуң-бурчундагы окумушуулар коронавируска каршы вакцинанын үстүнөн иштеп жатат. Ал эми АКШдагы Улуттук саламаттык институтуна жаңы вакцинаны алгач жаныбардан текшербей эле, дароо кишилерге сынап көрүүгө уруксат берилди.

Бирок вакцинаны чыгарган Moderna Therapeutics компаниясы дары кишинин өмүрүнө эч коркунуч жаратпайт деп ишендирүүдө.

Британиядагы инфекция илдеттери боюнча окумуштуу Жон Трегониң "жаңы вакцина мурда чыгарылган технологияны колдонот" деп айтты.

"Жогорку сапатта адамга коопсуз делген дары-дармектен жасалган вакцина экен. Сыноого катышкандар дагы көзөмөл алдында болот. Ырас, коопсуздук үчүн киргизилген айрым кадамдар сакталган жок. Бирок азыр убакыт өтө маанилүү болуп жатат, вирус менен жарышып жатабыз. Демек, адамзаттын кызыкчылыгы үчүн жасалып жатат",-деди Жон Трегониң.

Видеонун түшүндүрмөсү, Ухандан күндөлүк: карантинден алынган шаардан атайын баяндама

Вируска каршы вакциналар, мисалы кызылчага каршы вакцина алсырап же өлүп калган вирустан жасалат. Бирок сыноодон өтүп жаткан mRNA-1273 вакцинасы алсырап калган Covid-19 вирусунан жасалган жок.

Анын ордуна вирустун гениндеги бир гана бөлүгү лабораториядан алынып, мурда чыккан дарыга кошулду. Вакцинаны алган адамдын иммундук системасы коронавируска туруштук берип калат деген үмүт болуп жатат.

Сыноого катышып жаткан ыктыярчыларга вакцина эки жолу 28 күн аралыгында берилет. Бирок вакцина сыноодон ийгиликтүү өтсө дагы анын жалпы элге жетишине дагы 18 ай керек болот.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дагы коронавируска каршы вакцина 18 айдын ичинде даяр болот деп билдирген. (AT)

сунуштама