Карантин бизнес менен экономиканы бууду. Чын эле ушундайбы?

Бир кылым мурун испан тумоосу дүйнөлүк экономиканы оор кризиске батырган. Бирок андан баары эле чыгып кете алган эмес

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бир кылым мурун испан тумоосу дүйнөлүк экономиканы оор кризиске батырган. Бирок андан баары эле чыгып кете алган эмес

Дүйнөнүн көп өлкөлөрү коронавирус менен күрөшүүдө экономикалык чыгымдарына карабастан, карантин чараларын киргизди. Башкалары бизнести "жасалма эстен тандырууга" шашылбай, "оорудан дагы дарысы кооптуу болбойбу" деп тынчсызданып турат.

Катаал чараларга макул болуп, үйүндө олтурганы менен вакцинаны күтүп, качанга чейин камалып олтура берүүгө болот деген нааразылыктар айтыла баштады.

Кимдики туура? Биринчи кезекте кишилерди сактоо керекпи же бизнестиби?

Бул суроого жооп издеген америкалык окумуштуулар 100 жыл мурдакы окуяга кайрылышты. Анда дагы азыркы кырдаал сыяктуу көрүнүштөр болгон.

Карантин жаңылык эмес, мындай чараларды дүйнө жүз жыл мурун дагы көргөн. Планетаны испан тумоосу аралап, 50 миллион кишинин өмүрүн алган. Жер шарынын ар бир үчүнчү жашоочусу ооруга чалдыккан. Тумоо жуктурган ар бир онунчу киши жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Азыркыдай эле 1918-жылы дагы тумоодон сактануунун жолу катары - өзүн изоляциялоо, беткап жана дүкөн, заводдорду жабуу болгон. Ошондо деле кайсыл бир өлкө карантин киргизип, башкалары жөн эле күтүп турган. Жыйынтыгында экономиканы эмес, элди сактагандар утушта болду.

Башында баары эле кыйынчылыкка кептелишти. Бирок тумоодон кийинки кадимки жашоого кайтканда, карантин киргизип, гигенаны сактап, чектөө киргизген өлкөлөр бат ордуна келген.

"Белгилүү болгондой карантинде өлүм-житимдин санын гана азайтпастан, пандемиянын экономикага тийгизген кесепетин дагы жумшарткан",-дейт испан тумоосу боюнча изилдөө жүгүзгөн окумуштуулар. 100 жыл мурунку тумоодон АКШда жарым миллион чамалуу киши өлгөн.

Ажалга тике карап өлүш керекпи же чөгөлөп болсо дагы аман калуу маанилүүбү?

Ошондогу пандемия дагы чыгыштан батышты көздөй толкун-толкун болуп агылган. Биринчи толкун - жаздагысы өтө оор болгон. Ал эми кышкысы бүлгүн салып кеткен.

АКШнын батышындагы Сиэтл жана Лос-Анжелес соккуну акыркылардан болуп кабыл алды. Чыгыш жээктердеги чоң шаарлардан айырмаланып, алар катаал чараларды киргизүүгө жетишкен. Азыр биз күбө болуп жаткандагыдай чаралар. Албетте, ал учурда интернет соодасы, калкты санарип аркылуу көзөмөлдөө деген жок экенин айта кетели.

Мектеп, соода жайлары, театр жана чиркөөлөр жабылган. Жерге берүү зыйнаты сыяктуу эл чогулган иш-чараларга дагы тыюу салышкан. Аралыкты сактоо жана өзүн изоляциялоо чараларын киргизишкен.

1918-жылдагы эпидемия маалы, Чикаго

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1918-жылдагы эпидемия маалы, Чикаго

Ушул сыяктуу испан тумоосунун сабактары Батыш саясатчыларына ишеним берүүдө. Айрымдар үчүн карантин азырынча финалы жазыла элек драма сыяктуу.

"Элди, экономиканы сактап калуу тапшырмасы бири-бирине карама-каршыкелбейт. Эпидемияны ооздуктаган чараларга баруу менен кишилердин өмүрүн сактап, кийин экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүнү тездетебиз",-деди американын расмийлери.

Айрымдар карантин чараларына ашыккан жок. Башында АКШ президенти дагы буга каршы болгон. Азыр эми Дональд Трамп пикиринен кайтып, чектөөлөрдү колдоп жатат.

Баары эле мындайга макул эмес. Бразилиянын президенти Жаир Болсонару Дүнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштарына кескин каршы чыгууда.

Ирандын президенти Хасан Роухани вирусту ирандыктарды коркутуу максатында ойлоп табылган "душмандардын кутуму" атады. Ал элди жумушка чыгууга үндөгөн.

Ал эми белорус лидери Александр Лукашенко эч кандай чектөөлөрдү киргизген жок. "Тизелеп жашагандан көрө, тик туруп өлгөн артык" деп, өз эли үчүн антивирус коктейлин сунуштады: арак, баня, спорт жана талаа жумуштары.

Лос-Анжелестеги эмгек биржасы, 1919-жыл

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лос-Анжелестеги эмгек биржасы, 1919-жыл

Азыркы падемиянын таасирин эмитен айтуу эрте. 1918-жылдагы испан тумоосу АКШдагы өндүрүштүн орточо алганда 18 пайызын кыскарткан. Эгерде карантин чаралары болбосо, кырдаал мындан дагы жаман болмок дейт изилдөөчүлөр.

"Пандемия экономика үчүн зыяндуу. Бирок азыркы заманбап чаралар анын масштабын азайтып, алдыдагы экономикалык кризисти жумшартат",-деп жазат изилдөөчүлөр. Алар Covid-19 менен испан тумоосунун ортосундагы чоң айрмачылыктарга карабай, окшоштуктар көп экенине көңүл бурууда.

"Карантин чараларын кечиктирбей кабыл алган Тайвань жана Сингапур инфекциянын тарашын гана ооздуктабастан, экономикалык жоготууларды дагы жайгара алды. Ошондуктан пандемия маалындагы карантин чараларын экономикага олуттуу сокку катары карабаш керек",-деген жыйынтыкка келет изилдөөчүлөр. (AbA)