Коронавирусту эмне менен дарылап жатышат?

Сүрөттүн булагы, AFP
- Author, Николай Воронин
- Role, Би-Би-Си
Коронавирус Covid-19 он бир өлкөнүн аймагында үч миңдей кишинин өмүрүн алды. Кытайдан сырткары өлүмгө алып келген учур Австралия, Иран, Испания, Италия, АКШ, Таиланд, Тайван, Франция, Түштүк Корея, Жапония жана Филиппинде катталып, жалпысынан 165 киши көз жумду.
Бирок коронавирус инфекциясы катталгандан бери расмий түрдө оору аныкталган 50 миң киши айыгып кеткен. 14 күндөн бери айыгып жаткандар саны жаңы катталгандардан ашып түштү. Бирок дүйнө жүзү боюнча окумуштуулар вакцинаны али таба элек. Дагы бир нече ай убакыт сарпталат деп айтып жатышат.
Дарыны АКШ жана башка өлкөлөрдө бир нече компаниялар сыноодон өткөрүүдө. Вакцинаны кишилерге сынап көрүү апрелдин башында болот деп күтүлүп жатат. Андан кийин анын эфективдүүлүгү текшерилип, бюрократиялык формалдуулуктан өтөт. Ошентип жыл соңуна чейин барат.
Жалпы стратегия: арбидол
Коронавирус эпидемиясы башталган учурда инфекцияны дарылоо үчүн көптөгөн медкаражаттарды колдонуп көрүштү. Бирок оорунун өзүнө эмес, негизги симптомдоруна каршы колдонушту.
Бул жерде Covid-19 коронавирусунун эч кандай спецификалык симптомдору жок экенин белгилей кетиш керек. Тактап айтканда, оору башка респиратордук-вирустук инфекциялардан - сасык тумоо же грипптен көп деле айырмаланбайт. Алар деле өпкөгө өтүшүп кетиши мүмкүн.
Температура көтөрүлүп, алсырап, 60% бейтапта кургак жөтөл болот. Болжолу ар бир үчүнчү бейтап булчуңдары ооруп, дем алуу кыйындап жатканын даттанат. Бирок бул симптомдор оору башталгандан беш күндөй эле убакыт ичинде билинет.
Баш менен тамактын ооруганы бир нече гана бейтапта байкалган. Февралдын орто ченинде Lancet медициналык журналы кытайлык дарыгерлердин катын жарыялаган. Алар жөтөл, чыйрыгуу, тамак оорусу менен келген бейтаптарды дарылай турган өздөрүнүн алгоритмин иштеп чыкканын жазышкан.
Жалпы анализдерден кийин кан, көкүрөк клетакаларын томографиядан өткөрүп, вирустук пневмония менен коронавируска текшеришет. Эгерде жыйынтыктар тескери чыкса, бейтапка стандарттуу антибиотиктерди - азитромицин же амоксициллин беришет. Ал эми шектүү анализдер байкалса, бейтапты бөлүп, өзүнчө жаткырып респиратордук фторхинолон жана арбидол менен дарылап башташат.
Оор абалда болсо, кандагы кычкылтек 93 пайызга төмөндөп кетсе, терапияга немоноксацин менен синтетикалык антибиотик линезолид кошулат.

Сүрөттүн булагы, AFP
Эксперименталдык терапия
Жогоруда кеп кылгандай, бул препараттардын баары оорунун жалпы симптомдорун жоюу үчүн керек.
Covid-19 коронавирусун дарылоонун спецификалык терапиясы азырга чейин жок. Бирок аны иштеп чыгуу тездик менен жылып жатат.
Февралдын орто ченинде дарыгерлер коронавирус менен күрөшүүдө хлорохин препараты жардам берип жатканын айтышкан. Эми аны расмий түрдө бейтаптарга сунушталган дарылардын катарына кошуп жатышат.
Дагы бир катар дары-дармектер клиникалык сыноодон өтүүдө. Алардын бири - умифеновир (арбидол). Дарыгерлер коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө канчалык эффективдүү болорун түшүнүүгө аракет кылууда.
Дагы потенциалдуу саналган эки дары - лопинавир (ВИЧ менен ооругандарга берилген) жана ремдезивир (башында Эбола жана Марбурга вирусун дарылоо үчүн сунушталган).
Өтө оор абалдагы бейтаптарды сактап калуу үчүн кытайлык дарыгерлер акыркы айла катары айыккан кишилердин канын куюп жатышат.
Мына ушундай чараны 2003-жылы SARS менен ооругандарга колдонуп көрүшүп, жыйынтыгы жаман болгон эмес.

Сүрөттүн булагы, EPA
Салттуу медицина
Коронавирус жуктуруп алгандардын 85 пайызы Кытайда катталган. Ошондуктан дары-дармектен сырткары кытайдын салттуу медицинасынын дагы каражаттарын колдонуп жатышат.
Кытайдын Илим жана технология министрлигинин маалыматы боюнча, салттуу медицина аркылуу 60 миңге чукул киши Covid-19 инфекциясынан дарылоодон өтүүдө. Кытайлык басылмалар ооруканадан жана элдик дарыгерлерден удаа дарыланып жаткан бейтаптар батыраак айыгып жатат деп жазууда. Маселен, Ханчжоу шаарында 88 жаштагы бейтапты ушундай жол менен айыктырышкан.
Кытай салттуу медицинасынын дарылоо формуласына расмий түрдө уруксат беришкен. Салттуу медицинадагы дары-дармектер негизинен чөптөн жасалат. Анын ичинде ийне жалбырактуу өсүмдүктөр жана кызыл мыянын тамыры дагы бар. (AbA)








