Эмнеге токойлор көп өрттөнүүдө?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Өткөн аптада Түркиянын бир нече аймагында токойлордо өрт чыкты. Өрттү өчүрүү иштери азыркы күнгө чейин уланууда. Соңку жылдары дүйнөнүн ар тарабында токойлордун өрттөнүүсү көбөйгөнүн байкоого болот.
Илимпоздор токойлордо тез-тез өрт чыгып, кырсыктын көп катталып жатканына тынчсызданууда.
Өткөн аптанын акырында Түркиянын 35 облусунда 129 өрт катталган. Анын ичинен 122 өрт учуру көзөмөлгө алынды. Бирок Манавгат, Мармарис жана Бодрум сыяктуу аймактарда өрт өчүрүү иштери азыркы күнгө чейин уланууда. Кырсыктын натыйжасында 8 киши каза болуп, жүздөгөн адамдар жабыр тартышкан.
Өрттөн жабыр тарткандардын саны боюнча эң эле чоң зыянга АКШнын батыш аймагы менен Австралия учураган.
2020-жылдын башында Австралиянын Кобарго кыштагына жетип барган өрт бир нече сааттын ичинде эле аймактагы турак-жайларды кыйратып жок кылган. Өрт жалмап кеткен бул аймак бүгүнкү күндө “Австралиянын кара жайынын” символуна айланып калды.
Австралияда бир нече күнгө созулган өрттө 34 киши каза болгон жана 3 миллиарддай жан-жаныбар өлүп жок болгон. Андан тышкары 186 миң чарчы метр аймак күйүп күлгө айланган.
Жай айларында токойлордо өрт чыгышы табигый көрүнүш катары кабыл алынса да мындай кырсыктар дүйнө жүзү боюнча мурдагыга караганда көбүрөөк, кеңири жана тез-тез каттала баштады.
Айрыкча жай мезгилинде өрт чыкса, саратандагы кургакчылыктан жана анда-санда соккон шамалдын натыйжасында өрт тез эле жайылып кетүүдө.
Өрт өтө тездик менен жайылганда, аны көзөмөлгө алып токтотуу жана турак-жайлар менен башка мал-мүлктөрдү сактап калуу үчүн өрт өчүрүүчүлөр дээрлик эч нерсе деле кыла албай калышат.
Жаратылыштын тарыхы кайрадан жазылууда
Кандай болгон күндө да токойлордун өрттөнүшү көптөгөн чөлкөмдөрдө узак убакыттан бери келаткан табигый кубулуштун бир бөлүгү экенин белгилей кетүү зарыл.
Эгерде өрт табигый жол менен чыкпаганда, азыркы биздин жаратылышыбыздагы көптөгөн түрлөр пайда болмок эмес.
Келечектеги токойлорду өстүрүп пайда кылуу үчүн, өрткө чындап муктаж болгон бак-дарактар да бар.
Мисалы, эвкалипт дарагын алалы. Анын бир түрүндө уруктары чайыр менен капталган. Урук сыртка чыгышы үчүн чайырды эритүү керек, ал үчүн отко муктаждык жаралат.
Убакыттын өтүшү менен кабыгы калыңдашып, ичиндеги даракка суу жана башка минералдарды камсыздоочу маңызын коргоп турган ысык өткөрбөөчү бактардын түрү дагы бар.
Эгерде өрт болбогондо, “өрт экологиясынан” көз каранды болгон же ага ылайыкташкан бак-дарактардын көпчүлүгү жашоо үчүн күрөшүп, айлана-чөйрөнү өзгөртүүгө алып келмек. Натыйжада, түрлөрдүн жашап кетүүсү оорлошмок.
Кырдаал оор
Бирок, бир убактарда экосистема үчүн куткаруучу ролго ээ болгон өрттүн тез-тез чыгып, зыянга учуратып жатканы тынчсызданууну жаратууда.
АКШнын Глобалдык өзгөрүүнү изилдөө программасынын 2017-жылдагы баяндамасында соңку жылдарда “токойлордун өрттөнүшү эбегейсиз көп катталып жатканы” айтылат.
Токойлордо өрт чыгуу коркунучу күчөп, анын себептери катары абанын ысык жана кургак болгону, кургакчылыктын көбөйүшү, ошондой эле өрт мезгилинин узарышы көрсөтүлгөн.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Дагы бир фактор — жаңы зыяндуу заттар менен оорулардын пайда болуусу. Алар өсүмдүктөр менен бак-дарактардын массалык түрдө өлүп жок болуусуна себеп болуп жатат.
Мисалы, зумурут күл курту АКШ боюнча миллиондогон бак-дарактарды жок кылган.
Анын натыйжасында кең талааларда бак-дарактар өлүп кургап, алар өрт чыкканда жалындын андан ары тутануусуна кызмат кылып калууда.
Климаттын өзгөрүүсү боюнча эл аралык панелдин (IPCC) төрүнчү баяндамасында төмөнкүлөр айтылат:
“Токойлордун өрттөнүүсү жана курт-кумурскалардын күчөөсү сыяктуу терс кубулуштар көбөйүүдө. Жер кургап, өсүү процесси дагы узарышы толук мүмкүн. Жай мезгилинин ысыгыраак болушунан улам жыл сайын өрт чыгуу коркунучу дагы 10-30% өсөрү ыктымал”.
Токойлордогу айрым өрттөр чагылган сыяктуу табигый кырсыктан улам чыкса да, көпчүлүк учурда адамдар кокустан же атайылап өрткө себеп болушат.
Илимпоздордун айтымында, токойлордо жашаган жамааттарга өрт коркунучтарына каршы туруштук бере алуусу үчүн чараларды иштеп чыгуу керек.
Мисалы, адамдар отурукташкан жердин айланасындагы аянттарды жөнгө салуу жана өрт коркунучун азайтууга багытталган билим берүү программалары сыяктуу чараларды айтууга болот. (EA)











