Гренландияда муз өтө тездик менен эрип жатканы белгилүү болду

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Гренландиялык муз калканы - дүйнөдөгү чоңдугу боюнча экинчи орунда турган мөңгү жана аянты дээрлик эки миллион квадрат километрди түзөт.
Айрым жерлерде муздун калыңдыгы эки-үч километрге жетет. Эгерде бул эрип кетсе, планетадагы деңиз деңгээли жети метрге чейин көтөрүлмөк.
2019-жылы муздун эриши рекорддук көрсөткүчтө болгон. Бир жыл ичинде мөңгү 600 миллиард тонна музду жоготкон. Муну менен деңиз деңгээли 2,2 миллиметр көтөрүлгөн.
Окумуштуулар Марко Тедеско менен Ксавье Феттвейс мындай абал планетадагы абанын орточо температурасынын өзгөрүшүнөн гана көз каранды эмес дейт. Буга аймактагы "уникалдуу атмосфералык шарттардын" таасири тийди. Тагыраагы, күн чайыттай ачык болуп турган учурлар көп болгон.
Бул ондогон жылдардан бери уланып жаткан тенденция. Өткөн жылдын декабрь айында окумуштуулар мөңгү 1990-жылдарга салыштырганда, жети эсе тездик менен эрип жатканын эсептеген.
2019-жылы Гренландияда жогорку атмосфералык басым жайында көпкө чейин кармалып турган - 92 жайкы күндүн 63 күнүнө чейин. Гренландиядагы жогорку басымдын жайдагы орточо көрсөткүчү 23 күндү түзөт.
Окумуштуулардын айтымында, глобалдык жылуулануу айынан Антарктида материгин көздөй ысык шамал үйлөп, муз катмарын жана мөңгүлөрдү эритип жатат. Би-Би-Синин "Сапарында" ушул тууралуу сөз болгон.
Андан сырткары окумуштуулар кар дагы аз көлөмдө жаап жатканын айтып келүүдө. Маселен, окумуштуулар эсебинде, өткөн жылы Гренландия муз калканына болжолу 50 млрд тонна кар жаап, өткөн жылдардан кыйла аз түшкөн.
Айрым жерлерде кар жок болгондуктан муз жалтырап көрүнүп калды. Үстүндө кар болбосо муздун ээриши тездейт.

Сүрөттүн булагы, Iceland met office

Сүрөттүн булагы, Iceland met office
Өткөн жылдын октябрында Шотландия жана Исландия окумуштуулары 1980-жылдардагы сүрөттөрдү азыркы абалына салыштырып көрүштү. Ушул фотодолбоордон улам Исландиядагы мөңгүлөр канчалык кыскарганы белгилүү болгон.
(AbA)













