Кооптуу коңгуроо: Исландияда көлөмдүү мөңгү эрип жок болду

Сүрөттүн булагы, Rice University/Dominic Boyer/Cymene Howe
Исландияда Окйекудль мөңгүсү менен коштошуу иш-чарасы өттү. Бул мөңгү 700 жыл турган эле. Эми жер бетинен жок болуп кетти.
Расмий түрдө мөңгүнү 2014-жылы эле жок болду деп санашкан. Чоң аймакты ээлеп жаткан мөңгүдөн эми эч нерсе деле калган жок.
Мөңгү менен исландиялыктар жакын кишисин жерге бергендей коштошту. Бул атайын уюштурулган иш-чара эле.
"Мунун сабагын, кесепетин унутпайлы. Көндүм нерсе катары кабылдаганыбыз туура болбойт" деп айтылат коомчулукка жолдонгон кайрылууда.
Мөңгү менен коштошуу иш-чарасына өлкөнүн премьер-министри жана айлана-чөйрөнү коргоо министри келди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Премьер-министр Катрин Якобсдоуттир мөңгү турган жерге чейин барып, атайын эстелик тактасын орнотууга катышты. Окйекудль - Исландия аймагындагы орду менен жок болгон алгачкы мөңгү болуп калды.
"Алдыдагы 200 жылдыкта биздин мөңгүлөрдүн баарын ушундай тагдыр күтүшү мүмкүн. Ошондуктан бул эстелик биздин кандай аракет кылышыбыз керектигин көрсөтүп, өткөндү эске салып турушу керек. Бирок биздин аракеттер майнап чыгабы же жокпу, билбейбиз",-деп айтылды жолдонгон кайрылууда. Кайрылуу исландиялык автор Магнасонго таандык.
"Бул өтө символикалуу учур. Климаттын өзгөрүшүнүн баш-аягы жок. Биз өзүбүзгө бул тарыхый учур экенин эске салып, муну боло келген көрүнүш катары кабылдоодон алыс болушубуз керек. Мунун мааниси кандай экенин түшүнүшүбүз зарыл",-деди Магнасон Би-Би-Сиге берген интервьюсунда.

Сүрөттүн булагы, Josh Okun
Исландиянын метеорологиялык кызматынын гляциологу Оддур Сигурдссон 2014-жылы мөңгү жок болуп баратканы тууралуу биринчилерден болуп кабарлаган.
Сигурдссон соңку элүү жылдан бери мөңгүлөрдү сүрөткө тартып жүргөн. 2003-жылы бул мөңгүгө кар турбай жатканын байкап калган.
"Кар аз жааса керек деп ойлодум. Мөңгүнүн өзүнө жетүүгө аракет кыла баштадым. 2014-жылы гана мөңгүгө барууга мүмкүн болду. Ошондо мөңгү мурдакыдай эмес экенин көрдүм. Биз мындай мөңгүлөрдү "өлүү мөңгү" деп атайбыз",-дейт Сигурдссон.
Гляциологдун айтымында мөңгүдөгү муздун калыңдыгы 40-50 метр болушу керек. Андай болбой калса, мөңгү ээрип жок болуп баштаганы ошол.
Мөңгү жайгашкан чокуда вулкан дагы бар. 2014-жылы Сигурдссон менен чогуу журналисттер тобу дагы барып келишкен.

Сүрөттүн булагы, EPA/NASA
Бирок анда мөңгү жок болуп баратканы тууралуу кабарлар көптүн көңүлүн деле бурган эмес.
"Мен үчүн таң калыштуу болду. Калк жыш жайгашкан аймактардан мөңгү көзгө көрүнүп тураар эле",-дейт окумуштуу.
Антропологдор Симн Хоуи менен Доминик Бойер 2018-жылы мөңгүнү жок болушу боюнча документалдык тасма тартышкан. Мөңгүгө мемориалдык такта орнотуу идеясы дагы Техас университетинин ушул эки профессоруна таандык.
Сигурдссон исландиялык мөңгүлөрдү тизмектеген эле. 2000-жылы бүтүндөй арал боюнча 300дон ашуун мөңгүнү тактаган. 2017-жылга анчейин чоң эмес болгон 56 мөңгү жок болуп кетти.

Сүрөттүн булагы, Josh Okun
"150 жыл мурун бир дагы исландиялык мөңгүлөрдүн абалы ушунчалык кабатыр кылат деп ойлобосо керек. Азыр эми алар ээрип жатканда, кишилер табияттагы мөңгүнүн канчалык керемет экенин түшүнө баштады".
"Кылымдап турган мөңгүлөргө Исландия элинин тарыхы сиңген. Алар жок болуп кеткенге чейин, биз бул тарыхты калыбына келтиришибиз керек",-дейт Сигурдссон. (AbA)









