Коронавирус артынан кургакчылык, ачарчылык...

Сүрөттүн булагы, AFP
2020-жылы планетада бир катар табигый кырсыктар дагы күтүлөт. Табигый катаклизм жакыр өлкөлөргө оор көйгөй алып келет жана АКШ менен Европа дагы олуттуу маселеге туштугат деп эскертүүдө эл аралык уюмдар жана метеорологдор.
Дүйнөлүк океандар мурда болуп көрбөгөндөй жылыйт. Европа менен Америкада кургакчылык болот. БУУнун маалыматы боюнча жакыр өлкөлөр ири гуманитардык кризиске кабылат.
Азыр ресурстардын көбү Covid-19 менен күрөшкө сарпталып жатат. Дарыгерлер менен куткаруучулардын колу бош эмес, ал эми бюджетте ашыкча каражат жок. Фермерлер, бизнес жана транспорт кыймылы карантиндин жасалма эстен тандыруу абалына түштү. Кудай анын бетин ары кылсын, бирок ушундай шартта кандайдыр бир табигый кырсык жүз берчү болсо, кырдаал колдон чыгып кетиши мүмкүн.
Климат боюнча дүйнөдөгү эң ири базалардын бири - америкалык National Centers for Environmental Information (NCEI) маалыматында, 2020-жылдын март айында планета катуу жылыды. Албетте, бул дүйнө жүзү боюнча карантин өкүм сүрүп, өндүрүш менен транспорт токтогон шартта дагы болуп олтурат.
"Экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшү менен аба мурдакыдай булганбай калды. Бирок көмүр кычкыл газы бир сааттын ичинде жок болуп кетпейт. Пандемия климаттын өзгөрүшүнө тийгизген биздин таасирлерди бир аз гана жумшартты",-дейт Бристоль университетинин профессору Даниэла Шмидт.

Сүрөттүн булагы, AFP
Бул жолу март айында дүйнөлүк океан мурдагы орточо көрсөткүчтөн 0,8 градус жылуу болгон. Океан канчалык жылуу болсо, куюн (ураган) дагы көп катталат. Ири экономикалардын ичинен куюндун соккусу көбүрөөк АКШга тийет. Жарым жылга созулган куюн сезону бул өлкөдө июнь айында башталат.
Инди океанынын батыш бөлүгүндөгү температуранын жылышы жай айынын кургакчыл болушун шарттап, Австралия токойлорундагы өрттү пайда кылат. Атлантиканын түндүгү жылыганда, Амазонканын токойлору өрттөнөт.
Өткөн жылы Европа болуп көрбөгөндөй ысыды. Муну Copernicus Climate Change Service (C3S) маалыматтары ырастайт. Мындай аба ырайы бир нече ирет катталды. Быйыл Европанын борбордук бөлүгүндө - Женева жана Гренобль аймактарында 40 күн жамгыр жааган эмес. Акыркы жолу ушундай аба ырайы XIX кылымдын соңунда болгон экен. Ушул аптада гана кудай жалгап, жамгыр жаады.
Украина менен Румыниядагы суу сактагычтар эң төмөнкү чегине түшкөн. Франциянын айыл чарба жерлеринин көбү кургап калды деп фермерлер тынчсызданууда.

Сүрөттүн булагы, AFP
Германияда дагы ушундай эле абал. Бирок алар дүрбөлөң түшкөн жок. Өткөн эки жыл кургакчыл болду деди айыл чарба министри Юлия Клёкнер.
"Көптөр ачык аба ырайына кубанып турушат. Бирок фермерлерде тынчсыздануу бар. Алар өткөн эки жылдагы кургачылыкты унута элек. Кургакчылыктан улам алар кирешелеринен кол жууп калган",-деди министр.
Буудайды көп өндүргөн Орусия менен Казакстан Европадагы ири атаандаштары жабыркап жатканын көрүп, данды сыртка чыгарууну чектеди. Алар бай өлкөлөрдө талап күчөп, экспорт өсүп, ички базарларда таңкыстык жаралат деп чочулашкан.
Кургак аба ырайы Американын дагы бир катар өлкөлөрүндө байкалды. Азырынча чыгымдар тууралуу айтууга эрте. Алдыдагы эки-үч апта дан эгиндеринин, тоюттун кандай болорун көрсөтөт. Өткөн жылы түшүм көп өлкөлөрдө өтө жакшы болуп, дүйнөлүк запас рекорддук деңгээлде жыйналган. Ошону менен көңүлдү жубатып турса болот беле? Айттырбай келген коронавирус пандемиясы кырдаалга жаңы түс берди. Пандемия дүйнөлүк азык-түлүк базарындагы логистиканы бузду. Кампаларда жана порттордо жумушчу күчү аз болуп, жүк тарткан унаалардын көбү токтоду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Германиялык фермерлер жумушчу күчүнө муктаж болуп турат.
Ачарчылык жана чегиртке
Бай өлкөлөрдү коронавирус пандемиясы чоң чыгымдарга алып келди. Мунун өзү алардын жакыр өлкөлөргө жардам берүүдөн баш тартуусуна шылтоо болуп калышы мүмкүн. Пандемияга чейин эле БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу директору Дэвид Бизли 2020-жылы ири гуманитардык кризис болорун дүйнө лидерлерине эскерткен эле.
Быйыл ондогон жакыр өлкөлөр масштабдуу ачарчылыкка кириптер болушу мүмкүн. Он миңдеген, жүз миңдеген кишилер өлүшү мүмкүн. Ошондуктан муну болтурбоо үчүн жардамдарды кырскартпай, көбөйтүү керек, дейт Бизли.

Сүрөттүн булагы, AFP
БУУнун эң соңку маалыматы боюнча дүйнөдө 1 млрд киши жетиштүү тамактанбайт. Бул деген планетанын ар бир сегизинчи тургуну өлбөстүн күнүн көрүп жатат дегендик. Коронавирус кризисинен улам алардын саны быйыл 130 млн кишиге көбөйүшү мүмкүн. Бизли эскерткендей, 265 миллион киши ачкачылыкка кабылат.
Ал жетектеген БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы - эң ири гуманитардык уюм. Бул аркылуу күнүгө 100 млн киши жан сактайт. Эгерде бул жардамдарды токтотуп койсо, күн сайын ачарчылыктан 300 миң киши көз жумат.
"Биз бир гана глобалдык пандемия менен эмес, глобалдык гуманитардык катастрофа менен дагы бет келдик",-деди Бизли.
Ал ортодо кыштын жылуу болушунан чегиртке көбөйүп, бир катар өлкөлөрдүн тынчын алды. Дүйнө коронавирус менен алышып жатканда, чегирткелер Жакынкы Чыгыш, Африка, Азиянын 23 өлкөсүндө жайылды. Өзгөчө Африкада эгин эми жерден көтөрүлгөн учурда чегиртке басты. (AbA)












