Глобалдык жылууланууга каршы күрөштө сиздин колуңуздан келген беш салым

Окумуштуулар климаттык жылуулануу биринчи кезекте Арктикага таасирин тийгизерин айтууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Окумуштуулар климаттык жылуулануу биринчи кезекте Арктикага таасирин тийгизерин айтууда

Глобалдык жылууланууга каршы күрөштө сиздин колуңуздан келген салымдар тууралуу сөз кылабыз.

Өткөн аптада Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык эксперттик топ жаңы маалыматтарды сунуштады. Анда биздин планетадагы абанын орточо температурасы 2040-жылга барып, индустриалдык доордогу деңгээлге салыштырганда, Цельсия боюнча 1,5 градустук чектен ашып түшөрү айтылды.

Эксперттердин пикиринде, мындай абал экстремалдык аба ырайынын тез-тез кайталанышына алып келиши мүмкүн. Айталы, кургакчылык, токойлордогу өрт, суу ташкындоолор, ошондой эле түшүм кыскарып, азык-түлүк тартыштыгы жаралып, дүйнөдөгү жүз миллиондогон кишилердин тагдырына таасирин тийгизет.

Климаттын өзгөрүшү

Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык эксперттик топтун докладында, эгерде дүйнө мындай чекти ашып өтүүдөн качам десе, чукул арада адамзат жашоо-турмушунда чоң өзгөрүүлөрдү жасашы керек деп айтылат.

Бул үчүн мен эмне кыла алам?

Мүмкүн болушунча сууну үнөмдүү пайдалангыла.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мүмкүн болушунча сууну үнөмдүү пайдалангыла

"Сергек ой жүгүртүүгө негизделген көптөгөн чаралар бар,-дейт докладдын автору жана координатору Аромар Реви. - Ар бир киши глобалдык жылуулануунун темпин жайлатууга жумшалган аракеттерде негизги катышуучу болуп калат".

Сиздин жеке турмушуңуздагы эле эл аралык аракеттерге кол кабыш кыла ала турган беш салым тууралуу айтып берели.

1. Коомдук транспортту көп колдонуу

Дубаи

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сиздин шаарда коомдук транспорт канчалык өнүккөн?

Шаарларда унаалардын көп болушу абага парник газдарынын бүркүлүшүн көбөйтүүдө. Сиз жеке унааңыздан баш тартып, жөө же велосипед, коомдук транспортту тандай аласыз.

"Эгерде сиздин өлкөдө коомдук транспорт жакшы өнүкпөгөн болсо, сиз шайлоочу катары буга кийгилише аласыз. Добушуңузду муну өнүктүрөм деген саясатчыга бериңиз",-дейт Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык эксперттик топтун тең төрагасы доктор Дебра Робертс.

Сиз жеке унааңыздан баш тартып, жөө же велосипед, коомдук транспортту тандай аласыз.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сиз жеке унааңыздан баш тартып, жөө же велосипед, коомдук транспортту тандай аласыз

Жеке унааңызды колдонуудан башка чараңыз жок болсо, электрунаасын алууга аракет кылыңыз. Узакка сапарга учакты же поездди тандаңыз.

Кезектеги командировкадан баш тартып, аны видеоконференция менен алмаштырыңыз.

2. Энергияны үнөмдөңүз

Кеп бул жерде альтернативалуу электр булактарына өтүү эле эмес, дегеле энергияны кыскартуу туралуу.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кеп бул жерде альтернативалуу электр булактарына өтүү эле эмес, дегеле энергияны кыскартуу туралуу

Жуулган кийим-кечелерди электр кургаткычта эмес, зымга жайып эле кургатыңыз.

Жылыта турган электр каражаттарын төмөнкү абалында эле иштетүү максатка ылайык. Кышында бөлмөнү жылуу кармаш үчүн мүмкүн болсо үйүңүздүн эшик-терезесин, чатырын жылуулаган оң болот.

Көп колдонбогон электр жабдыктарын өчүрүп эле салуу зарыл.

