Монгол трагедиясы: Түтүндөн тумчуккан Улан-Батор
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, дүйнө калкынын 91 пайызы абасы булганган аймакта жашайт.

Алардын ичинен Монголия абасы эң булганыч өлкөлөрдүн бири болуп калды. Бул өлкөдө абанын температурасы 2.2 градуска көтөрүлдү. Мындан улам кургачылык болуп, миңдеген жылдар бою алыскы жайыттарда мал чарбачылыгы менен алектенген монголдор шаарды көздөй көчүүдө.
Эми алар баш калаа Улан-Батордун булганыч абасынан дем алып жатат. Албетте, бул көйгөй бир гана Монголияга таандык эмес. Окумуштуулар аймактагы абадагы зыяндуу заттын кескин жогорулаганын климаттык өзгөрүү менен байланыштырат.
Улан-Батор дүйнөдөгү абасы булганган шаарлардын бири болуп калды. Абадагы уулуу заттын деңгээлин аныктоо үчүн шаарга атайын жабдыктар орнотулган. Коопсуз деңгээл - 25 болсо. Жабдык абадагы зыяндуу заттын деңгээлин 999 көрсөтүп турат.
Улан-Батор кантип ушундай абалга кептелди? Бул суроонун жообу балким керилген монгол талааларында жаткандыр.
Ата-бабаларынын жолун жолдоп, кийинки өсүп келе жаткан муун деле монгол талаасында мал кармап күн кечирмектир. Бирок чөлкөмдөгү соңку жылдар кескин өзгөруп кеткен аба-ырайы мындай салтты бузду.
Эки жыл катары менен кургакчылык орун алып, кышындасы катуу суук болду. Быйыл болсо такыр кар жааган жок.
Баракча ачылбайт
Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.Facebook посттун аягы
"Аба ырайы экстремалдуу түрдө өзгөрө берсе, малыбыз кырылат. Мындай шартта мал багып, жан багуу мүмкүн болбойт. Балдарымдын малчы болушун болушун каалабайм",-дейт монгол аял.
Мындай бүлөөлөр башка монголдор сыяктуу эле шаарды көздөй көчуп кетүүдө.
Учурда Монголия калкынын жарымы борбор шаарда жашайт. Улан-Батордун тургундары болсо үйүн көмүр менен жылытат. Ал шаарды ууландырууда. Мунун кесепетинен жергиликтүү тургундардын ден-соолугу барган сайын начарлап жатканы айтылууда.
Беш айга араң толгон Иридни алты жолу ооруканага жатып чыкты.Дарыгерлер күн сайын жүздөгөн баланы кабыл алат. Бул көрсөткүч жыл сайын өсүү үстүндө.
"2018-жылы тез жардам бөлүмү күнүгө 270 баланы кабыл алды. Быйыл күн сайын 300дөй баланы алып келип жатышат. Колубуздан келишинче жардам көрсөтөбүз. Ымыркайлардын тез-тез эле ооруп келгени бизди кабатыр кылат",-дейт дарыгер Ганчулуун Зундуи.
Жаш балдардын ден-соолугу улам начарлап жатканына булганыч аба таасиринен деди дарыгер. Мындай көрүнүш келечекте өпкө рагынын эпидемиясына алып келиши мүмкүн.
Статистикага ылайык, жылына 7 миллиондон ашуун адам булганыч абанын таасиринен улам көз жумат. Мындай кейиштүү көрүнүш бир гана Монголияга гана таандык эмес. Башка дагы көптөгөн шаарларда абанын кирдеши чоң көйгөйгө айланды.
Тез арада шаардагы зыяндуу заттардын деңгээлин төмөндөтүп, климаттык өзгөрүүгө көңүл бурулбаса, Улан-Батордун абалы өтө кейиштүү болуп калышы мүмкүн.












