Коронавирус: азырынча жообу табыла элек суроолор

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Коронавирус пандемиясы башталгандан бери бүтүндөй бир өмүр өтүп кеткендей сезимдебиз. Бирок чынында дүйнө жаңы вирус тууралуу декабрдын этегинде гана билди.
Дүйнөдөгү окумуштуулардын жаны тынбаган эмгегине карабастан, вирустун көп жагдайы белгисиз бойдон турат. Адистер жообун таба албай жаткан суроолор:

Канча киши вирус жуктуруп алды?
Бул базалык, ошол эле мезгилде маанилүү суроолордун бири. Дүйнө боюнча жүз миң миңдеген учурлар катталып, расмий сандар улам берилип жатат. Бирок бул ооруну жуктургандардын бир бөлүгү гана.
Айрым учурда оор эч кандай белгиси жок эле кишиге өткөн учурлар бар. Ошондуктан адистер пандемиянын чыныгы масштабын тесттен өткөрүү менен гана биле алышат.

Коронавирус өмүргө канчалык коркунучтуу?
Азырынча биз пандемиянын чыныгы масштабын жана бейтаптардын так санын биле элекпиз. Жоготуулар саны инфекция жуктургандардын 1% гана барабар деп айтылып жатат. Эгерде вирусту алып жүргөндөр саны көп болчу болсо, анда бул көрсөткүч дагы төмөндөйт.


Сүрөттүн булагы, AFP
Оорунун бардык белгилеринин тизмеси барбы?
Коронавирустун негизги белгиси температуранын көтөрүлүшү жана кургак жөтөл. Айрым учурда бейтаптар тамактын оорусу, баш оору жана көңүл азуу сыяктуу белгилерди айтышкан.
Бирок эң маанилүү суроо - грипп сыяктуу, мурун бүтүү, ушуга окшогон өтө байкалбаган белгилер. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, ушундай белги менен жүргөн кишилер байкабай эле инфекцияны алып жүрө берет. Балдар дагы коронавируска кабылат. Бирок аларда оорунун өтө байкалбаган белгилери болот. Адатта балдар кандай гана инфекция болбосун аны бат таратчуулар болуп эсептелет. Анткени алар тынымсыз катышта болуп турушат.


Сүрөттүн булагы, Getty Images
Коронавирус каяктан пайда болду?
Вирус биринчи жолу 2019-жылдын этегинде Кытайдын Ухань шаарындагы жапайы жаныбарлар сатылган базардан чыкты.
SARS-CoV-2 деген аталыш алган бул вирус жарганаттар тараткан вирустардын түрүнө жакын. Бирок окумуштуулар бул жаңы коронавирус жарганттан башка жаныбарга жугуп, анан белгисиз жаныбардын ортомчулугу менен адамга өткөн деп жатышат. Кантсе дагы анын булагы азырынча тактала элек.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Пандемия жайга чейин уланабы?
Бул тууралуу кеңири маалыматты төмөндөгү макаладан окуп алыңыз:

Экинчи жолу кайталап жугушу мүмкүнбү?
Бул тууралуу кеңири маалымат төмөндөгү макалада:
(AbA)












