"Биз фронттун алдыңкы тилкесиндеги жоокер сыяктуубуз": коронавирус менен күрөш

Сүрөттүн булагы, Costfoto/Barcroft Media via Getty Images
Яо Ухандан 300 чакырым аралыктагы Цзинчжоу округундагы клиникада иштейт. Күн сайын ага дене табы көтөрүлгөн, инфекциянын белгилери байкалган ондогон бейтаптарды жиберишет.
Яо алардан анализ үчүн кан алып, тесттен өткөрөт. Эпидемиянын башталышында ооруканада эң зарыл болгон нерселер жетишсиз эле. Азыр кырдаал бир топ оңолду. Мамлекеттик жана жеке компаниялардын жардамы менен керектүү дары-дармек жана жабдыктар алынды. Бирок дарыгерлерде мурдакыдай эле коргоно турган бет кап жана кийимдер таңкыс болуп жатат.
"Оорукананын жетекчилиги силер согуштун алдыңкы тилкесиндеги жоокердейсиңер деп айтты. Биз куралсыз кантип согушабыз",-деп белгиледи Яо Би-Би-Сиге.
Бул ооруканада медициналык кызматкерлер күнү-түнү иштеп жатышат. Көп дарыгерлер жумуш ордунда эле укташат. Анткени алардын үйүнө жеткенге алы калган эмес.
Яо жумуш күндүн коргонуучу кийимдерин чечкенде, ички кийимдери чылк тер болгонун билет. Дайыма бет кап тагып жүргөндүктөн, анын тагы да жүзүндө калыптыр.
"Бардыгы конавирус үчүн, бардыгы жеңиш үчүн"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытай бийлиги коомдук сайттарда айтылып жаткан сын-пикирлерге жооп кылып, алды менен элди моблизациялап, анан вирус менен күрөштү баштаганын айтты. Кытай бийлигин эпидемияны жашырууга аракет кылды деп айыпташкан.
Кытайдын мамлекеттик каналдары кабарлагандай, Аскердик медицина институтунун студенттери эпидемиянын очогу болгон Хубэй провинциясына жөнөтүлдү. Алар вирус менен күрөшүүгө жардам бермекчи.
Коронавирус менен күрөш тууралуу, вирустан сактануу, өзүн алып жүрүү эрежелери тынымсыз жаңылыктардан берилип жатат. Кытайдын Коммунисттик партиясы коронавирус менен күрөштү "элдик согуш" атады. Согуш деген ураан-чакырыксыз болобу?
"Үй-бүлөлүк дарыгер" басылмасы Weibo коомдук сайтына Уханда бейтаптар менен дарыгерлер "Коммунисттик партиясыз жаңы Кытай болмок эмес" деген гимнди ырдап жаткан видеону жайгаштырды.
CCTV мамлекеттик каналы Хубэй провинциясындагы убактылуу госпиталда бейтаптар менен медицина кызматкерлери көңүлүн көтөрүү үчүн бийлеп жатканын көрсөттү.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Көптөгөн кытайлык эксперттер учурдагы кризис өлкөдөгү Коммунисттик партиясын бир топ чыңдап коюшу мүмкүн деп айтууда. Айрымдар болсо, ансыз деле бийлик өтө бекемделди, "гайканы мындан ары буроого мүмкүн эмес" деп жатышат.
Көпчүлүк эксперттер азыркы кризис КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин колуна бийликти биротоло бекемдеп берди деп баалады. Мамлекеттик каналдар "жаңы вирус тууралуу жашырууга аракет кылган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жазаланганы" тууралуу кабарлады. "Си Цзиньпин кырдаалды жайгарып, Хубэйдеги эки жетекчини алмаштырганы" тынымсыз көрсөтүлдү.
Провинциянын коммунисттик партиясынын биринчи катчысы Цзян Чаоляндын ордун Синин жакын тарапташы Шанхайдын мурдакы мэри Ин Юн алмаштырды.
Синьхуа маалымат агенттиги кабарлагандай, Ухандын шаардык партия жетекчиси дагы кызматтан кетти. Си Цзиньпин Ухань шаарына барбаганы дагы коомдук сайттарда ачуу сындарга себеп болду. Эпидемиянын очогуна барбаганы менен Бээжиндеги ооруканалардын бирине барып, төрага температурасын текшертти.

Сүрөттүн булагы, EPA
Январдын соңунда кризисти жайгаруу үчүн провинцияга Мамлекеттик кеңештин башчысы Ли Кэцян барды.
Провинцияда он күн ичинде эки оорукана толугу менен курулуп, бир нече стадионду ооруканага айландырып, жабдып чыгышты. Азыр өлкө боюнча дары-дармек, керектүү жабдыктар, азык-түлүк Хубэйге жөнөтүлүп жатат.
"Менимче өкмөт кырдаалды жайгаруу үчүн өтө жакшы иш алып барууда. Муну сөзсүз жеңебиз деп ойлойм. Ушундай кырдаалда биз өкмөткө гана ишеним арта алабыз",-деп айтып берди Ухандын тургундарынын бири. (AbA)












