Covid-19: Кыргызстанда реагент жетишсиз

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстанда бүгүн Covid-19 жуктурган дагы 14 киши катталып, жалпы сан 130га жетти. Бир киши каза тапты. Ушуга чейин айыккандардын саны бешөө. Кыргызстанда негизги маселе анализ үчүн реагенттердин тартыштыгы болууда. Саламаттык сактоо министрлиги аларды издөө иши жүрүүдө деди.
Кыргызстанда жалпы жакшы болгондордун саны беш киши. Алар Жалал-Абад облусунун жашоочулары.
Бүгүн-эртең үйүнө чыгарылат деген дагы башка бейтаптар бар.
Андан сырткары 14 күндөн бери обсервацияда жаткандар бүгүн чыгарыла баштады. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди:
"Биринчи жана экинчи анализдери вирус жок экенин көрсөтүп, оорунун клиникалык белгилери жок болгондорду обсервациядан чыгарып жатабыз. Аларды үй обсервациясына жиберип жатабыз. Анда дагы 14 күн болуп, үй-бүлөлүк дарыгерлердин көзөмөлүндө турушат. Ал бүткөндө обсервациядан толук чыгат".

Кытайдан келген 21 миң экспресс-тест кечээ Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди.
Ушу тапта Кыргызстанда экспресс-тесттен 60 миң даана бар. Ал эми ПЦР анализ үчүн реагенттерден 3000 изилдөөгө жетчүсү бар.
Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов ПЦР анализ жүргүзүү үчүн реагенттер жетиштүү эмес экенин, бирок аракет кылып жатышканын билдирди:
"Кечээ Беларустан келди: 400 комплект жана 2500 реагент. Биринчи, экинчи баскычта изилдөө жүргүзө тургандардын баары келди. Азыр биздин лабораторияда текшерилип жатат. Жакшы болсо, жер жерлердеги лабораторияларга бөлүп беребиз".
Азыр обсервацияда 1900 адам бар.
Каза болгон Ноокаттын тургуну 61 жашта болчу. Анын башка өнөкөт оорулары да болгон, денеси изилдөөгө алынат.

Сүрөттүн булагы, Gov.kg
Мурдагы вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова вирустун жайылышын чектөө боюнча жумуш жолго коюлганын, үйдөн чыкпай туруу ушу тапта өтө маанилүү экенин белгиледи.
"Коомчулук дагы, адистер дагы чымырканып койсок, вирустун жайылуусун чектегенге мүмкүн. Сузакта, Жалал-Абадда адамдарды үйүнөн чыгарбай катуу көзөмөл кылынды. Вирус катталган башка региондордо да ушундай чаралар көрүлдү. Ушул катуу тартипти кармап койсок, мен баары жакшы болот деп ойлойм", - деди Өмүрбекова.
3-мартка карата вирус жуктургандар менен байланыштагылардын расмий саны 2284.
Республикалык штаб алардын баары табылганын айткан.
Бүгүн жаңы катталгандардан 6 киши Бишкекте, 5 киши Жалал-Абад облусунда, экөө Жалал-Абад шаарында, бирөө Чүйдө. Алардын төртөө сырттан келгендер, ону өлкөдө жуктургандар. (АК)












