Глобалдык жылуулануу: Кыргызстанды эмне күтөт?

Сүрөттүн булагы, BAKYT ERMENBAEV
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Климат өзгөрүп, аба-ырайынын жаңы шартына туруштук берүү үчүн Кыргызстан 2100-жылга карата жылына жарым миллиард доллардай акчага муктаж болот. Өлкөдө мөңгүлөр эрип, суу таңкыстыгы орун алышы мүмкүн.
2100-жылы жер жүзүндө абанын температурасы 3,2 градуска жетип, күнүмдүк жашообуз толугу менен өзгөрөрү эскертилип жатат. Дүйнө коомчулугу тынчсызданып, эмитен глобалдуу чараларга өттү. Ал эми Кыргызстанчы?
"Мөңгүлөр эрип, суу тартыш болот"
Бишкекте климаттын өзгөрүүсү боюнча улуттук форум өтүп, анын жыйынтыгында жарандык коом бийликке кайрылуу жасады.
Дүйнө коомчулугунун абанын температурасынын 1,5 градуска гана жылуулануусун кармап калуу аракетин кыргыз өкмөтү колдоого алышы керек, делет кайрылууда. Бул үчүн парник газдарынын абага бүркүлүшүн азайтуу керек.
Форумда Борбор Азия регионунда Кыргызстан климаттын өзгөрүүсүнөн биринчи жабыркай турган өлкө аталды.
"Окумуштуулардын прогнозу боюнча мөңгүлөрдүн эриши биринчи эле биздин айыл-чарбага кедергисин тийгизет. Кыргызстанда суунун 94% айыл-чарбага жумшалат. Азыр биз сууну эч үнөмү жок колдонуп жатабыз, тамчылатып суугары деген сейрек болууда. Эксперттер сууга болгон азыркы мамиле менен 2050-жылы Кыргызстанда суу жетишсиздигин сезе баштайбыз дешүүдө", -деди Жогорку Кеңеш депутаты Экмат Байпакбаев.
Эксперттер глобалдык жылуулануунун кесепеттери Кыргызстанда эмитен эле байкала баштаганын айтып жатышат.

Сүрөттүн булагы, Social media
"Кышында кар жаабай, жаан жаап атат. Абанын температурасы кескин өзгөрүп, сел, жер көчкү, кургакчылыкты шарттап жатат. Климаттын өзгөрүүсү айыл-чарба, малчылыкка зыянын тийгизиши мүмкүн. Жакынкы келечекте биз мурункудай, биз көнгөндөй чарба алып бара албай калабыз. Андыктан эмитен чараларды башташ керек", -деди Юнисон Групп президенти Нурзат Абдрасулова.
"Коңшулардан арттабыз"
Жогорку Кеңеш быйыл октябрда Париж келишимин ратификациялап, ноябрда президент ага кол койду.
Эми анын алкагында иш-чаралар башталышы керек.
"Париж келишимине кол койдук. Биз эми Жашыл климаттык фонддон гранттарды ала баштасак болот. Бирок стратегиялык документтерди жана сунуштарды иштеп чыгуу үчүн эксперттер керек. Мамлекеттик органдар идеяларды, сунуштарды алып чыгууга чабалдык кылып атат. Ар бир министрликте эксперттик топторду түзүүнү сунуштайбыз. Болбосо, биз коңшу өлкөлөрдөн бул боюнча артта калып жатабыз", -деди Кыргызстандын Жашыл альянсынын төрагасы Азамат Темиркулов.

Сүрөттүн булагы, Social media
Климаттын жылууланышына каршы эл аралык коомчулуктан каражат алууга даярдануу иштери эле кеминде беш-алты жылды талап кылат, деди адис.
Компьютердик эсептөөлөр
Ал арада окумуштуулар Кыргызстанга глобалдык жылууланууга туруштук берүү үчүн канча каражат керек экенин эсептеп чыгышты.
Компьютердик PAGE09 моделинин жардамы менен өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын эске алып, муктаж болчу сумма чыгарылды.
"2050-жылга карата Кыргызстанга климаттык өзгөрүүгө адаптация болуу үчүн жылына 130 миллион АКШ доллары талап кылынат. Ал эми 2100-жылга карата 454 миллион доллар керек болот. Жылдан-жылга каражатка болгон муктаждык өсө бермекчи",- деди Климат жана озон боюнча координациялык борбордун директору Марс Аманалиев.
Форумда өкмөткө Отун-энергетикалык комплексин өнүктүрүү боюнча концепциясын Париж келишимине ылайык кайра карап чыгуу, энергиянын альтернативдүү булактарын өнүктүрүү сунушталды.













