2019 - планетадагы температура байкоого алына баштаган учурдан берки эң ысык жыл

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мадриддеги климаттык саммитте жарыяланган маалыматтар боюнча 2019-жыл - планетадагы температура байкоого алына баштаган учурдан берки эң ысык эки же үч учурдун бири болуп калды. Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун адистери 2010-2019-жылдары аба ырайы өзгөчө ысыганын белгилеп жатышат.
Уюмдун 2019-жылдагы глобалдык жылуулук боюнча отчетунда жыл башынан октябрга чейин орточо температура 1850-жылдагы көрсөткүчтөн 1,1°C ашып өттү.
Бул жылы дүйнөнүн көп бөлүгүндө күн катуу ысыды. Адаттан тышкары ысык Түштүк Америкада, Европа, Африка, Азия жана Океанияда катталып, Түндүк Американын көпчүлүк аймактары суук болду.
Июнда жана июлда Европа эки ирет аномалдуу ысыкты башынан кечирди. 28-июнда Францияда температура 46°C болду. Бул өлкөнүн жаңы рекорду болуп калды.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Температурадагы рекорд Германия, Нидерланддар, Бельгия, Люксембург жана Улуу Британияда жаңыланды. Австралияда орточо температура мурдакыдан жогору болду.
Түштүк Америкадагы токойлордун өрттөнүшү 2010-жылдан бери жогорку көрсөткүчтө болду.
Дүйнөлүк метеорологиялык уюм мындай рекорддук температураны парник газдарынын абага бүркүлүшүнүн, унаадан чыккан зыяндуу газдардын, токойлордун кыйылышы жана жылуулук үчүн пайдаланылган энергияны иштеп чыгуунун кесепети деп эсептейт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2018-жылы атмосферадагы көмүр кычкыл газынын концентрациясы (СО2), метан жана оксид азоту эң жогорку деңгээлге чыкты. Бул глобалдык жылуулуктун айлана-чөйрөгө олуттуу таасирин көрсөтүп турат.
1993-жылдан бери иштеп жаткан спутник байкоолору эки уюлда тең (полюс) муздун эриши тездегенин көрсөтөт.
Парник газдарынын кесепетинен чыккан жылуулуктун чоң бөлүгү океандарга кетет. Жыйынтыгында деңиз жана океан сууларынын кычкылдыгы көтөрүлөт. Аномалдуу ысык температура эң оболу деңизде көбүрөөк байкалууда.

Сүрөттүн булагы, AFP
"Аномалдуу ысык мезгилде мурда жүз жылда болчу табигый кырсыктар бат-бат кайталанып жатат. Багам өлкөлөрүнөн Жапония жана Мозамбикке чейин тропикалык циклондордун натыйжасын жон териси менен сезишти. Токойлордогу өрт Арктика жана Австралияны жүдөттү", -деди Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун баш катчысы Паттери Таалас.
1980-жылдардан тарта кийинки он жылдыктарда аба ырайы улам ысык болуп келди. (AbA)









