Алдыдагы 50 жылга болжонгон ысык температура эмитен эле байкалууда

A man drinks water from a bottle in front of a hot Sun

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңы изилдөөгө ылайык, ысык аптап менен нымдуулук эмитен эле айрым аймактарда байкалууда

Климаттын жылуулануусунан улам 2070-жылы планетанын айрым аймактарындагы температура кескин жогорулап, ал жерде жашоого мүмкүн болбой калары айтылат.

Эми абройлуу Science Advances журналына жарыяланган жаңы изилдөөгө ылайык, мээ кайнаткан ысык аптап менен акактаткан нымдуулук эмитен эле катталууда.

Азырынча коркунучтуу делген күндүн ысыгы менен нымдуулук бир нече саатка гана созулууда. Окумуштуулар 1980-жылдан тарта 2019-жылга чейин 7877 аба ырайын көзөмөлдөгөн борборлордон алган маалыматты изилдеп чыгып, ушундай тыянак чыгарышты. Эгерде ысык аптап менен нымдуулук узак мөөнөткө уланса, ошол аймакта жашоого мүмкүн болбой калат.

Күн катуу ысыган жана нымдуулук көтөрүлгөн аймактар

Индия, Бангладеш, Пакистан, Австралиянын түндүк-батыш тарабы жана Мекскада кооптуу көрүнүш байкалган. Ошондой эле Сауд Арабиянын Дахран/Дамман шаарларында, Катардын баш калаасы Дохада жана Бириккен Араб Эмирлигинин Рас-Ал-Хайма калаасында өтө ысык аба ырайы 14 жолу катталды. Бул аймакта эки миллиондон ашуун киши жашайт.

A man and two children in traditional dress stare across water at a city in the Persian Gulf

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Перс булуңу менен ага жакын жайгашкан аймактар коркунучта

Азия континентинин айрым өлкөлөрүндө, анын ичинде Кытайдын түштүгүндө дагы күндүн катуу ысыганы байкалган. Дал ушундай коркунуч АКШнын айрым аймактында дагы катталды.

Кандай учурда коркунучтуу деп эсептейбиз?

Аба ырайына көзөмөл жүргүзгөн борборлордун көбү эки термометрды колдонот. Биринчиси абанын температурасын өлчөсө, экинчиси абанын нымдуулугуна байкоо салат. Телевизор, уюлдук телефондордо көрсөтүлгөн температура биринчи термометрдан алынат.

Ысык аптап менен нымдуулуктун бир учурда жогору болгону адам баласынын ден-соолугуна зыян. Ошондуктан экинчи термометрдын көрсөткүчү абдан маанилүү. Адамдын организминин температурасы 37 градус, териси болсо 35 градус. Денедеги ички температура менен териники айырмаланып турганы үчүн организм тердеп, денени муздата алат. Дене ысыганда организм ашыкча ысыкты тер аркылуу чыгарат эмеспи.

Бул система кургак, чөл сыяктуу аймактарда мыкты иштегени менен, нымдуу жерлерде организм бир топ кыйналат. Себеби организм денени муздатуу үчүн тер бөлүп чыккан сайын, аба ырайы нымдуу болгону үчүн дене муздабайт.

Демек, нымдуулукка байкоо салган (экинчи термометр) 35 градуска чыкса, дене тердей албай калат. Мыдай учурда организм тер аркылуу денени муздатпай калат, ички органдар четинен жабыркап иштебей калышы ыктымал.

Ден-соолугу чың, өмүр бою спорт менен алектенип келген киши дагы алты сааттын ичинде көз жумат.

The Sun sets on a beach as two people sit by a lookout tower

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШда ысык температурадан суу ташкын, бороон сыяктуу башка табигый кырсыктарга салыштырганда көбүрөк киши көз жумат

Азыркыга чейин нымдуулуктун деңгээли 31 градустан жогору чыга элек. 2015-жылы гана Ирандын Бандар Махшахр шаарында нымдуулуктун темпуратурасы 35 градуска жакындаган, абанын температурасы 43 градусту көрсөткөн.

Жаңы изилдөөгө ылайык, Перс булуңунда нымдуулуктун деңгээли ондон ашуун жолу 35 градуска жеткен. Бирок бир-эки сааттын ичинде кайра төмөндөгөн.

"Перс булуңунда ысык аптап температуранын жогорулашы эмес, нымдуулуктан улам пайда болот. Азырынча нымдуулуктун жогорку чекке жеткени өтө көп каттала элек, ошондуктан изилдөөлөр жетишсиз. Бирок мындай жагдай 2000-жылдан бери катталып жатканы талашсыз",-деди Колумбия университетинин окумуштуусу Колин Рэймонд.

Буга чейин аба ырайы саат сайын изилденилбегендиктен, мындай абалды эч ким байкаган эмес. Жаңы изилдөөдө окумуштуулар бир күндүн ичинде катталган ар бир сааттын температурасын дыкат карап чыгышкан.

"Биздин изилдөө коркунуч түзгөн аптам менен нымдуулук 2100-жылдары кадыресе көрүнүш болуп каларын колдойт. Бирок мындай жагдай эки саатка болсо дагы эмитен эле катталып жатканын далилдедик. Ошондуктан кошумча изилдөөлөр керек",-дейт Колин Рэймонд.

Океандын жээгинде, булуң же кысыкта жайгашкан аймактар келечекте чоң коркунучка кабылышы ыктымал. Бул аймактарда деңиз буулангандыктан нымдуулук жогору болуп турат. Мунун менен бирге температура дагы көтөрүлсө, адам баласы мындай аймактарда жашай албай калат.