Өкүм жокко чыкты. Махабат Тажибек кызынын иши кайра каралат

Жогорку сот 10-мартта "Айт Айт Десе", Temirov LIVE долбоорлорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызына чыккан буга чейинки бардык өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароо үчүн райондук сотко жөнөттү. Буга чейин айыпталуучунун жактоочулары ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо өтүнүчү менен Кыргызстандын Жогорку сотуна кайрылышкан.
Жогорку сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Махабат Тажибек кызынын ишин карап, чечим чыгарды.
"Тажибек кызы Махабат тууралуу кылмыш ишин анын жактоочусу Аргымбаеванын жаңы жагдайларга байланыштуу ишти кайра баштоо жөнүндөгү өтүнүчү канааттандырылсын. Тажыбек кызы Махабат тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2024-жылдын 10-октябрындагы жана Бишкек шаардык сотунун кылмыш-жаза иштери жана укук бузуулар иштери боюнча соттук коллегиясынын 2024-жылдын 18-декабрындагы өкүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун кылмыш-жаза иштери боюнча коллегиясынын 2025-жылдын 25-февралындагы токтому жокко чыгарылсын. Тажибек кызы Махабат тууралуу кылмыш иши Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна башка курамда жаңыдан кароо үчүн жиберилсин. Токтом акыркы, даттанууга жатпайт", - деп чечимди окуду судья.
Махабат Тажибек кызынын адвокаттарынын бири Акынбек Ногоев Жогорку Сот өтүнүчтү жарым-жартылай гана канааттандырганын белгиледи:
"Бүгүнкү күнү БУУнун жумушчу тобунун кортундусу кыргыз мамлекети тарабынан аткарылышы керек болчу. Менимче, Жогорку Сот Махабат Тажибек кызына карата буга чейин чыккан өкүмдөрдүн баарын жокко чыгарып, аны актоо чечимин чыгарып, ошону менен катар реабилитациянын жолун түшүндүрүп бериши керек эле. Ошондуктан өтүнүч жарым-жартылай гана канааттандырылды десек болот. Бирок бул да жаман эмес. Бирок эл аралык нормалардын талабы бузулду деп ойлойм".
Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Махабатты жеке тааныбай турганын, бирок анын ишине тыкыр көз салып келгенин белгилеп, ишти кайра кароого жөнөтүү адам укуктарынын нормаларын сактоого жасалган кадам болгонун айтты:
"Менимче, Жогорку Соттун бүгүнкү чечими Кыргызстандын адам укуктары боюнча эл алардык стандарттарды коргоого жана аткарууга карай алгачкы кадамы деп ойлойм. Мындан ары ушул кадамдан жазбай, Махабаттын иши биринчи инстанцияга баргандан кийин да процессуалдык кепилдиктер менен каралып чыкса, Махабат боштондукта болот. Эми Махабат кайра тергөө абагына кайтарылат, ал жерден адвокаттар бөгөт чарасын өзгөрткөнгө аракет жасашат. Мен Махабатты жеке тааныбайм, бирок аныкы адам укуктары эң көп бузулган иш деп эсептесем".
Сот отурумуна Махабат Тажибек кызынын жакындары, апасы, инилери да келишти. Апасы бүгүн кызын түрмөдөн чыгарып кетебиз деп үмүттөнгөнүн айтты. Ал кыргыз бийлигинен Махабатты тезинен эркиндикке чыгарууну өтүндү.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Бүгүн мен чыгат деп ойлогом, баласы да күтүп жатты эле. Бүгүн эртең менен намазымды окуп, эркиндикке чыгып, баласынын маңдайына отуруп калса экен деп жаттым эле. Кайра райондук сотко жөнөтүп коюшту. Эми ал качан болорун билбейм. Эрте болуп, эрте эле кызымды бошотушса экен. Кызым бетке айтканы эле болбосо, ичи таза. Оюндагысын бетке айтат. Айтканы бирине жагат, бирине жакпай калат экен. Ошол үчүн эле камалып турат. Чыгып кетсе экен", - деди Гүлистан Сатыбалдиева.
Махабат Тажибек кызынын адвокаттары 2025-жылдын ноябрында Бириккен Улуттар Уюмунун Өзүм билемдик менен кармоо боюнча жумушчу тобу чыгарган корутундуга таянып, Жогорку Сотко өтүнүч менен кайрылган.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын ноябрында БУУнун Өзүм билемдик менен кармоо боюнча жумушчу тобу журналист Махабат Тажибек кызынын ишине байланыштуу корутундусун чыгарган.
