Күндүн ысышы менен күрөшүүбү же … : Глазгодогу климаттык саммит кантип жыйынтыкталды?
Алексей Калмыков, Би-би-си

Сүрөттүн булагы, Reuters
Бөлүп чыгарууларды азайтуу боюнча чоң милдеттерди албай эле дүйнөлүк лидерлер Глазгодон кайтып кетишти. Илимпоздор ансыз үстүбүздөгү кылымда эле планета жана адамзат үчүн климаттык катастрофа жараларын болжолдоп жатышат. Саммит жагымдуу сюрприздер жана чоң билдирүүлөр менен коштолду, бирок сөздө да, иште да бир пикирге келе алышкан жок.
БУУнун конференциясына (COP26) катышуу үчүн дээрлик бардык мамлекеттер Британияга барышты. Алар 2015-жылы Париж келишимин түзгөндөн бери иштер кандай кетип жатканын, адамзат дүйнөдө күндүн ысышын кармап туруу тапшырмасын ишке ашыра аларын текшерүү үчүн биринчи жолу жолугушуп жатышат. Окумуштуулар чогулушка чейин эле ишке ашыра албасын түшүндүргөн болчу. Ыкчамыраак иштөө керек дешкен.
Ыкчамыраак аракетке өтүү ишке ашкан жок.
Ачык араздашууга барышкан жок, бирок көңүлдө так калды: баары барган жок, а баргандар болсо же ураан-чакырыктарды айтышып, же болбосо нааразычылыктары менен таарынычтарын билдирип жатышты. Диалог болгон жок, ал эми жалпы максатты көздөй аракетти тездетүү жана курмандыкка барган биримдик жөнүндө сөз түк жүргөн жок.
Бир тобу метанды бөлүп чыгарууну азайтуу боюнча убада берсе, башкалары дагы бир жолу келечекте токойлорду кыйбай турганын айтышты, калгандары болсо барган да жок жана эч кандай жаңы убадаларды берген да жок. Булар эми кошумча, анча деле олуттуу эмес макулдашуулар болчу. Чогулуштун башкы максаты болгон көмүрдөн баш тартып, “жашыл” революцияны тездетүүгө жетишилбей калды.
БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш саммит бүткөндөн кийин Би-Би-Сиге COP26дагы темп менен Париж макулдашуусунун максаттарына жетүү “өтө оор” болорун билдирди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Парижде дүйнөдөгү дээрлик бардык мамлекеттер планетадагы температураны индустриялашууга чейинки 2°С деңгээлде кармап туруу боюнча, мүмкүн болсо 1,5°С жеткирбегенге макулдашкан эле. БУУнун метеорологдору Глазгодо саммит өтүп жаткан күндөрү кабарлагандай, планета мурдагыга салыштырмалуу бир топ ылдамыраак ысып жатат, быйылкы 2021-жылы соңку 170 жыл ичиндеги эң көп ысык болгон жети жылдын бири болгон. Бардык жети учур тең 2014-жылдан бери катталган.
Жашыл революциясыз климаттын өзгөрүшү планетага массалык миграция жана жакырчылык коркунучун жаратат. Жаратылыш кырсыктары бат-баттан катталып, энергияга болгон талап өсүп жатат. Адамдын аракетинен улам пайда болгон күндүн ысышын адам гана токтото алары боюнча окумуштуулардын тыянактары менен бүткүл дүйнө макул болгон.
Азырынча Глазгодо бул боюнча келишим түзүү ишке ашкан жок. Эки күндүк саммит, өлкө башчыларынын жолугушуусу аяктап, конференция менен сүйлөшүүлөр дагы бир жарым жумага созулат.
Универсалдык ковид көйгөйү жана дүйнөлүк энергетикалык кризистен тышкары бул жолугушуу эки себепке байланыштуу ийгиликсиз болуп калды.
Биринчи себеп: ишенбестик
Биринчиден, бай мамлекеттер жыл сайын өнүгүп келаткан экономикаларга бөлүп чыгаруулардын азайтуудан келип чыккан жоготуу үчүн кенемте иретинде бериле турган 100 млрд долларды бөлүп берүү боюнча убадасын аткарган жок. Таарынып калгандар эми көбүрөөк сурай башташты. Индиянын лидери Нарендра Моди саммитте 1 трлн доллардан оозанып жиберди.
Өнүгүп жаткандар алдыңкы мамлекеттерди өз учурунда асманды түтүнгө толтуруп, байып кетишкен деп айыптап жатышат. Соңку бир жарым кылымда атмосферада топтолуп калган көмүр кычкыл газы күндүн ысышын шарттап, эми гана индустриализация баскычынан өтүп жаткандар ал үчүн төлөшү керек болууда.
Глазгодо акча жагынан жардам берүү убадалары жаңырып, бирок ишти ордунан жылдырыш үчүн масса критикалык деңгээлге көтөрүлгөн жок. Модинин триллион жөнөтүү өтүнүчүнө жооп кылып Жапония 10 миллиарддык чек жазып жиберди, Британия менен Италия болсо андан да азыраак.

