Эмне үчүн дарыгерлер коронавирустун оор формасына кабылууда?

Сүрөттүн булагы, official
Кыргызстандын расмийлери өлкөдө коронавирусун жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 32ге жеткенин билдирди.
Алардын жыйырмасы Ош облусунда, жетөө Жалал-Абад облусунда, Бишкекте -4, Баткен облусунда - 1.
"Бүгүнкү күндө COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган дарыгерлерге кенемте төлөп берүү маселеси каралып жатат. Кенемтенин суммасын комиссия аныктайт - бул бир жолку компенсация, ал эми өлүм учуру катталса, башка кенемте каралат", - деп билдирген эле саламаттык сактоо министри С.Абдикаримов.
Соңку расмий маалматта "Өзгөчө кырдаалдар маалында өздөрүнүн кесиптик милдеттерин аткарып жатып ооруга чалдыккан дарыгерлерге жана медицина мекемелеринин кызматкерлерине 200 миң сом төлөнөт. Ошондой эле эгерде каза болуп калса, алардын үй-бүлөсүнө 1 млн сом акчалай компенсация берүү жагы чечилди",-деп айтылат.

Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган жалпы 270 учур катталды. Алардын ичинен:
- Ош облусунда - 97
- Ош шаарында - 33
- Жалал-Абад облусунда - 81
- Баткен облусунда - 4
- Нарын облусунда - 10
- Чүй облусунда - 7
- Бишкек шаарында - 35
- Ысык-Көл облусунда - 3

Эмне үчүн дарыгерлер коронавирустун оор формасына кабылууда?
Дарыгерлер жана медайымдар жана башка оорукана кызматкерлери беткап, коргоочу кийимдерине карабай, эң тобокелчил топко кирет. Аларда илдет дагы оор формада өтүп жатканы айтылды.
Адистердин пикиринде, бул алардын айланасындагы вирустун концентрациясына байланыштуу.
Вирус организмге түшкөндөн кийин клеткаларды жабыркатып, репродукциялана баштайт жана өз алдынча үлгүсүн жаратат. Ал үлгүлөр бир нече күн боюу адамдын организминде топтолуп, бейтаптын абалын оордоштурат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Вирустун концентрациясы канчалык көп болгон сайын, ага байланышкан илдеттин формасы дагы оор болот.
Медкызматкерлер күн сайын вирустук инфекциянын концентрациясы жогору болгон жерде иштейт. Алар вирусту гана жуктуруп албастан, илдеттин оор формасына кабылышат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Менде вирус канчалык көп болсо, анын чөйрөмдөгүлөргө жугузуу мүмкүнчүлүгү дагы ошончо жогору болот",-деп түшүндүрөт инфекциялык оорулар боюнча адис, профессор Уэнди Барклай.
Медиктер бейтап менен өтө жакын аралыкта иштегендиктен көп дозадагы вирусту өзүнө жуктуруп алышы мүмкүн.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, Уханда бейтапка операция жасалган маалда 14 медкызматкерге вирус жуктурган. Бейтапка пландуу операция жасалып, андан коронавирустун белгилери байкалган эмес экен.
"Көп сандагы вирус жуктуруп алган болсо, саламаттыгы жакшы кишилер үчүн дагы күрөшүү кыйынга турат. Организмге канчалык көп вирус түшсө, аны менен иммунитеттин күрөшү дагы ошончолук оор абалда жүрөт",-дейт профессор Барклай. - Эгерде жаныбарларга ар кандай дозадагы вирустарды сайып эксперимент кылып көрсөк, вирус көп болгондорунун абалы оордошот".
Covid-19 организмге кантип түшөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Covid-19 вирусу кишинин өйдөңкү дем алуу органдарына түшүп, дем алуу жана жөтөл аркылуу тарайт.
"Биз дем алып же сүйлөп жаткан маалда абага тамчылар чачырайт",-деди Уэнди Барклай Би-Би-Синин Newsnight программасына берген интервьюсунда. Бул тамчылардын бөлүкчөсү сыртта калып калат. Ошондуктан колду жуугула, аралыкты сактагыла деген талаптар айтылууда.
Канча өлчөмдө ошол абадан дем алып же тамчыны кармап алгандан киши ооруга чалдыгары азырынча белгисиз.
"Кеңири иликтенген грипп вирусунда организм үчүн үч эле бөлүкчө инфекциянын башталышына жетиштүү. Sars-CoV-2 (Covid-19) дозасы азырынча белгисиз болуп турат. Бирок картина ошондой эле болуп калышы мүмкүн",-деп түшүндүрдү эксперт.
Алдыңкы тилкедегилердин тобокелчилиги

Сүрөттүн булагы, Reuters
Азыркы маалда дайыма вирустук чөйрөдө жүрүп жаткан медкызматкерлердин тобокелчилиги канчалык экенин так өлчөө кыйын.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюумунун гана бир катар маалыматтары бар. Маселен, 2003-жылдагы SARS маалында дүйнөдөгү вирус жуктургандардын 21% медкызматкерлерге туура келген.
Азыр деле ошондой эле көрүнүш орун алууда. Айталы, Италияда 6200 ашуун медкызматкер ооруну жуктуруп алган. Ал эми өлкөдөгү жалпы илдетке кабылгандар саны 120 миң ашуун.
Испанияда вирус жуктургандардын 12 пайызын мед кызматкерлер түзсө, марттын башында Кытайда болжолу 3300 дарыгер илдетке кабылган. Ошондо 4-12 пайызга чейин.
Эгерде инфекциянын жайылышын көзөмөлдөө чаралары ишке ашпаса, ооруканалар вирустун очогу болуп калышы мүмкүн. (AbA)












