“Үйдө болуп, илдетти эмес боорукерликти тараткыла”
Дүйнө жүзүндө көп кишилер үйүндө изоляцияда олтурууга мажбур болууда. Сүрөтчү Стивен Лавкин ушундай абалда олтурган Бруклиндеги жалгыз бой жана үй-бүлөлүү кишилердин сүрөттөрүн тарткан.

Сүрөттүн булагы, Stephen Lovekin/Shutterstock

Башында Лавкин үйүнүн босогосунда олтурган үй-бүлөлөрдү көргөндө, сүрөткө тартууга кызыгып жүргөн. Кийин терезенин артындагы кишилерди тартуу идеясы жаралды.
"Биз терезе аркылуу сырткы дүйнөнү карайбыз. Сырттан бизди караганда рамкада тургандай көрүнөбүз. Кеп ушунда, биз дүйнөнү кандай көргөндүгүбүз",-деди сүрөтчү.

Сүрөттүн булагы, Stephen Lovekin/Shutterstock

Лавкин кимди сүрөткө тартса дагы дүйнөгө жолдой турган эмне сөзүңөр бар деп сураган. Бул долбоор бир аптанын ичинде коомдук сайттарда көптүн көңүлүн бурду. Азырынча коопсуз деп эсептеген автор долбоорун дагы улантууну көздөйт.

Сүрөттүн булагы, Stephen Lovekin/Shutterstock


Сүрөттүн булагы, Stephen Lovekin/Shutterstock

"Азыркы башаламан абалыбызда жана белгисиздик өкүм сүрүп турганда, менин долбоорум кишилерге жардам берет деп ишенем. Бири-биринен алыстап калган кишилер сырткы дүйнө менен байланышын сезет. Биз азыр бири-бирибизден алыспыз жана бул канчага созуларын эч ким билбейт",-деди Лавкин.
"Коопсуз жерде калгыла. Үйдөн чыкпагыла. Менин балдарымдын плакатында жазылып тургандай "жакында баарыбыз чогуу болобуз", ушундай эмеспи".

Сүрөттүн булагы, Stephen Lovekin/Shutterstock


Сүрөттүн булагы, Stephen Lovekin/Shutterstock


Сүрөттүн булагы, Stephen Lovekin/Shutterstock


Сүрөттүн булагы, Stephen Lovekin/Shutterstock


Сүрөттүн булагы, Stephen Lovekin/Shutterstock

Сүрөттөрдүн автордун укугу Stephen Lovekin/Shutterstock



