Желимден арылуу аракети: кагаз бөтөлкө чыга баштады

The Adez paper bottle

Сүрөттүн булагы, Coca-Cola

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Кока-Кола" компаниясы кагаздан жасалган бөтөлкөлөрдү сынай баштады

Климаттын өзгөрүүсү менен күрөштө мамлекеттер гана эмес, чоң компаниялардын дагы салымы маанилүү. Дал ошол себептен ири ишканалар желимден эмес, кагаздан жасалган бөтөлкөлөрдү сыноодон өткөрүүдө.

Кагаздан жасалган бөтөлкөнү даниялык Paboco ишканасы чыгарды. Анда дагы желимдин майда бөлүкчөлөрү бар экени айтылат. Изилдөөчүлөр бир нече жылдан бери кайра иштетүүгө мүмкүн болгон, айлана-чөйрөнү булгабаган кагаз бөтөлкөлөрдүн үстүнөн иштеп келди.

Эң негизги көйгөй бул бөтөлкөлөр суусундуктун газын чыгарбай, аны эскиртпей кармап туруусу керек. Ошол эле учурда кагаз бөтөлкөлөрдү ишкананын буюртмасына жараша өзгөртүлүшү керек. Paboco компаниясынын өкүлү Майкл Микелсен бөтөлкөлөр кагаз буласынан жасалгандыктан алар бекем жана каалагандай формада жасоо мүмкүн экенин айтууда.

Paper bottles at the filling plant, moving along rollers on the assembly plan

Сүрөттүн булагы, Coca-Cola

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Кока-Коланын" заводунда желим кеңири колдонулат

Суусундук багытындагы гигант саналган "Кока-Кола" 2030-жылга чейин компания чыгарган таштандыларды толугу менен жок кылууну көздөйт. Башкача айтканда ишкана бир гана кайра иштетүүгө мүмкүн болгон материалдарды колдонмокчу. Бир нече жыл бою лабораториядагы изилдөөдөн кийин, "Кока-Кола" Adez аттуу суусундугун эки миң кагаз бөтөлкөгө куюп, дүкөндөргө таратты. Эгерде сыноо ийгиликтүү болсо, компания желим бөтөлкөлөрдөн баш тартат.

"Кока-Коладан" тышкары сыра чыгарган Carlsberg жана башка компаниялар дагы бул багытта сыноолорун баштады.

Айрым эксперттер сыноолор ийгиликтүү болгон күнү дагы кагаз бөтөлкөлөр дароо дүйнөгө тарап кетпейт деген пикирде. Себеби желимди колдонуу арзан жана оңой. Андан тышкары, көп мамлекеттер желимди кайра иштетүү жолдорун өздөштүрдү.

Plastic bottles

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Желим бөтөлкөлөр табиятка, жаныбарларга зыян келтирүүдө

Желим бөтөлкө жана баштыктар дүйнөнүн көп мамлекеттеринде чоң көйгөй жаратууда. Желимден жасалган буюмдар 100 жылдан баштап төрт жүз жылга чейин чирибей турат. Демек, анын экологияга болгону зыяны талашсыз.

Желим таштандылар эң алыскы Антарктидадан тарта, океандын түбүндө табылып жатат. Би-Би-Синин "Blue Planet" программасы океанда 150 миллиондон ашуун тонна желим таштанды жылына бир миллионго чукул канаттуулардын жана 100 миң суу жандыктардын өлүмүнө алып барганын аныктаган.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

Ошондуктан желим таштанды менен климаттын өзгөрүүсү байланыштуу экени улам айтылат. Учурда океанда беш триллионго чукул желим буюмдары калкып жүрөт. Убакыт өткөн сайын бул буюмдар майдаланып кеткени окумуштууларды тынчсыздандырууда. Себеби майда бөлүкчөлөр экосистемага коркунуч жаратышы ыктымал. Адистердин айтымында, желим таштанды бир гана жан-жаныбарларга коркунуч түзбөстөн, атмосферага, жер кыртышына жана адамдын ден-соолугуна зыяндуу.

Тиричилик таштандыларды ташуу жана кайра иштетүү, албетте, атмосферага чоң өлчөмдөгү СО2 бүркүлүшүн шарттайт. Кайра иштетилген материалдардан буюмдарды пайдалануу же масштабдуу керектөөлөрдү кыскартуу климаттын өзгөрүүсү менен күрөштө чоң салым болот.

Кыргызстанда болсо жаз келери менен жаратылыш койнуна эс алып чыккандардын артынан желим бөтөлкө жана баштыктар жайнап калганы боюнча коомдук сайттарга көптөгөн сүрөт, видеолор жарыяланып келүүдө. Экологдор Ысык-Көлдүн түбүндө желим таштанды тапканын коңгуроо кагышкан. Ошондой эле желимди өрттөгөндө атмосферага көптөгөн зыяндуу заттар бөлүнүп чыгат. Бирок буга кыргызстандык көп деле маани бербейт.

Видеонун түшүндүрмөсү, Деңиздей болгон таштанды