Эдил Байсалов: БУУда башкы катчы аял киши боло турган убакыт келди

dfdf

Сүрөттүн булагы, Official

Окуу убактысы: 2 мүнөт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 9-мартта Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясында сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө Кыргызстандын гендердик теңчилик жаатындагы эл аралык милдеттенмелерин ырастап, БУУнун жетекчилигине аял киши келиши керек деген сунушун айтты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтындагы маалыматта айтылат.

"Биздин Уюмдун дээрлик сегиз он жылдык тарыхында Бириккен Улуттар Уюмун Башкы катчы катары аял киши жетектөөгө убакыт келди – жана бул эбак эле бышып жетилген", - деген Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Эдил Байсалов Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында аялдардын укуктарын коргоо жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча ырааттуу саясат жүрүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, мамлекет аялдарга карата зомбулуктун бардык түрүнө "нөлдүк сабырдуулук" принцибин карманат жана коргоо механизмдерин тынымсыз өркүндөтүүдө.

Вице-премьер дүйнөдөгү согуш жана чыр-чатак зоналарында аялдар менен балдардын азап тартып жатканына көңүл бурду. Ал аялдарды коргоо эл аралык коопсуздуктун ажырагыс бөлүгү болушу керектигин баса белгилеп:

"Дүйнө чыр-чатак зоналарындагы аялдардын азап-тозокторуна көз жумуп туруп, аялдардын укуктары жөнүндө ишенимдүү айта албайт", — деп билдирди.

Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, учурда Нью-Йоркто Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын, Акыйкатчы институтунун жана бир катар министрликтердин өкүлдөрүнөн турган делегация катышууда.

Кыргызстанда аялдардын укуктары жана коопсуздугу курч көйгөй бойдон калууда. Расмий маалыматка ылайык, бир жылда аялдарга карата зомбулук учуру 28 пайызга көбөйгөн.

8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө Бишкекте атайын акция өтүп, ал "Күнөө сенде эмес!" деген ураандын алдында уюштурулду.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Анткени, кыргыз коомунда зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндердин өздөрүн күнөөлөгөндөр, шектүүнү актагандар аз эмес.

Ошондуктан аялдардын укугун коргоого багытталган акция виктимблеминг маданиятын токтотуу талабы менен өттү.

Катышуучулар "Жашасын, аялзат!", "Жашасын, теңдик!", "Жашасын, эркиндик!", "Укук жок жерде коопсуздук жок", "Кыйын кыздын кызымын", "Кыздарды коргойлу", "Ак үйдө кыздар көбөйсүн", "Зомбулук салт эмес", "Аял укугу – адам укугу", "Күнөө сенде эмес", "Аял – жашоо, эркиндик", "Гүл теңдикти алмаштыра албайт" деген ураандарды чакырышты.

"Аялдарды кемсинткендер көбөйдү. Өзү унчупай койсо болмок, чоочун адамдын унаасына отурбай койсо болмок дегендер бар. Аялдардын кийимине асылышат. Ошондуктан биз виктимблеймингге каршыбыз. Биз өз укугубузду коргоо үчүн жыл сайын ушул акцияга катышабыз", - деди иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Айгүл Сторожук.

Кыргызстанда жыл башынан бери бир нече аял күмөндүү жагдайда көз жумду. Алардын өлүмүнө жакын адамдары себепкер болушу мүмкүн экени айтылып жатат.

Ички иштер министрлигинен Би-Би-Сиге билдиргендей, Кыргызстанда 2025-жылы (12 айда) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 22 миң 152 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды.

Бул 2024-жылга салыштырмалуу 28% же 4836 фактыга көп.

2025-жылы 25-декабрда ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Данияр Сапарбаев 2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан 31 адам ажал тапканын билдирген.

Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук көбөйгөнүн, атүгүл, кызыл чекке жеткенин президент да белгилеген.

"Тилекке каршы, акыркы жылдары зордук-зомбулук катталган учурлар көбөйүүдө. Муну айтуунун өзү да оор. Бирок бул биздин коом үчүн жат көрүнүш. Анткени алсыздарга кол көтөргөн коом эч качан цивилизациялуу коом боло албайт. Биз буга жол бербешибиз керек. Мамлекет катаал чара көрөт. Аялга же балага кол салган бир дагы кылмышкер жазадан кутулбайт. Бул мамлекеттин принципиалдуу позициясы. Өлкөнүн 2030-жылга чейинки улуттук программасында аялдар жана балдарга карата зомбулукту жок кылууга артыкчылык берилген. Бирок мен дагы бир жолу айтам, коомдук маданиятты өзгөртүү зарыл. Эч бир салт, турмуш зомбулукту актабайт. Ар бир ата баласына аялзатын урматтоону үйрөтүүгө тийиш. Ар бир эне кызына ар-намысын коргоону, кордоого каршы күрөшүүнү үйрөтүшү керек", - деген президент Садыр Жапаров былтыр 25-декабрда өткөн курултай учурунда.