Австралия Иран курама командасындагы бир нече футболчу кызга башпаанек берди

вы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Окуу убактысы: 2 мүнөт

Австралиянын бийлиги Иран курама командасынын беш футболчусуна башпаанек берилгенин тастыктады. Австралияда өтүп жаткан Азия Кубогундагы биринчи оюнунун алдында Ислам Республикасынын мамлекеттик гимнин ырдоодон баш тарткандан кийин өз өлкөсүндө кыздарга коркунуч жаралышы мүмкүн экени айтылууда.

Дүйшөмбү күнү эртең менен австралиялык маалымат каражаттары беш кыз мейманканадан чыгып кетип, полицияга жардам сурап кайрылганын жана азыр коопсуз жерде экенин кабарлашты. Кийинчерээк АКШ президенти Дональд Трамп Австралия бийлигин бүтүндөй командага башпаанек берүүгө чакырып, эки сааттан кийин өзүнүн Truth Social социалдык тармагына "бешөөнө жардам көрсөтүлдү" деп жазды.

Бирок команданын баары эле жардам сурап кайрылган эмес. Трамптын айтымында, "айрымдары кайтып барышыбыз керек деп эсептешет, анткени эгер алар [футболчулар] кайтып келишпесе, коркутууларга кабылып жаткан үй-бүлөлөрүнүн коопсуздугунан чочулашууда".

Буга чейин Американын президенти, эгер Австралия жардам берүүдөн баш тартса, АКШ ирандык спортчу кыздарды өзүнө аларын билдирген.

Мындай кырдаалдын жаралышына команданын оюнчуларына жана аны коштоп жүргөн делегацияга биринчи беттештин алдында Ислам Республикасынын гимнин ырдоодон баш тартканы үчүн мекенинде коркунуч туулушу мүмкүн экендиги себеп болду.

Коомчулуктун кооптонуусун кийинки оюндарда (курама команда жалпысынан үч беттеш өткөрдү) кыздардын гимн ырдап, патриоттук ишараттарды жасаганы ого бетер күчөттү. Бул биринчи оюндан кийин алардын өзүнө жана үй-бүлөлөрүнө карата куугунтук же кысым көрсөтүлгөн болушу мүмкүн экенинен кабар берет.

Курама команда Австралияга АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу башталганга чейин эле жөнөп кеткен, бирок Түштүк Корея менен болгон алгачкы беттеш согуш башталгандан кийин, 2-мартта өттү.

Мамлекеттик гимн жаңырып жаткан учурда ирандык футболчулар унчукпай турушту. Бул окуянын видеосу социалдык тармактарга кеңири тарап, команданын жүрүм-туруму Иран бийлигине каршы нааразылык ишараты катары кабыл алынды.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Өлкөнүн расмий маалымат каражаттары буга өтө кескин реакция жасашты. Иран телевидениесинин экинчи каналында алып баруучу Мeхаммед Реза Шахбази аялдардын футбол командасынын бул жоругун «мектептерде окуучулар, ал тургай жети-сегиз жашар кыздар өлтүрүлүп жаткан» согуш шартындагы «намыссыздыктын жана патриоттуулуктун жоктугунун туу чокусу» деп атады.

Анын пикиринде, «согуш убагында өлкөгө каршы бир кадам болсо да шилтегендерге» катаал мамиле кылуу керек.

"Эл дагы, бийлик дагы аларга согуш убагындагы чыккынчылар катары мамиле кылышы керек. Бул жөн эле нааразылык эмес. Чыккынчылыктын жана намыссыздыктын мөөрү алардын маңдайында калышы керек. Башкалар өз ордун билиши үчүн, алар менен олуттуу түрдө эсептешүү зарыл", — деп билдирди ал.

Шахбазинин сөздөрү укук коргоочуларды футболчу кыздар үчүн олуттуу тынчсызданууга мажбур кылды, анткени Иранда мамлекеттик чыккынчылык үчүн өлүм жазасы каралган.

CNN телекомпаниясы командага жакын булактарына таянып, Иран бийлиги спортчуларды, анын ичинде «Ислам революциясынын сакчылар корпусу менен байланышы бар деп айтылган адам» аркылуу кылдат көзөмөлдөп жатканын кабарлады.

Басылманын булагы Австралияга каршы экинчи оюндун алдында оюнчуларга кысым көрсөтүлгөнүн — алардын үй-бүлөлөрүн коркутушканын ырастаган. Ошол себептүү алар бийликти колдой тургандыктарын көрсөтүүгө мажбур болушкан. Австралия жана Филиппин менен болгон беттештердин алдында аялдар гимн ырдап эле тим болбостон, аскердик саламдашууну да аткарышты.

Биринчи беттеште Иран командасы Түштүк Кореяга 0:3 эсебинде утулуп, андан кийин Австралияга 0:4 жана Филиппинге 0:2 эсебинде жеңилди. Бул убакыттын ичинде аларды күйөрмандар: Австралиядагы ирандык диаспоранын жүздөгөн өкүлдөрү колдоп турушту. Гимн аткарылып жатканда алардын көбү ышкырып жатышты.

Команданын акыркы оюну жекшемби күнү өттү. Биринчи таймдын ортосунда көптөгөн күйөрмандар "Арстан жана Күн" туусун жайышты: бул Ирандын расмий эмес желеги, ал Ислам революциясына чейин мамлекеттик символ болгон. Алар стадионго жашыруун алып кирилген, анткени кире бериште Ирандын азыркы расмий желегине гана уруксат берилгендиги тууралуу кулактандыруулар илинген эле.