Жогорку Кеңештин депутаты Куванычбек Конгантиев мандатын тапшырды

Сүрөттүн булагы, Social Media
Жогорку Кеңештин депутаты Куванычбек Конгантиев депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды. Анын арызын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, саат 14:00дө карап, канааттандырды.
Куванычбек Конгантиев былтыркы парламенттик шайлоодо №21 шайлоо округунан шайланган. Парламенттеги "Эл үмүтү Ата-Журт" депутаттык тобуна кирген. Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы болуп иштеп жаткан.
Конгантиев буга чейин Бишкек шаардык кеңешинде бир канча жолу депутат болгон.
Бир күн мурун социалдык тармактарда анын жана жакындарынын активдери, мүлктөрү жана байланыштары тууралуу видео тараган. Роликтин автору ага жакын адамдардын ондогон компаниялары жана ар кандай бизнестери бар экенин билдирген. Ошондой эле, айрым маалыматтар боюнча, ал Таймурас Ташиевдин өкүл атасы болуп саналат. Конгантиев өзү бул кептерге азырынча комментарий бере элек.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жазганына караганда, анын ордуна мурдагы депутат, экс-министр Чыңгыз Айдарбеков депутат болуп келиши мүмкүн.
Куванычбек Конгантиев - мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу.




