Электр жабдыктарын сатып алууда электр керектөөсүндөгү сандарга көңүл буруңуз.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Электр жабдыктарын сатып алууда электр керектөөсүндөгү сандарга көңүл буруңуз

Электр энергиясын үнөмдөгөн системаларды орнотууга аракет кылуу керек. Мисалы, күн менен суу жылыткычтар сыяктуу.

Кышында бөлмөнү жылуу кармаш үчүн мүмкүн болсо үйүңүздүн эшик-терезесин, чатырын жылуулаган оң болот.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кышында бөлмөнү жылуу кармаш үчүн мүмкүн болсо үйүңүздүн эшик-терезесин, чатырын жылуулаган оң болот

Бул чаралар сизге болбогон бирдемедей эле көрүнүшү мүмкүн. Иш жүзүндө мындай жол аркылуу көп энергия үнөмдөлөт.

3. Этти колдонууну кыскартуу

Этти өндүрүү дан өсүмдүктөрү, жашылча-жемиштерге салыштырганда, парник газдарынын абага масштабдуу бүркүлүшүнө алып келет.

Этти колдонууну азайтып, жашылча-жемиштерди көбүрөөк пайланыңыз.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Этти колдонууну азайтып, жашылча-жемиштерди көбүрөөк пайланыңыз

Париж саммитинде 119 өлкө агросектордо парник газдарын сыртка чыгарууну кыскартуу боюнча милдеттемени мойнуна алышкан. Ошол эле учурда бул максатка кантип жетүү чаралары корсөтүлбөй калган.

Бирок сиз жеке өзүңүз көп нерсени кыла аласыз. Этти колдонууну азайтып, жашылча-жемиштерди көбүрөөк пайланыңыз. Мындай кылуу кыйын болсо, аптасына бир жолу гана эт жегенге аракеттенип көрүңүз.

Ошондой эле сүт азыктарын кыскартуу зарыл. Аны өндүрүү жана ташып келүү дагы белгилүү өлчөмдө көмүр кычкыл газынын абага чыгышына алып келүүдө.

Жергиликтүү жана сезондук азык-түлүктөрдү алганга аракет кылыңыз жана ысырап кылып, тамак-ашты таштандыга ыргытпаңыз.

4. Таштандыларды утилизациялап, кайра иштетилгендерди пайдалан, ал тургай сууну дагы

Бул сууну пайдаланууга дагы мүнөздүү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул сууну пайдаланууга дагы мүнөздүү

Бизге тиричилик таштандыларын чогултуунун мааниси тууралуу көп айтышат. Бирок таштандыларды ташуу жана кайра иштетүү, албетте, атмосферага чоң өлчөмдөгү СО2 бүркүлүшүн шартайт эмеспи. Ошондой болсо дагы таштандыларды утилизациялоо электр керектөөлөрүн кыскартат. Эгерде кайра иштетилгендерди пайдалансак же масштабдуу керектөөлөрүбүздү кыскартсак, андан да жакшы бомок.

Бул сууну пайдаланууга дагы мүнөздүү.

"Биз сууну үнөмдүү пайдаланып жана кайра тазалап, калыбына келтирсек. Ошол эле маалда кишилердин көбүн жамгыр суусун дагы топтогонго тартсак",-дейт Аромар Реви.

5. Маалымат берүү жана окутуу

Ресурстарды үнөмдөө чараларын бала кезден эле үйрөтүү туура.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ресурстарды үнөмдөө чараларын бала кезден эле үйрөтүү туура

Климаттын өзгөрүшү эмне кесепеттерге алып келери тууралуу көп маалыматтарды таратып, аны кишилерге жеткирүү зарыл. Колуңуздан келсе коомдук топторду түзүп, жергиликтүү деңгээлдеги туруктуу чарбалык ыкмаларды жайылтууга болот.

Бакча техникаларды эксплуатациялоо кызыкчылыгындагы топторду түзүңүз.

"Бул чаралардын баары, эгерде аны күн сайын миллиарддаган кишилер колдонсо, туруктуу өнүгүүнү камсыздайт жана калктын жашоо деңгээлине таасирин тийгизбейт",-деп эсептейт Аромар Реви. (AbA)