Эверест: Бат ээрип жаткан мөңгү, муз алдынан табылган сөөктөр

    • Author, Навин Сингх Хадка,
    • Role, Би-Би-Си

Акыркы жылдары Эверест (Жомолунгма) тоосунан альпинисттердин сөөктөрү көп табылууда. Муз бат ээригендиктен бир топ жыл мурун табылбай, кар алдында калган сөөктөр чыгып калган.

Кхумбу

Сүрөттүн булагы, Frank Bienewald

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Альпинисттердин сөөктөрү көп учурда тоонун Непал тарабындагы Кхумбу мөңгүсүнүн табылчу

Акыркы он жылда тоонун чокусуна чыгам деп белсенгендердин арасында жаза тайып, мүрт кеткендер көп катталды. Каза тапкан альпинисттер саны 300гө чамалайт. Алардын үчтөн экиси кар жана муз алдында тоңуп, сөөгүн алып чыгууга мүмкүн болбой калган.

Кишилей жоготуулар көп катталган учур 2015-жылга туура келет. Бул сезондо кар көчкүдөн 24 киши каза тапкан.

Бүгүнкү күнгө чейин Эверестти багындаргандар саны 4 миңге барат.

Соңку маалыматтар Эверест аймагында, бүтүндөй эле Гималайда мөңгүлөр бат ээрип жатканын көрсөтөт.

2015-жылдагы изилдөөлөр көрсөткөндөй, альпинисттер чокуга чыгып бара жатканда кесип өткөн Кхумбу мөңгүсүндөгү ала-телек жерлердин аянты кеңейип жатат.

№4 лагер аталган аймакта каза тапкан альпинисттердин сөөгү көп табылууда. 2016-жылы непалдык аскерлер Имжа көлүн соолутууга аргасыз болду. Анткени муз бат ээригендиктен көлгө суу толуп, кооптуу абал түзүлгөн.

№4 лагер аталган аймакта каза тапкан альпинисттердин сөөгү көп табылууда

Сүрөттүн булагы, DOMA SHERPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, №4 лагер аталган аймакта каза тапкан альпинисттердин сөөгү көп табылууда

Британдык гляциологдор тобу дагы мөңгүдө изилдөөлөрдү жүргүзүп, аймакта температура көтөрүлүп жатканын айткан.

"Глобалдык жылуулануудан улам тоо чокуларындагы мөңгүлөр бат ээрип, кар жана муз алдында калгандардын сөөгү көрүнүп калып жатат",-деди Непал альпинисттер ассоциациясынын мурдагы президенти Анг Тенцинг. -Биз каза тапкан альпинисттердин сөөктөрүн тоодон түшүрүп берчүбүз. Бул жолку табылган сөөктөр бир топ жыл мурун каза тапкандарга таандык".

2017-жылы №1 лагерде мурда мерт болгон альпинисттин сөөгү табылган. Анын колу сыртка чыгып калгандан кийин казып алышкан. Непалдын мыйзамдары мындай сөөктөрдү сөзсүз жерге берүүнү милдеттендирет. Бул үчүн жергиликтүүлөрдөн атайын жумушчулар жалданып, сөөктөрдү тоодон түшүрүп беришет.

Көп өтпөй эле мөңгүнүн муз ээрип кеткен жеринен дагы бир сөөк табылган. Кийин бир топ жерден мындай сөөктөрдү алып келишти. Непал менен Кытайдын чек арасы кесип өткөн тоонун аймагынан дагы альпинисттердин сөөгү чыккан.

Ээрип жаткан мөңгүлөр

Бирок бардык учурда эле сөөктөр ээриген мөңгүнүн алдынан чыкпайт. Альпинисттердин пикиринде, Кхумбу мөңгүсү төмөн көздөй жылып турат. Ошондуктан артында жылаңач аскалар көрүнүп турат.

Кхумба мөңгүсүндө ала-телек жерлер көбөйдү

Сүрөттүн булагы, C. SCOTT WATSON/UNIVERSITY OF LEEDS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кхумба мөңгүсүндө ала-телек жерлер көбөйдү

"Кхумбу мөңгүсү жылып турган үчүн биз көп учурда каза тапкан альпинисттердин сөөктөрүн өткөрөбүз,-дейт Непал альпинисттер ассоциациясынын вице-президенти Тенцинг Пандей Бхоте. Эми мындай караганда, альпинисттердин баары эле мындай көрүнүш менен бет келгенге психологиялык жактан даяр болушат".

Көптөгөн жылдар бою өтө татаал аймактарда альпинисттер жаза тайып, мертинген жерлер башкалар үчүн болжолдуу белги болуп кызмат кылды.

Маселен, 1996-жылы каза тапкан индиялык Цеванг Палжордун кырсыкка кабылган жери 8500 метр бийиктикти көрсөтөт. Аны "Жашыл ботинка" деп атап алышкан. Бул каза тапкан альпинисттин бут кийиминин түсүнө байланыштуу аталган.

Шарты катаал аймактардан сөөктөрдү алып кетүү кымбатка турат. Мындай операцияны ишке ашыруу үчүн орточо алганда, 40-80 миңдей доллар чыгымдалат.

"Мындай өтө оор экспедициялардын бири 8700 метр бийиктикте, дал ошол чокуда каза тапкан альпинисттин сөөгүн алып түшүү болду. Бираз мурда эле каза тапкан альпинисттин сөөгүнө муз тоңуп, оор болуп калыптыр - 150 кг. Анан калса, сөөктү өтө татаал аймактан алып түштүк",-деп айтып берди Анг Тенцинг. (AbA)