Сүрөттүн булагы, AFP
“Бул сүйлөшүүлөрдүн эң олуттуу көйгөйү - өнүккөн жана өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн ортосунда ишенимдин жоктугу”, - деди БУУнун Баш катчысы Гутерриш.
Өнүгүп келаткан дүйнөнүн лидери, Кытайдын төрагасы Си Цзинпин болсо келген да жок. Анын үстүнө Кытай азыркы күндө планетадагы бөлүп чыгарган ири булак. Ал милдеттенмени алууга барган жок. Мурда ири булгоочу АКШ эле. Анын келбей койгонуна таарынган Британиядагы конференцияны уюштургандар скайп менен зумду өчүрүп коюшту: жеке өзүңүз кайрылгыңыз келбейби, эч кандай видео кайрылуу болбойт, кат жазыңыз.
Экинчи себеп: АКШ
Өнүгүп жаткан дүйнө менен мунаса табылбай жатканда жол көрсөтүүчүлүктү Батыш өзүнө алышы керек болчу. Ошол жерде да оңтойсуз абал жаралды.
АКШнын президенти Жо Байден ушул ролду аркалоого аракет кылды. Ал Американы Париж келишимине кайтарып келди. Аталган макулдашуудан андан мурдагы президент Доналд Трамп чыгып кеткен болчу. Бирок эки жылда ал коомду жана саясатчыларды 180 градуска бура албай, бөлүп чыгарууларды азайтуу боюнча кандайдыр бир конкреттүү милдеттерди алууга көндүрө алган жок.
Анын үстүнө саммиттин ачылышына карата көмүр энергетикасын шаан-шөкөт менен жерге бериш керек болгон болсо, АКШ былтыркыга салыштырмалуу 20% көбүрөөк көмүр жаккан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнөдөгү эң бай өлкөнүн лидери Глазгого көмүргө кир болгон бош колу менен келгендей болуп калды. Ал жакырыраак өлкөлөрдү бөлүп чыгарууларды кыскартуу боюнча жалпы аракет үчүн көбүрөөк курмандыкка барууга көндүрө алган жок.
Болгону демократиялык лагердеги шериктер гана АКШны жарым жартылай колдошту: Индия бүт бөлүп чыгарууларды 2070-жылга чейин нөлгө түшүрүүгө убада берсе, Бразилия метанды бөлүп чыгаруу менен токойду кыюуну азайтууга сөз берди.
Дегеле эмне боюнча макулдашышты?
Бул саммиттин ийгиликтери: 2030-жылдан кийин токойлорду кыюуну токтотууга жана метанды бөлүп чыгарууну 2030-жылга чейин 30% азайтууга убада берилди. Аларды чоң жетишкендик деп атоо оор.
Токойлор жөнүндө 2014-жылы эле макулдашышкан болчу, бирок андан бери токойлорду кыюу кайра күчөп кеткен. Анын себеби жунглини кыйгандардын ичи тардыгында жана жакырдыгында эле эмес. Өздөштүрүлгөн жерде Бразилия, Индонезия жана башкалар пальма майын, какао буурчактарын жана соя өндүрүп жатышат. Аны болсо өздөрү эмес, дүйнө жүзү пайдаланууда.
Токойлорду кыюу менен күрөшүүгө каршы бөлүнгөн акча күлкү келтирерлик. 19 млрд доллардын 12 млрд жаңы деле эмес, токойлордун өрттөнүшү менен күрөшкө жана түпкүлүктүү элдерге жардам үчүн мурда эле бөлүнгөн мамлекеттик каражат болчу. 7 млрд болсо филантроптор менен бизнестердин кайрымдуулуктары.

Сүрөттүн булагы, AFP
Метан боюнча дагы баары бир беткей эмес.
Күндүн ысышына көмүр кычкыл газына караганда метан көбүрөөк таасир этет. Анын негизги булактары - нефтегаз өнөр жайлары, мал чарбачылыгы жана таштандылар. Аны бөлүп чыгарууну азайтуу - парник газдарын азайтуунун эң кыска жолу, бирок бул жарты чечим. Көмүр кычкыл газы көбүрөөк бөлүнүп чыгарылууда жана ал атмосферада көбүрөөк сакталып калууда.
Батыш дүйнөлүк метан макулдашуусуна Глазгодо жетерине үмүт кылган эле, бирок болжолдуу жүздөй гана өлкөнү көндүрө алды. Бул Париж келишимине кол койгондордун болжолдуу жарымы. Кытай дагы, Орусия дагы, Индия дагы Байденди колдогон жок.
“Тиленгенден башка жолум деле калбады”
Саммиттин жыйынтыгын принц Чарльз чыгарды.
“Соңку 40 жылда дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчунда мындай сөздөрдү канча жолу айтканыма ишеней албай турам. Баары пайдасыз. Азыр болсо тиленгенден башка жолум деле калбады. Бул жолугушуу системалык өзгөрүүлөр эбак эле бышып жетилгенин далилдейт”, - деди британ коронасынын мураскери.
Саммиттин кожоюну, британ премьери Борис Жонсон триумфтан карманды. Ал жашоодогу капкараңгы чыкпас туңгуюкта дагы көбүнчө оптимизм жана метафоралар менен чыгып кетсе дагы, бирок бул жолу ал эмнегедир карманып турду.

Сүрөттүн булагы, PA Media
Ошентип турууга анын жүйөсү бар эле. Саммит көптөн күткөн чоң ийгиликти алып келбегени үчүн гана ишке ашпай калды деп атоого болот. Бирок дүйнө бөлүп чыгарууларды азайтуу багытында жана аны кантип ишке ашыруу боюнча жол издеп баары бир алдыга илгерилей алды.
Глазгодо эч ким климаттын өзгөрүүсү боюнча фактты жокко чыгарууга эфирдик убактысын короткон жок. Кийинки муундун арасында курмандыктарды болтурбоо үчүн азыркы муундун кандай курмандыктарга барышын талкуулашты. Анан ал үчүн ким төлөшү керек экенин дагы.
2015-жылы Париж келишимине эки жүздөй өлкө кол койгондо алар алган милдеттерин беш жыл сайын карап чыгууну макулдашкан болчу. Кийинки текшерүү 2025-жылга пландалууда, бирок БУУнун Баш катчысы Гутерриш дүйнөнү аны беш жылда бир эмес, жыл сайын өткөрүп турууга көндүрүү үмүтү бар экенин Би-Би-Сиге айтты. (EA)








