Коронавирус: Дүйнөлүк экономиканы жандандырууга канча каражат керек?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Планетада жашоо токтоп калгандай болду. Кайра кадимки жашоого кайтып келүү мүмкүн болсо, анын куну мурда баштан өткөргөн согуштардан кийинки кризистин баарынан кымбатка турчудай. Вирус алып келген чыгымдар бир айдан кийин санала баштайт. Бирок азыр эле Батыш өлкөлөрү экономиканы дарылоого жана реабилитациялоого алдын ала чоң каражат сала баштады.
Батышта пандемия туу чокусуна жете элек. Көпчүлүк өлкөлөр карантин чараларын киргизип, чектөөлөр ар кандай формада бир нече айга уланышы мүмкүн экенин эскертүүдө.
Вирус алып келген жоготуулардын болжолдуу масштабын өнүккөн өлкөлөр экономиканы жандандыруу үчүн убада кылган каражаттардан билүүгө болот.
Ал өтө чоң жана кооптондура турган сумма. АКШ 2 трлн долларлык антикризистик пакетти кабыл алды. Европа азырынча жарым триллион каражат салды. Бирок алдыда мындан көп акча сарптай турганын айтууда. Жалпысынан "Чоң жыйырмага" кирген өлкөлөр марттын соңуна барып, азыркы абалдан чыгуу үчүн 5 трлн доллар каражат салышат.
Мурдагы кризистерде борбордук банктар жаңы акча бирдигин басып чыгарчу. Бул жолу маселе андай чечилбейт, кеп жүгүртүүдөгү акчаларды кайра бөлүштүрүү жөнүндө. Ансыз да реалдуу кыскарган кирешелер көп жабыр тарткандардын пайдасы үчүн бөлүштүрүлөт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Башкача айтканда, баардыгы биригүүсү керек. Жеңгендер болбойт, ошондуктан бири-бирине көмөк көрсөтүү зарыл.
"Дүйнө рецессияга бата баштаганы ачык болуп калды. Ал 2009-жылы биз жашап өткөн каатчылыктан кем болбойт, андан да жаман болушу мүмкүн",-деди Эл аралык валюта фондунун жетекчиси Кристалина Георгиева.
Эгерде пандемияны ооздуктап, андан майышкан тармактарды түздөөгө мүмкүн болсо, 2021-жылга барып экономика секирик жасашы мүмкүн. Ал үчүн экономиканы гана калыбына келтирүү жетишсиз. Банкрот абалын жана массалык түрдө жумуш орундарынын кыскарышын алдын алуу зарыл. Мунун өзү оңой болбойт, деди фонддун жетекчиси.
Коронавирус айрым өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо тармагын чоң сыноого салып, чабал жактарын ачык көрсөттү. Алгачкы шашылыш жардамдар дал ушул тармакка сарпталды. Убактылуу ооруканаларды даярдоо, жабдыктарды тез арада сатып алуу, медкызматкерлерди жалдоо сыяктуу маселе келип чыкты. Мунун баары кудай жалгап, артта калчу болсо, көп өлкөлөр саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйлөргө олуттуу мамиле жасап, каражат салбаса болбойт. Пандемия чабал жактарынын баарын ачыкка чыгарды.
Бирок экономикалык активдүүлүк кайра калыбына келбесе, кайдагы акча болмок эле. Бизнес сакталып калбаса, салыктар кан буугандай токтойт эмеспи. Ошондуктан алды менен аларды колдоо зарыл болуп калды. Ал үчүн субсидия жана салыктан каникулдар, жеңилдиктер каралышы керек.
Ар бир өлкөнүн өзүнчө рецепттери бар. Алардын көбү болжолдуу антикризистик чараларды жарыялашты.
Дээрлик бардык өлкөлөр кызмат көрсөтүү тармагындагы ишкерлерди колдоо тууралуу айтып жатышат. Кайтарымсыз гранттарды жана чакан бизнес үчүн жеңилдетилген шарттагы насыяларды убада кылышты.
