"Күнөө сенде эмес!" Бишкекте зомбулукту айыптаган акция өттү

Бүгүн, 8-март –Аялдардын эл аралык күнүнө арналган акция "Күнөө сенде эмес!" деген ураандын алдында уюштурулду.
Кыргыз коомунда зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндердин өздөрүн күнөөлөгөндөр, шектүүнү актагандар аз эмес.
Ошондуктан аялдардын укугун коргоого багытталган акция виктимблеминг маданиятын токтотуу талабы менен өттү.
Катышуучулар "Жашасын, аялзат!", "Жашасын, теңдик!", "Жашасын, эркиндик!", "Укук жок жерде коопсуздук жок", "Кыйын кыздын кызымын", "Кыздарды коргойлу", "Ак үйдө кыздар көбөйсүн", "Зомбулук салт эмес", "Аял укугу – адам укугу", "Күнөө сенде эмес", "Аял – жашоо, эркиндик", "Гүл теңдикти алмаштыра албайт" деген ураандарды чакырышты.
"Аялдарды кемсинткендер көбөйдү. Өзү унчупай койсо болмок, чоочун адамдын унаасына отурбай койсо болмок дегендер бар. Аялдардын кийимине асылышат. Ошондуктан биз виктимблеймингге каршыбыз. Биз өз укугубузду коргоо үчүн жыл сайын ушул акцияга катышабыз", - деди иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Айгүл Сторожук.
Бүгүнкү акцияга үч баланын энеси, 47 жаштагы мугалим, былтыр күйөөсү атып өлтүргөн маркум Жибек Урустемованын сиңдиси да келген.
"Менин эжем "эл эмне дейт" деп күйөөсүнөн эрте кетип кала албагандыктан өлдү. Менин эжем өзүн коргой алган жок. Менин эжемди мамлекет коргой алган жок. Коргоо ордери болгонуна карабай, күйөөсүнүн колунан ажал тапты. Мен кыз-келиндерге эжемдин тагдырын кайталабоо үчүн өз укуктарын коргоо канчалык маанилүү экенин айтуу үчүн ушул акцияга келдим", - деди Жибектин сиңдиси Койсун Нурахмед кызы.
Акциянын катышуучулары гендердик теңчилик батыштын идеасы эмес экенин, адам укугу болуп саналарын белгилешти. Алар салт-санааны бузбай тургандыктарын, зомбулукка каршы экенин билдиришти.
Акцияга катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева 90 депутаттын отузу аялдар болгону кыргыз айымдарынын жалпы жетишкендиги экенин, зомбулукту жектеген коомду куруу негизги вазыйпалардын бири экенин айтты:
"Ар башкача ойлоно алабыз. Ар башка пикирде боло алабыз. Бирок баарыбыздын максатыбыз бир. Тынч, бакубат, бири-бирибизди сыйлаган коомдо жашагыбыз келет".
Кыргыз бийлиги аялдарга урмат-сый чоң экенин айтып келет. Ага карабай, былтыр үй-бүлөдөгү зомбулук учурлары мурдагы жылга салыштырмалуу 28% көбөйгөн. Акциянын катышуучусу Азиз айымдарга карата теңсиздик жоюлбай жатканын моюнга алат:
"Менимче, Кыргызстанда калктын жарымын аялдар түзөт. Бирок фемицид токтобой, зомбулуктан улам өлгөн кыз-келиндердин саны өсүүдө. Иш менен камсыздоодо, айлык маяна чектөөдө да айырма айырма бар".
Быйыл акция Горький сейил багында өттү. Кыргыз бийлиги жүрүш уюштурууга уруксат берген жок.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мурдараак, 4-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Аялдардын эл аралык күнүндө Бишкек шаарында жөө жүрүш өткөрүүгө уруксат берүү маселесин көтөргөн. Ал Бишкек мэриясына жана укук коргоо органдарына кайрылып, кыз-келиндерге тилектештик билдирген иш-чара маанилүү экенин айткан.
"Уркуя Салиеванын айкелинен башталып, Горький сейил багына чейин жөө жүрүш кылсак жакшы болмок деп жатышат. Урматтуу укук коргоо органдары, мэр, бул жерде көбүнчө айымдар, жаш кыздар болот. Эми биз аялдардан коркпойбуз го. Оюбузду эркин айталы деген кайрылуулар келип жатат. Мен ушул акцияны чектебей уруксат берели деп суранат элем. Бул улуттук нарк-насилге каршы келет деген ой-пикирден алыс бололу", - деген Сурабалдиева.
Бирок бул билдирүүдөн кийин социалдык тармактардын айрым колдонуучулары депутатты кыргыз коомуна жат көрүнүштөрдү пропагандалап жатат деп айыпташкан.
Эки күндөн кийин 8-мартка арналган демилгенин уюштуруу комитети президент Садыр Жапаровго кайрылып, Бишкек шаарындагы Горький атындагы паркта тынч акция өткөрүүгө уруксат берүүнү өтүнүшкөн.
Алар акциянын максаты – коомчулуктун көңүлүн фемициддин алдын алууга, үй-бүлөлүк зомбулук маселелерине жана аялдардын коопсуздугу менен укуктарын коргоого буруу экенин белгилешкен.
Уюштуруучулар Уркуя Салиеванын айкелинен Горький сейил багына чейин тынч жүрүш кылууну көздөшкөн.
Былтыр Бишекте 8-март күнүнө арналган өнөктүк "Жаша аялзаты, жаша" деген ураандын алдында уюштурулган. Жалпысынан 300дөй киши эски аянттан Максим Горький аянтына чейин басып барган.





























