БУУ: Өсүмдүк жана жаныбарлардын миллион түрү жоголуу коркунучунда
Адамзат барган сайын тездик менен биосфераны бүлүндүрүүдө. Адамдын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири менен миллион чамалуу өсүмдүк жана жаныбарлардын түрү жок болуу коркунучуна кептелди. Мындай көңүл жубатпаган тыянак биологиялык ар түрдүүлүк жана экосистема боюнча өкмөттөр аралык илимий-саясий платформанын окумуштуулары даярдаган докладда айтылат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Биздин доклад өтө тездик менен биологиялык ар түрдүүлүктү жоготуп жатканыбыз жана келечегинде биз аны канчалык сактап кала алабыз дегенге арналды. Эгерде биз урпактарыбызга Жер шарын бүлүндүрбөй калтыргыбыз келсе, анда тез арада аракетке өтүшүбүз керек",- деди профессор сэр Боб Уотсон.
Окумуштуулардын маалыматына таянсак, биологиялык түрлөрдүн жоголушу өтө тездик менен жүрүүдө. Мунун себеби айыл чарбасынын жана жер иштетүүнүн өзгөрүшү, өнүгүшү. Докладдын үстүндө иш алып барган элүүдөй өлкөнүн адиси глобалдык экологиялык катастрофанын алдын алуу үчүн саясий деңгээлде чукул чаралар зарыл экенин эскертүүдө.
1970-жылдан бери дүйнө калкы эки эсеге көбөйдү. Глобалдык экономика болсо төрт эсеге, соода тогуз эсеге өстү. Адамды кийинтип-ичинтип, энергия менен камсыздоо үчүн өзгөчө тропикалык райондордо токойлор кыйылууда.
Доклад 1800 барактан турат. Париждеги конференцияга кыскартылган 40 барактан турган бөлүгүн сунушташты.
Соңку 50 жылда адамзат экосистеманы кантип бүлүндүрүп жатканы тууралуу көңүл түшүргөн маалыматтар докладда кенен берилген. Алдыдагы он жылда абал мындан дагы оор болушу мүмкүн. Ошондуктан чукул чаралар көрүлүшү керек деп эскертет авторлор.
1980-2000-жылдар аралыгында тропикалык токойлордун аянты 100 млн. гектарга кыскарды. Негизинен бул Түштүк Америкадагы жайыт үчүн токой массиви кыйылгандан жана Түштүк Чыгыш Азияда пальма майын алуу үчүн плантацияларды кеңейткенден улам болду.

Сүрөттүн булагы, Sarah Duckworth
Дүйнө жүзү боюнча урбанизация жараяны тездеди. 1992-жылдан бери шаарлардын аянты эки эсеге кеңейди
Докладдын авторлору азыркы учурда өсүмдүктөр менен жаныбарлардын 25 пайызы жок болуу коркунучунда турганын билдирди. Дүйнөнүн ар кайсыл чөлкөмүндө курт-кумурскалардын, анын ичинде аарылардын массалык кырылышы катталган.
Жердин кыртышы мынчалык деградацияга кабылган эмес эле. Бул Жер шары боюнча түшүмдүүлүктү 23 пайызга төмөндөткөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Биздин чектен ашкан табитибиз тоодой таштандыларды пайда кылууда. Желим таштандылар 1980-жылдан бери он эсеге өстү.
Жыл сайын дүйнөлүк океандарга 300-400 млн. тонна зыяндуу заттар, оор метал таштандылар төгүлөт.
Кризистин себеби
Докладда мындай абалга алып келген бир нече фактор айтылды. Алардын ичинен негизгиси - адамзаттын жерди иштетүүгө мамилесин өзгөрткөнү.
1980-жылы дүйнөдөгү айыл чарбанын өсүшүнүн дээрлик жарымы токойлорду жок кылуудан улам болду. Деңиздеги чарба жерлерде деле ушундай эле абал. 2014-жылдагы маалымат боюнча дүйнөлүк океандын 3% аянты гана чарбалык ишмердүүлүккө кирбейт.
2015-жылы дүйнөдө 33% балык запасы пайдаланылган. Соңку 150 жылда коралл рифтеринин аянты эки эсеге кыскарып кетти.

Сүрөттүн булагы, FOE
"Жер иштетүү эми био ар түрдүүлүктүн кризиске кептелишиндеги негизги кыймылдаткыч болуп берди. Айыл чарбасынын 70 пайызы мал чарбасы жана эт өндүрүү менен байланышта",-дейт француз экологу Ян Лоранс.
Дүйнө кандай чечимге келет? Ушундан көп нерсе көз каранды. Докладдын авторлору биосферадагы мындан кийинки абалдын өнүгүшүнө бир топ жоромолдорду келтиришет.
Алардын баары, көңүл жубатпаган тенденциялар 2050-жылга чейин, андан кийин дагы уланышы мүмкүн, деп белгилешет.
Бир гана сценарийде адамзаттын чарбалык ишмердүүлүгүн өзгөртүү менен экологиялык катастрофанын алдын алып калса болоору айтылат. Экологдор мындай өзгөрүүнү трансформациялык деп аташкан.
Докладда ар кандай жалпы айтылган сунуш, кеңештер жок. Мунун ордуна болжолдуу чаралар көрсөтүлгөн. Негизги идеялардын бири - күүлөнгөн жана аягы бүтпөгөн экономикалык өсүш боюнча концепциядан баш тартуу. Окумуштуулар жашоо сапатын керектөөлөрдү өсүшүнө байланыштырып караган түшүнүктү өзгөртүү керек дешет.
Климаттын өзгөрүшү
Глобалдуу климаттын өзгөрүшү биосфераны бүлүндүрүүнүн фундаменталдуу фактору. 1980-жылдан бери абага бүркүлгөн парник газдарынын көлөмү эки эсеге көбөйдү. Ал эми планетанын орточо температурасы Цельсия боюнча 0,7 градуска жылыды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мунун өзү жаныбарлардын айрым түрлөрүнүн байырлаган жерлерин тарытып, тукум курут болуу абалына жеткирди.
"Бирок биологиялык ар түрдүүлүккө коркунуч жаратып жаткан факторлордун тизмесинде климаттын өзгөрүшү үчүнчү орунда турат,- деп белгилейт профессор Жон Спайсер. - Биринчи, экинчи орунда кургак жана суу жерлерди чарбалык максат үчүн иштетүү жана табигый ресуртарды түз эксплуатациялоо".
Трансформациялык өзгөрүүлөргө баруу идеясы бир эле өкмөт же жергиликтүү бийликтин аракетине байланыштуу эмес. Ар бир киши өзүнүн салымын кошуусу керек.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Биз эт жегенди азайтып, жашылча-жемиш жегенди көбөйтүшүбүз керек. Айыл чарбасынын туруктуу өнүгүүсүнүн жаңы ыкмаларын киргизе алабыз",- дейт окумуштуу Кейт Брауман.
Докладдын авторлору кырдаалды өзгөртүү үчүн саясий чечкиндүүлүк дагы талап кылынарын белгилешкен.
"Жалпы коомчулук үчүн көмүр казганга каражат сарптагандан көрө, кайра калыбына келип турган энергия булагын колдонуу пайдалуу болуп калышы мүмкүн",- дейт доктор Ринку Рой Чоудхури. - Буга кантип жетебиз? Демократиялык аракеттер аркылуу, добуш берүү, саясий каршылыктар аркылуу". (AbA)
*