Түз жардам иретинде берилген каражаттар тууралуу айтсак, ар бир америкалык 1200 долларга чейин накталай акча алат. Ал эми жапондор менен гректерге дагы ушундай "белек" убадалап жатышат.
Жеңилдетилген шарттагы насыялар көп жабыр тарткан тармактардагы компанияларга берилет. Тизмени авиация жана туризм тармагы ачып, күн сайын толукталып жатат.
Салыктан бошотуу жеке ишерлерге мүнөздүү. Ирландия Covid-19 вирусунан улам кирешесиз калгандарга аптасына 350 евро убада кылды. Карантинден улам жабыр тарткан фирмалардын кызматкерлерине бюджеттен бөлүп берүүнү чечкен өлкөлөр бар. Маселен Чехия, Нидерланддар жана Улуу Британия бийлиги жеке бизнестеги төлөмдөрдүн 80-90% өзүнө алды. Кыскарып кеткен жумушчуларга бир нече ай компенсация төлөйт.
Мектептер жабык болгон үчүн ишке чыгууга ашыкпай турсун деп, ата-энелерге акча төлөнгөн эмгек өргүүсүн берген өлкөлөр бар. Маселен, Франция бюджеттен эки апталык эмгек өргүүсүн төлөп берет.
Мындай чараларга триллиондогон доллар сарпталат. Акча карызга алынып, аны төлөө кийинки муундун мойнуна жүктөлөт. Бирок жасалма дем болбосо, калк жана бизнес Covid-19 вирусун жашап кете албайт.
"Азыркы кризис - биздин эсибизде кала турган эң масштабдуу жана олуттуу болот",-деди Би-Би-Сиге экономист Лоранс Бун.
"Иш жүзүндө биз олуттуу кризистин алдында турабыз",-дейт ал. Эгерде эпидемияны бир-эки айдын ичинде ооздуктай албасак, ал кийинки кышта кайра кайрылып келет. Ошондо анын кесепети кандай болорун азыр эч ким айтып бере албайт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ким канча убада кылды?
Дүйнөнүн эң бай өлкөсү АКШ коронавируска чалдыккандар саны боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты.
Конгресс экономиканы калыбына келтирүүгө 2 трлн доллар бөлдү. Чакан жана орто бизнес жарым триллион алат. Ал эми майда ишкерлерге жеңилдетилген насыя катары 350 млрд бөлүп беришет. Ушунча суммадагы каражат вирустан улам жумушсуз олтуруп калгандарга төлөнөт. Бул каражаттар АКШ үчүн жылдык ички дүң өндүрүмдүн болжолу 10 пайызы.
Өткөн аптанын этегинде Трамп кол койгон мыйзамды Конгресс бекитип берди.
Дүйнөдөгү экинчи ири экономика - Евробиримдик биргелешкен стимулдар тууралуу бир чечимге келе элек. Ал эми улуттук деңгээлде акчалар суудай агып жатат.
Германия антикризистик чаралар үчүн 150 млрд евродон ашуун каражат бөлдү. Бул өлкө ички дүң өндүрүмдүн 4,5% жана зарылчылык болсо антикризистик пакетти 800 млрд еврого чейин көбөйтө турганын айтты.
Евробиримдиктин коронавирустан эң көп жабыр тарткан өлкөсү Франция 350 млрд евро (15% ИДӨ) бөлүүгө даяр. Италия 25 млрд евро, Испания 10 млрд каражат сарптамак болду. Азырынча бул каражаттар жетиштүү болобу, анысы белгисиз.
Нидерланддар 20 млрд еврого чейин сарптай турганын билдирди. Ушундай эле каражатты Дания, Польша, Португалия, Ирландия жана Чехия бөлдү. Ал эми Австрия, Греция, Швеция, Эстония сыяктуу өлкөлөр алдын ала сарптабай, дароо эле даярдыкта турууну эп көрүштү. Алар жаңы кризис менен күрөшүүгө ИДӨнүн 5-10 пайызын караштырууда. (AbA)








