Климаттык өзгөрүүнүн дүйнөлүк коопсуздукка коркунучу

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Климаттык өзгөрүү биздин коопсуздукка коркунуч түзүүдө",-деп белгиледи Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешиндеги кайрылуусунда Британиянын лидери Борис Жонсон.
Британиянын премьер-министри 1992-жылдан бери Коопсуздук кеңешинде кайрылуу жасай элек эле. Жонсондон тышкары белгилүү журналист жана эколог Сэр Дэвид Аттенборо, БУУнун башкы катчысы Гуттериш жана судандык климат боюнча активист Нисрин Элсайм дагы сөз сүйлөдү.
Британия бул айда Коопсуздук кеңешинин төрагасы жана ноябрь айында климаттын өзгөрүшү боюнча COP26 аттуу ири эл аралык конференция өткөрөт. Бул иш чарага Кыргызстан дагы катышат.
Гласго шаарында өтө турган COP26 саммитине дүйнөнүн лидерлери катышып, климаттын өзгөрүүсү боюнча эң маанилүү жыйындардын бири болот деп күтүлүүдө. Мындай жолугушуу акыркы жолу 2015-жылы орун алып, анда климат боюнча Париж келишимине кол коюлган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Борис Жонсон кайрылуусунда Коопсуздук кеңешинде "климат сыяктуу жеңил теманы" көтөрүүгө каршы чыккандар болушу мүмкүн экенин белгилеп, бирок ал "бул пикирге кошулбайм" деп айтты. Британ лидери Коопсуздук кеңешинин эң негизги максаты "тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту" сактоо экенин эскертти.
"Жагабы же жакпайбы, макулсузбу же жокпу, сиздин өлкө жана жарандар климаттын өзгөрүүсүнүн коопсуздукка түзгөн коркунучу менен алпурушууга аргасыз болот",-деди Жонсон.
Greenpeace уюмунун өкүлү болсо дүйнөдөгү мамлекеттер, анын ичинде Британия климат жөнүндө сөз кылып, иш жүзүндө жетиштүү чара көрбөй жатканын белгиледи. Ал өнүккөн мамлекеттер арасында эки жүздүү мамиле кылгандар көп болуп жатканын айтты.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Белгилүү эколог Сэр Дэвид Аттенборо климаттын өзгөрүүсү коопсуздукка түзгөн коркунучту жеңил-желпи кабыл албоого үндөдү. Ал аба ырайы өзгөрүп жаткандыктан "токойлор чөлгө айланып, чоң шаарлар суу алдында калуунун алдында турганын" баса белгиледи.
"Эч өзгөрүүсүз ушул багытта кете берсек, коопсуздук деп саналган түшүнүк кыйрайт. Мен азык-түлүк тартыштыгы, таза суу таңкыстыгы, мурда болуп көрбөгөндөй аптап жана океандагы суу жандыктардын системасына түзүлгөн коркунуч тууралуу сөз кылып жатам",-деди ал.
Сэр Аттенборо COP26 конференциясында климаттын өзгөрүүсүнө багытталган сүйлөшүүлөр, жаңы технология жана дүйнөлүк коомчулуктун бул маселеге кабардар болгону "үмүттүн пайдубалы" болорун кошумчалады.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин беш туруктуу мүчөсү бар - Орусия, Кытай, Франция, Британия жана АКШ. Ошондой эле 10 мамлекет эки жыл сайын алмашып турат.
Климаттын өзгөрүүсү Кыргызстанга кандай коркунуч жаратат?
Жергиликтүү экологдор Борбор Азия регионунда Кыргызстан климаттын өзгөрүүсүнөн биринчи жабыркай турган өлкө экенин белгилеп келишет. Климаттын өзгөрүүсү жана глобалдык жылуулануунун кесепеттери өлкөдө эмитен эле байкалууда.
Айталы, окумуштуулар Кыргызстандагы мөңгү аянттары кыскарып жатканын маалымдашууда. Айрым изилдөөлөр боюнча Кыргызстанда соңку элүү жыл ичинде мөңгү аянттары орточо эсеп менен 16 пайызга кыскарган. Чоң мөңгүлөр майдаланып кеткен учурлар бар.
"Мөңгүлөр кандай кыскарат деп алсак, өрөөн мөңгүлөрү деп коёбуз, булар бир жылда орточо алганда 8 метрге чейин кыскарууда. Ал эми чоң мөңгүлөрдөгү кыскаруулар мындан бир топ эле көп, 50-60 метрге чейин жеткендери бар. Анан эң аз кыскарганы тоо капталында асылып турган кичинекей мөңгүлөр - 2 метрге чейин азайып жатат",-деди изилдөөчү Рыскул Усубалиев.
Эл аралык окумуштуулар мөңгүлөрдүн эригени суунун көлөмүн убактылуу көбөйткөнү менен, келечекте суу таңкыстыгына алып барышы мүмкүн экенин дагы эскертишкен.
Бул өз кезегинде азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч түзөт.
"Кышында кар жаабай, жаан жаап атат. Абанын температурасы кескин өзгөрүп, сел, жер көчкү, кургакчылыкты шарттап жатат. Климаттын өзгөрүүсү айыл-чарба, малчылыкка зыянын тийгизиши мүмкүн. Жакынкы келечекте биз мурункудай, биз көнгөндөй чарба алып бара албай калабыз. Андыктан эмитен чараларды башташ керек", -дейт жашыл экономика боюнча иш алып барган "Юнисон Групп" уюмунун башчысы Нурзат Абдрасулова.
БУУнун эң соңку маалыматы боюнча дүйнөдө 1 млрд киши жетиштүү тамактанбайт. Бул деген планетанын ар бир сегизинчи тургуну өлбөстүн күнүн көрүп жатат дегендик. Коронавирус кризисинен улам алардын саны быйыл 130 млн кишиге көбөйүшү мүмкүн.
Климаттык боюнча Париж келишимин Жогорку Кеңеш 2019-жылы ратификациялаган. Бул келишим аркылуу Кыргызстан сыяктуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөр зыяндуу газдардын абага бөлүнүшүн кыскартып, өнүккөн өлкөлөрдөн каражат алууга мүмкүнчүлүк алат. Бай мамлекеттер 2020-жылдан тарта климаттын өзгөрүүсү менен күрөштө жыл сайын 100 миллиард доллар бөлүп турарын убада кылган.
















