Коронавирус Грузияга жетти, аны жеңүүгө "Арбидол" жардам береби?
Коронавирус Covid-19 Кытайдын чегинен сырткары аймактарга жайылып жатат. Грузиянын бийлиги вирустун биринчи учуру катталганын жарыялады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Вирус жуктуруп алган грузин жараны Ирандан келген экен. Иранда соңку күндөрү вирустан 15 киши көз жумду. Италияда илдет жуктургандар саны акыркы суткада үч эсеге көбөйдү. Соңку маалыматтарга караганда, 453 кишиден вирус табылды.
Ал ортодо Кытайда 1970-жылдары Советтер Союзу чыгарган "Арбидол" препаратына болгон талап өсүүдө. Өткөн аптада Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы Covid-19 вирусун дарылоонун бир каражаты катары ушуну сунуштаган.
Кытай өкмөтү көп сандагы "Арбидол" сатып алган. Кытайдын интернет-аптекаларында бул препаратка болгон талап кескин өсүп кетти. Орусияда дагы "Арбидолго" талап жогорулаган. Бирок ошол эле маалда анын эффективдүүлүгү күмөндүү дейт эксперттер.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Кытайда "Арбидолду" эпидемиядан эң көп жабыркаган Ухандын тургундары үчүн сатып ала башташкан. Орусияда коронавирусту айыктырууда ушул дары натыйжалуу болот экен деген имиштерден кийин талап күчөгөн экен. 29-январдан 18-февралга чейин дарыны сатуу 18 пайызга өскөн. 25-январда Орусиянын Федералдык антимонополия кызматы аталган дарыны коронавируска каршы натыйжалуу деген жарнама үчүн "Арбидол" өндүргөн "Отисфарм" компаниясына кылмыш ишин козгогон. Себеби, препаратты радиодон жарнамалашкан.

Сүрөттүн булагы, Ilya Pitalev\tass
Кытайда мындай жарнамалар маселе жараткан жок. Жергиликтүү басылмалар бул дары тууралуу активдүү жазууда.
Айрым эксперттер кытай өкмөтү элге үмүт берип, дүрбөлөң түшүүдөн кармап жатат деп да эсептейт. "Арбидол" Кытайда 2006-жылдан тарта чыгарылат. Буга чейин дары анчалык деле популярдуу болгон эмес.
Covid-19 коронавирусуна каршы "Арбидолдун" эффективдүүлүгү боюнча макалалар Кытайда февралдын биринчи аптасында чыга баштады. 6-февралда Чжэцзян университетинин вирусологдор командасы изилдөө жүргүзүшкөн. Аны профессор Ли Ланцзюань жетектеген. Бул иликтөө "Арбидол" менен ВИЧ-инфекциясынын терапиясына колдонулган "Дарунавир" аралашмасына тиешелүү болгон экен.
Профессор Ли ошондон кийин "Арбидолду" коронавирус менен күрөштө сунушталган дары-дармектердин тизмесине кошуунун сунуштайт. Бирок анын канчалык найтыжалуу болоруна дарыгерлер өздөрү күмөнсүп турушат.
CSPC Ouyi препарат кошумча тесттен өтүшү керек деп айтты.
Препаратка бир катар тесттер өтүп, эффективдүүлүгү далилденген жок. Бирок сыноо уланып жатат, деди Би-Би-Сиге изилдөөчү Ян Цзыфэн. Мурда бул препарат башка вирустардан дарылануу үчүн сунушталып келген. (AbA)








