Климаттын өзгөрүшү: Европадагы нөшөргө адамзаттын таасири барбы?

Мэтт Макгрэт, Жаратылыш боюнча кабарчы

Европада суу ташкыны

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Европадагы июль айында катталган суу ташкыны жана ага себеп болгон кара нөшөргө климаттын өзгөрүшү таасир берген болушу ыктымал экенин окумуштуулар айтып жатышат.

Германия, Белгия жана башка аймактардагы шаарлар менен кыштактарды суу каптап, суу ташкыны бери эле дегенде 220 кишинин өмүрүн алды.

Окумуштуулардын айтымында, күндүн ысышы батыш Европада жамгырдын жаашын тогуз эсеге көбөйткөн.

Адамдардын таасиринен улам аймакта нөшөр 3-19% күчөп кеткен.

Июль айынын ортолорунда Германия, Белгия жана башка жерлерде катталган суу ташкыны синоптиктер менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үчүн күтүүсүз болуп калган.

Адамдар сууга агып, шар аккан суу үйлөрдү, жолдорду жана темир жолдорду кыйраткан.

Германиянын Ар дарыясынын боюнда суу алып кеткен машина

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Германиянын Ар дарыясынын боюнда суу ташкыны алып кеткен машина

Эбегейсиз суу ташкыны 1-2 күн токтобой жааган кара нөшөрдөн улам келип чыккан. Ар кандай жергиликтүү гидрологиялык факторлордун таасиринен жер ага чейин эле былчылдап турган болчу.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Мындай учурларга климаттын өзгөрүшү тийгизген таасирин талдаган Дүйнөлүк аба ырайы борборунун (WWA) изилдөөчүлөр тобу, суу ташкынына себеп болгон кара нөшөргө көңүл бурушкан.

Суу ташкыны тууралуу так маалымат берген айрым гидрологиялык мониторинг системаларын суу бузуп кеткендиктен алар нөшөрдү изилдөөгө токтолушкан.

Кара нөшөр боюнча чогултулган маалыматтар көрсөткөндөй, Германиянын Ар жана Эрфт дарыяларынын айланасындагы жерлер менен Белгиянын Маас аймагында бир эле күндө 90 мм нөшөрлөп жаан жааган.

Окумуштуулар аталган кичинекей аймактарда жамгырдын күчөгөнү боюнча трендди байкап, климаттын өзгөрүшү тийгизген таасир оор болгону жөнүндө тыянак чыгарышкан. Анткени, ал жерде жааган жамгырдын жыл сайын чоң табигый өзгөрүүсү байкалган.

Күндүн ысышынын чыныгы таасирин көрүү үчүн изилдөөчүлөр анализин кеңейтип, батыш Европанын көбүрөөк аймактарында, мисалы, Франция, батыш Германия, батыш Белгия, Нидерланддар, Люксембург менен түндүк Швейцарияга, көз салышкан.

Европада суу ташкыны

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Окумуштуулар аныкташкандай, бул чоң аймакта адамдардын таасиринен улам жаралган климаттык өзгөрүү жай мезгилинин бир эле күнүндө жааган жамгырдын интенсивдүүлүгүн 3 пайыздан 19% чейин күчөткөн.

Күндүн ысышы менен суу ташкынына түрткү болгон нөшөрдүн ыктымалдыгы 1,2ден 9 эсеге чейин өскөн.

Бүгүнкү күндөгү эң ыкчам көрсөткүчтүү изилдөөлөрүнүн көпчүлүгү АКШ менен Канададагы токойлордун өрттөнүшү сыяктуу аптап учурлары боюнча жүргүзүлгөн. Кара нөшөр учурлары боюнча иштөө бир топ кыйынга турат.

“Биз өткөн айдагы өтө жаман суу ташкынына климаттык өзгөрүү тийгизген таасирди түшүнүү үчүн жана ал окуянын эмнесин изилдеп, эмнесин изилдей албасыбыздын аныктап алуу үчүн бир нече илимий багыттагы адистердин билимин айкалыштырдык”, - деди климат изилдөөчү Сюке Филип. Ал Голландиянын падышалык метеорология институтунда иштейт жана WWA тобунун мүчөсү.

Европада суу ташкыны

Сүрөттүн булагы, Getty Images

“Климаттык өзгөрүүнүн нөшөргө тийгизген таасирин жергиликтүү деңгээлде изилдөө оор, бирок биз батыш Европада парник газын бөлүп чыгаруу нөшөрлөрдү көбөйткөнүн көрсөтө алдык”.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, азыркы климатта, батыш Европанын бүт жерлеринде, июль айындагыдай нөшөр 400 жылда бир кайталанышы мүмкүн.

Парник газын бөлүп чыгаруу жана күндүн ысышы уланып жаткан чакта, Европанын айрым аймактарында азап чектирген кара нөшөр көбүрөөк каттала берет.

“Заманбап климат моделдери көрсөткөндөй, кара нөшөр учурлары бара-бара ысыгыраак аймактарга акырындык менен жылып жатат”, - дейт Нюкасл университетинин профессору Хейли Фоулер.

“Бул окуя коомчулуктар азыркы адаттан тыш аба ырайына туруштук бере албасын ачык көрсөтүп турат. Биз мүмкүн болушунча парник газын бөлүп чыгарууну азайтышыбыз керек. Өзгөчө кырдаал боюнча эскертүү жана башкаруу системаларын жакшыртуу зарыл. Өлүм-житимдер менен чыгашаны азайтуу үчүн инфраструктураларыбызды климатка туруштук бере ала тургандай куруу кажет. Аларды адаттан тыш суу ташкынына туруштук бере алгыдай кылып куруш керек”.

39 окумуштуу тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө менен бул жерден таанышууга болот. (EA)