Жумушчу топ ага коюлуп жаткан айыптарды негизсиз деп таап, бул окуя Адам укуктарынын жалпы декларациясынын жети беренесин, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын алты беренесин бузганын аныктаган.
Кыргызстанды Тажибек кызын бошотууга, ага компенсация төлөөгө жана укуктарын калыбына келтирүү үчүн башка чараларды көрүүгө чакырган.
Ошондой эле аны негизсиз камоо кандай шартта болгону боюнча толук жана көз карандысыз териштирүү жүргүзүп, укуктарын бузган адамдарга карата тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылган.
Мындан сырткары, жумушчу топ Кыргызстанды көз карандысыз медианы куугунтуктоону дароо токтотууга жана Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесин эл аралык адам укуктарынын нормаларына шайкеш келтирүү боюнча шашылыш мыйзамдык реформаларды жүргүзүүгө чакырган.
Ушул корутунду жаңы ачылган жагдай катары көрсөтүлүп, ишти кайра кароо өтүнүчү Жогорку сотко берилген.
Бүгүн сот отурумунда адвокаттар БУУнун Өзүм билемдик менен кармоо боюнча жумушчу тобу 34 жыл ичинде ушундай өтүнүчтү буга чейин эки жолу гана, биринчисинде, Түркияга, экинчисинде Түштүк Кореяга жолдогонун, экөөндө тең сунуш эске алынганын белгилешти.
Махабат Тажибек кызы ким жана качан камалган?
Махабат Тажибек кызы 2024-жылдын 16-январында кармалган. Ошол күнү Ички иштер министрлиги Бишкекте эки маалымат каражатынын редакциясында тинтүү жүргүзүп, он бир журналистти кармап кеткен.
Алардын баары Кылмыш-Жаза кодексинин "Массалык тополоңго чакырык, бийлик өкүлдөрүнүн талаптарына баш ийбегендик" беренеси боюнча кылмышка шектүү катары айыпталган.
2024-жылдын 10-октябрында Бишкектин Ленин райондук соту Temirov Live жана "Айт Айт Десе" долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, долбоордун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга эркинен ажыраткан. Шаардык сот бул өкүмдү күчүндө калтырган. Кийин Жогорку сот да аны колдогон.
Айке Бейшекеева менен Актилек Капаровго пробациялык жаза берилген. Долбоордун дагы бир катар кызматкерлери толугу менен акталган.
35 жаштагы Махабат Тажибек кызы кесиби боюнча юрист. Ал 2008-жылдан бери журналист болуп иштеп, Factcheck.kg, Politmer.kg жана Ediviso платформаларында эмгектенген.
2022-жылы күйөөсү Болот Темиров кармалып, андан кийин Кыргызстандан депортациялангандан соң, Махабат Тажибек кызы Temirov Live медиасынын жетекчилигин колуна алган.
Анда коррупция, мамлекеттик башкаруу, бийлик өкүлдөрүнүн жоопкерчилиги жана коомдук маанидеги башка темалар көтөрүлүп келген.
27-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Temirov Live, Kloop.kg жана "Айт Айт Десе" медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп тапкан.
Мындан тышкары бул долбоорлорду түптөгөн журналисттер Болот Темировдун жана Ринат Тухватшиндин ишмердиги да экстремисттик деп таанылган.
Сот чечиминде аты аталган долбоорлордо манипуляциялык мүнөздөгү, бийлик органдарына болгон ишенимди солгундаткан, коомдук коопсуздукту бузууга жана жарандарды нааразылык акцияларына катышууга түрткөн материалдар жарыяланып турганы айтылган.
Бул чечим журналисттик коомчулукта жана эл аралык укук коргоо уюмдарында тынчсызданууну жараткан.
Бийлик өкүлдөрү болсо Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин жана ал сакталарын байма-бай айтып келет.
Мурдараак Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов укук коргоо органдарында башталган реформалардын алкагында жарандык активисттерге, журналисттерге жана бизнес өкүлдөрүнө болгон мамиле кайра каралып чыгарын билдирген. Аскат Алагөзов укук коргоо органдарына мүмкүн болгон жана мыйзамга каршы келбеген учурларда камакка алуу менен байланышпаган чараларды көрүп, профилактикалык иштерди жүргүзүү сунушталарын айткан.






























