Кызматтан алынган министр Урматбек Шамырканов пара алууга шектелүүдө

Сүрөттүн булагы, Official
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 10-мартта Өзгөчө кырдаалдар министр Урматбек Шамырканов ээлеген кызматынан бошотулду. Президентти басма сөз катчысы Аскат Алагозовдун айтымында, Шамырканов пара алууга шектелүүдө.
"Жаңы министрдин кызматтан кетирилишинин себеби - ал министрдин орун басары кызматында иштеп турганда пара алган деп шектелүүдө. Аталган министрликтин бөлүм кызматкерин кызматынан жогорулатуу үчүн 2025-жылдын жай айларында пара талап кылган. Кызматкер айтылган сумманын жарымын ал кездеги ӨКМ министринин орун басары У. Шамыркановдун электрондук капчыгына которуп бергенин айткан. Шамырканов министр болуп дайындалгандан кийин, айтылган сумманын калган жарымын бере албастыгын билдирген соң, анын айтымында, министр кызматкерди Баткендеги бөлүмгө которуп жиберген. Баткенге которулган кызматкер Президент Садыр Жапаровго арыз менен кайрылган. Мамлекет башчысы арызда келтирилген дооматтарды териштирүү тапшырмасын Башкы прокуратурага берген. Көзөмөлдөөчү орган арызда айтылгандар тастыкталганын билдирген. Ушуга байланыштуу, Президент Садыр Жапаров өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамыркановду ээлеген кызматынан бошотуу чечимин кабыл алды" деп жазды Аскат Алагозов.
Урматбек Шамырканов өзү окуя боюнча комментарий бере элек.
Шамыркановдун ордуна өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп Канатбек Чыныбаев дайындалды. Ал буга чейин министрдин орун басары болуп иштеп жаткан.
Кызматынан кеткен Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министри кызматына 16-февралда гана дайындалган. Ага чейин Шамырканов министрдин орун басары кызматында иштеп келген жана бул кызматта Бообек Ажикеевди алмаштырган.
Президент Садыр Жапаров 10-февралда УКМК башчысы болуп иштеп келген Камчыбек Ташиевди кызматтан алган. Жапаров менен Ташиевдин саясий тандеми ыдырагандан кийин өлкөдө бир катар мамлекеттик кызматкерлер иштен алынып, кээ бирлери өз эрки менен отставкага кетти. Анын ичинде өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев да кызматын тапшырган.


























