Ош мэриясынын төрт ишканасы күрөөгө коюлуп, насыя алынган

Жеңишбек Токторбаев

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жеңишбек Токторбаев
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Ош шаарынын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин тушунда шаардык бир катар муниципалдык ишканалар күрөөгө коюлуп, өкмөттөн насыя алынган. Би-Би-Синин булактары сөз төрт ишкана жөнүндө болуп жатканын билдирди.

Күрөөгө коюлганы айтылган ишканалардын тизмесинде "Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты", "Ош шаарынын муниципалдык автотранспорт" ишканасы, "Ош шаардык сууканал", "Ош автобекети" бар.

Финансы министрлиги Ош мэриясынын ишканалары күрөөгө коюлуп алынган насыялар боюнча маалымат даярдалып жатканын, ал даяр болгондо журналисттерге кабарланарын айтты.

Маалыматтарда насыянын жалпы суммасы 2 млрд сомдон ашык каражатты түзүп, ал төмөнкүдөй жеңилдетилген шарттар менен берилген:

Пайыздык коюму: жылдык 1%;

Мөөнөтү: 6 жыл;

Жеңилдетилген (льготтук) мезгил: 1 жыл.

Каражат өкмөткө жана Жогорку Кеңешке жазылган расмий кайрылуунун негизинде, депутаттардын колдоосу менен эки бөлүккө бөлүнүп (1 млрд сомдон) берилген.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бул каражаттар жол жана социалдык объектилердин курулушуна жумшалган.

Буга чейин Kaktus.media басылмасынын өз булактарына таянып, "Ош шаардык суу канал", "Ош шаардык муниципалдык автотранспорт" ишканасы жана "Ош автобекети" муниципалдык ишканалары күрөөгө коюлган болушу мүмкүн экенин жазган. Басылма алынган насыянын көлөмү 2 млрд сом экенин белгилеген.

Ош шаарынын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев 9-мартта "Азаттыкка" берген маегинде кызматтан кеткенден кийин коомчулукта талкууланып жаткан "шаарды миллиарддаган карызга батырды" деген айыптоолорго жооп берген.

Мурдагы калаа башчысы социалдык тармактарда тарап жаткан 12 миллиард сомдук карыз тууралуу маалыматты четке кагып, аны "калп" деп атаган. Анын айтымында, шаардын учурдагы реалдуу карызы бир нече эсе аз. Тактап айтканда, Капиталдык курулуш башкармалыгы подрядчиктерге 750 миллион сом, ал эми Жолдор башкармалыгы 1 миллиард 500 миллион сомдун тегерегинде карыз. Ошентип, шаардын жалпы карызы болжол менен 2 миллиард 300 миллион сомду түзөрүн белгилеген.

"Биз Ош шаары боюнча 100 чакырымга чукул асфальт төшөдүк. Анын 70 чакырымын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыладык. 12 млрд сом деген бул куру доомат", — деген Токторбаев "Азаттыктагы" маегинде.

Жеңишбек Токторбаев Оштун мэри кызматынан 18-февралда кеткен. Ал былтыр 23-январда Жогорку Кеңештин депутаты кезде Ош шаарынын башчысы болуп дайындалган.

58 жаштагы Токторбаев кызматына киришкенден кийин таң эрте шаардын көчөлөрүн кыдырганы, күтүүсүз текшерүүлөрдү жүргүзгөнү, жолдорду кеңейтүү үчүн мыйзамсыз курулуштарды сүрдүргөнү менен көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Андан тышкары анын айрым кызматкерлерди кескин сындаган сөздөрү коомчулукта түрдүү пикирлерге жем таштаган.

Ал саясий чөйрөдө Ташиевдин тарапташы катары сыпатталып келген жана бир нече күн мурдагы маектеринин биринде мурдагы башкы чекисттин кадры экенин четке каккан эмес.

"Мен ошол кишинин кадры болом. Ал киши менин досум болот", - деп айткан Токторбаев.

Былтыр июль айында УКМКнын ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев Токторбаев жакшы иштеп жатканын айтып, ага президенттин атынан автоунаа белек кылган.

Андан эки жарым ай өтпөй президент Садыр Жапаров Токторбаевге катуу сөгүш берген. Расмий тескемеде Токторбаев "эмгек милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы" белгиленген.

Маалымат каражаттары сөгүшкө мэрдин "Ош-Сити" комплексине барган учурдагы жүрүм-туруму себеп болушу мүмкүндүгүн жазышкан. Анда Токторбаев курулуштагы мүчүлүштүктөрдү сынга алып, комплекстин жетекчилерин толугу менен "УКМКга жазып", сыртка чыгууга тыюу салуу керектигин айткан эле.

Токторбаев Ташиев УКМКнын төрагасы кызматынан алынгандан сегиз күн өтпөй иштен кекеткен.

10-февралда президент Садыр Жапаров өзүнүн узактан берки саясий үзөңгүлөшү, досу Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы кызматынан бошоткон. Германияда дарыланып жаткан Ташиев бул чечим "күтүүсүз" болгонун айткан. Ал 13-февралда Кыргызстанга кайтып келип, кайра 17-февралда өлкөдөн "убактылуу" чыгып кеткен.