Глазгодогу COP26 климаттык саммитинде эмнелер макулдашылды?

Климаттык өзгөрүүнү жөнгө салуу үчүн Британия Глазго шаарында COP26 саммитин өткөрдү.
“Глазго климаттык пакты” аттуу келишим түзүлдү. Бирок айрым лидерлер менен активисттер андагы чаралар анча ийгиликтүү болбой калды дешүүдө.
COP26 деген эмне жана ал эмне максатта уюштурулду?
Көмүр, мунай жана газ сыяктуу жерден казылып алынган отунду адамдар жакканы үчүн дүйнө жүзү жылып баратат.
Климаттык өзгөрүүгө байланыштуу катаал аба ырайы - күндүн катуу ысышы, суу ташкыны жана токойлордун өрттөнүшү - көп каттала баштады. Өтүп бараткан он жыл эң ысык жылдардан болду. Мамлекеттер тез арада биргелешип аракетке өтүү керек дегенге макул.
COP26да 200 мамлекеттен 2030-жылга чейин бөлүп чыгарууларды азайтуу боюнча планы суралды. COP “Тараптардын конференциясы” (Conference of Parties) дегенди билдирет жана быйыл 26-саммит өтүп жатат.
2015-жылкы Париж келишиминде климаттык бүлгүндүн алдын алуу үчүн мамлекеттерден күндүн ысышын 2°С жеткизбей кармап калыш үчүн керек болгон өзгөртүүлөрдү киргизүү керектиги жана максаттык температура - 1,5°С болушу керектиги белгиленген.
Максат — 2050-жылга чейин бөлүп чыгарууларды азайтып, таза нөлгө жетүү.

COP26 саммитинде эмнелер макулдашылды?
Пактка ылайык, өлкөлөр өздөрүнүн климат чөйрөсүндө иш-аракеттеринин планын кийинки жылдын аягына чейин кайра жарыялашы керек. Ал 2030-жылга чейин бөлүп чыгарууларды азайтуу максаттарын бийигирээк коюну көздөйт.
Макулдашуу өнүккөн өлкөлөр климаттык өзгөрүүдөн жабыркап жаткан мамлекеттерге бере турган акчаны көбөйтүүгө басым жасайт. Бул учурда максат коюлган $100 млрд башка болушу кажет.
Ал эмне үчүн маанилүү?
Бул макулдашуу юридикалык жактан күчкө ээ эмес болсо да кийинки он жыл үчүн климаттык өзгөрүү багытындагы дүйнөлүк күн тартипти аныктайт.
Ал жетиштүү деңгээлде ийгиликтүү болдубу?
Көмүрдү колдонуудан баш тартуу боюнча бөлүгү алсыз жана мамлекеттерди болгону “арылтылбаган” көмүрдү “бара-бара кыскартууну” гана милдеттендирет. “Арылтылбаган” көмүр жагуу - көмүртекти кармап калбай жана сактабай турган жагуу. Тексттин мурдагы вариантында “бара бара баш тартуу” делген болчу, бирок Кытай менен Индиянын кийлигишүүсүнөн улам соңку мүнөттөрдө өзгөртүү киргизилди.
Ошентсе да макулдашуу казылып алынган отундун “натыйжасыз” субсидияларынан “бара бара баш тартууга” чакырат.
Глазгодо дагы эмнелер макулдашылды?
Көптөгөн жаңы билдирүүлөр болду. Анын ичинде төмөнкүлөр да бар:

АКШ-Кытай кызматташуусу
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кандай билдирүү болду?
АКШ менен Кытай өздөрүнүн күтүүсүз билдирүүсүндө, кийинки он жылда климаттык кызматташтыкты илгерилетерин билдирип чыгышты.
Ар түркүн маселелер боюнча кадамдар макулдашылды. Анын ичинде:
- метанды бөлүп чыгаруу
- таза энергияга өтүү
- көмүртекти бөлүп чыгарууну азайтуу
Биргелешкен декларацияда алар 2015-жылы белгиленген Париж келишиминдеги максаттык 1,5°С температурага жетүү үчүн “биргелешип иштешүүгө бекем милдеттенме аларын” айтышты.
Бул эмне үчүн маанилүү?
АКШ менен Кытай дүйнөдөгү эң ири көмүр кычкыл газын бөлүп чыгаруучулар. Алардын ортосундагы макулдашуу дүйнөдө температуранын жогорулашын 1,5 цельсиядан ашырбай кармап турууда аябай маанилүү.
Кытай жакынкы убакытта өлкө ичиндеги көмүр бөлүп чыгаруулары менен күрөшүүгө белсенбей жаткан эле. Ошондуктан бул билдирүү ыкчам аракет көрүү муктаждыгын тааныганынын белгиси болуп калды.
Ал ийгиликтүү болдубу?
“Гринпис” (Greenpeace) жана башка эл аралык уюмдар биргелешкен билдирүүнү жакшы кабыл алышты. Бирок, аталган уюмдун аткаруучу директору Женнифер Морган эки өлкө тең климаттык максаттарга жетүү үчүн милдеттенме алганын көбүрөөк көрсөтүшү керек деп эскертти.

