Конок үй ээлеринин эс алуучулардан нике күбөлүк сураганы туурабы?

Окуу убактысы: 3 мүнөт

Алмира Абидинова

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы

Kara-Tuma production
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргыз-Ата жаратылыш паркындагы эс алуучу жайлар

Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата жаратылыш паркындагы айрым конок үйлөр эс алуучулардан нике күбөлүк талап кылып жаткандыгы айтылды. Мындай көрүнүшкө жергиликтүү бийлик каршы экенин билдирип, мейманкана ээлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ноокат районунун акими Данияр Шейшекановдун айтымында, коноктордон ашыкча документтерди талап кылуу өлкөнүн мыйзамдарына каршы келет жана аймактын туристтик потенциалына терс таасирин тийгизет.

"Биз светтик, укуктук өлкөдө жашайбыз"

"Ноокатка келген туристтердин көбү Кыргыз-Ата жаратылыш паркындагы эс алуучу жайга барышат. Ошол жердеги туристтерди кабыл алган мейманканалар коноктордон паспорттон сырткары нике күбөлүгүн дагы сурап жатышыптыр. Бул - мыйзамсыз. Бардык адамдарга бирдей мамиле кылууга милдеттүүбүз. Дискриминацияга жол бербешибиз керек. Учурда биз ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Мыйзамга каршы келген талаптар менен туристтерди чочутпашыбыз керек. Анткени мындай фактылар боюнча арыздар түшүп жатат. Коноктор социалдык тармактарга: "Биз келсек нике күбөлүгүн сурап, жок болсо киргизбей коюшту" деп жазышууда. Биз светтик, укуктук өлкөдө жашайбыз, ошондуктан бардыгы мыйзам чегинде болушу зарыл. Мыйзамда жок нерсени ойлоп таап, кырдаалды татаалдаштырбашыбыз керек",-деди Ноокат районунун акими Данияр Шейшеканов.

Ноокат районунун акими Данияр Шейшеканов
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ноокат районунун акими Данияр Шейшеканов

Ал эми жергиликтүү ишкерлер өз аракеттерин бизнестин ички эрежеси жана жеке брендди таанытуу аракети катары сыпатташууда. Маселен, бир жылдан бери Ош облусундагы Кара-Кой жайлоосунда конок үй иштетип жаткан ишкер Алишер Абдылаким уулу өзүнүн эс алуу жайында үй-бүлөлүк баалуулуктарды биринчи орунга коёрун белгилейт.

"Нике күбөлүк менен үй-бүлөлүүлөр гана кирет"

Алишер Абдылаким уулу
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алишер Абдылаким уулу

"Эми ал мыйзамда жок болгону менен, биз өзүбүздүн шартыбызга карап конокторду кабыл алабыз. Себеби биз нике күбөлүгүн сурабай киргизе берсек, жаш кыздарыбыз ойногону келет, киргизе бергиле деп бизге айтышат. Биз андайга жол бербейбиз. Паспортторун сурайбыз, нике күбөлүк сурайбыз. Жөн эле көчөдөн келген адамдарга киргенге уруксат берилбейт. Нике күбөлүк менен үй-бүлөлүүлөр гана кирет. Анан достор, жоролор менен келип эс алып кеткенге ылайыктап шарт түзгөнбүз",-дейт ишкер Алишер Абдылаким уулу.

Ишкердикти колдоо борборунун адиси Султан Рахманов ар бир ишкердин өз бизнесин белгилүү бир кардарлардын катмарына ылайыктап түзүү укугу болушу керек деп эсептейт. Экинчи жагынан, кошумча талаптар өлкөнүн туристтик аброюна көлөкө түшүрөт дейт талдоочу.

"Өтө сезимтал маселе болуп жатыптыр"

"Мисалы, менин мейманканамда жалаң гана иш сапары менен келгендер, үй-бүлөлүүлөр, ушундай контингентке, ушундай сегментке ылайыкталган деп өзүнүн позициясын көрсөтө алат. Бул - эң туура. Бирок экинчи жагынан алып көрсөк, жергиликтүү бийликтин оюна караганда, алар Ноокат зонасы курорттук, туристтик аймак болгондуктан, албетте, чет өлкөдөн туристтердин агымын тарткысы келет. Жергиликтүү ушуга окшогон тоскоолдуктар туристтердин жаңы агымына, интернеттеги сайттарга, алдын ала брондой турган мобилдик тиркемелерге начар пикирлерди жазып: "Бул жакка келбей эле коюңуздар. Бул жерде мындай экен", - деп туруп, буларда "сарафандык радио" күчтүү иштейт экен, бири-бирине айтып, комментарий жазып туруп эле жанагы туристтердин жамаатынын кара тизмесине киргизип коюшу мүмкүн "бул жер начар экен" деп. Бул өтө сезимтал маселе болуп жатыптыр", - Султан Рахманов.

Кыргызстанда ички жана тышкы туризм жылдан-жылга өнүгүп жатканы айтылууда. Өлкө өзүн туризм жана бизнес үчүн жагымдуу өлкө катары тааныткысы келет. Чек ара кызматынын соңку маалыматына караганда, 2025-жылы өлкө чек арасынан өткөн чет элдиктердин саны рекорддук көрсөткүчкө жетип, мурунку жылдарга салыштырмалуу кескин өскөн.

Тактап айтканда, өткөн жылы Кыргызстандын чек арасынан 20 млн 978 миң 965 чет элдик жаран кирген. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 18,6 пайызга же дээрлик 3,3 миллион адамга көбөйгөн. 2023-жылы бул сан 17,4 миллионду түзсө, 2024-жылы 17,6 миллион адамды түзгөн.

Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөн ар бир чет элдик киши - конок катары саналып, бул өлкө экономикасына, тейлөө тармагына жана имиджине кошулган салым болору айтылат.

Кыргызстанда 2030-жылга чейин туризмди туруктуу өнүктүрүү программасы кабыл алынган. Анда экотуризм жана тоо туризми артыкчылыктуу багыт катары көрсөтүлгөн.