Бак-дарактар
Кандай билдирүү болду?
Дүйнөдөгү 100дөн ашуун өлкөнүн лидери 2030-жылга чейин токойлорду кыюуну токтотууга сөз берди. Алар дүйнөдөгү токойлордун болжолдуу 85% түзөт.
Бул эмне үчүн маанилүү?
Бак-дарактар көмүр кычкыл газынын (CO2) көп бөлүгүн сиңирип алат. CO2 дүйнөдө күндүн ысышын шарттап жаткан негизги парник газдарынын бири. Ошондуктан токойлорду кыюуну токтотуу климаттык өзгөрүү менен күрөштүн негизги жолу катары каралат.
Ал ийгиликтүү болдубу?
Мурда мындай демилгелер токойлорду кыюуну токтото алган эмес. Бирок мунусу жакшыраак каржыланууда. Ошентсе да бул убаданын кантип ишке ашырылары же көзөмөлдөнөрү түшүнүксүз. Ал эми аталган келишимге кол койгон негизги өлкөлөрдүн бири Индонезия кийинчерээк бул план “адилетсиз” болуп калганын айткан.

Метан
Кандай билдирүү болду?
100дөн ашуун өлкө учурдагы метан бөлүп чыгарууну 2030-жылга чейин 30% кыскартуу схемасын макулдашты.
Бул эмне үчүн маанилүү?
Метан эң күчтүү парник газдарынын бири жана учурда адам жараткан ысыктын үчтөн бирин түзөт. Анын көбү ири мүйүздүү мал чарбачылыгынан жана таштанды чыгаруу өңдүү ар кандай иш аракеттердин натыйжасында келип чыгууда.
Ал ийгиликтүү болдубу?
Эң ири бөлүп чыгаруучулар Кытай, Орусия жана Индия кошулган жок, бирок алар кийинчерээк кошулат деген үмүт бар.

Көмүр
Кандай билдирүү болду?
40тан ашуун өлкө, анын ичинде ири көмүр колдонуучулар Польша, Вьетнам жана Чили, көмүрдөн баш тартууга макул болушту.
Бул эмне үчүн маанилүү?
Климаттык өзгөрүүгө эң көп салым кошкон — бул көмүр. Көмүрдү колдонууну азайтуу багытында макулдашылган болсо да, ал 2019-жылы дүйнөдөгү электр энергиясынын болжолдуу 37% өндүрүү үчүн пайдаланылган.
Ал ийгиликтүү болдубу?
Көмүргө өтө көз каранды болгон дүйнөдөгү өлкөлөр, анын ичинде Австралия, Индия, Кытай жана АКШ кол койгон жок. Ошондой эле, бул макулдашууга мунай жана газ сыяктуу казылып алынган отун кирген эмес.

Акча
Кандай билдирүү болду?
Болжолдуу 450 каржылык уюм “таза” технологияны, мисалы, кайра иштетүүгө болгон энергияны колдоого жана казылып алынган отунду жаккан өнөр жайларга каражат бөлбөөгө макул болушту. Алар ортодо көзөмөлдөгөн сумма $130 триллионду түзөт.
Бул эмне үчүн маанилүү?
Бул демилге таза нөлгө жетүү максатын ишке ашыруу үчүн жеке менчик компанияларды тартуу жана ошондой эле аларды жашыл технология үчүн каражат бөлүүгө милдеттендирүү аракети.
Ал ийгиликтүү болдубу?
Азырынча таза нөлгө жетүү иш жүзүндө кандай болору боюнча ачык аныктма жок. Айлана-чөйрө боюнча иш алып барган айрым уюмдар казылып алынган отунду каржылоону токтотууга көбүрөөк милдеттенме албай туруп мындай демилге менен чыгуу, пиардан бөлөк эч нерсеге деле татыбай турганын айтып келишет.

Мамлекеттер убадасын кантип аткарышат?
COP саммитиндеги милдеттенмелердин көпчүлүгүн ар ким өз алдынча ишке ашырышы керек болот.
Айрым гана өлкөлөр өз убадасын юридикалык жактан бекемдеп алышты. Бирок, таза нөлгө жетүүгө аракет ылдамдаган сайын бул мамлекеттерге дагы бара-бара дем бермекчи.
Аракет көрбөгөн өлкөлөргө санкция киргизүү теориялык жактан мүмкүн. Бирок, ал өз кезегинде ишти илгерилтпеши ыктымал же болбосо мамлекеттерди эл аралык макулдашуулардан чыгып кетүүсүнө жеткириши мүмкүн.
COP26 сыяктуу жолугушуулардын максаты ар бир өлкөнү чоң демилгеге салым кошууга шыктандыруу. (EA)








