Дүйнөдөгү биринчи "энергия аралы", Кыргызстандын аракети

Сүрөттүн булагы, Danish Energy Agency
Даниянын расмийлери үч миллион турак-жайга жетиштүү электр энергия жеткирген жасалма арал курууга уруксат берди.
Дүйнөнүн биринчи "энергия аралы" 18 футбол талаасына (120 миң чарчы метрге) барабар. Бирок аны келечекте үч эсеге чоңойтууга мүмкүн.
Түндүк деңизде жайгашкан жасалма арал 200 эбегейсиз чоң турбиналарды иштетип, шамалдан электр энергиясын өндүрөт. 210 миллиард кронага (34 миллиард доллар) баалаган "энергия аралы" Даниянын тарыхындагы эң ири курулуш долбоору болмокчу.
Дания "энергия аралы" аркылуу бир гана өз өлкөсүндөгү талапты канааттандыруудан тышкары, коңшу мамлекеттерге дагы электр энергиясын сатууну көздөйт. Өткөн жылдын аягында бул өлкө Түндүк деңизде мунай жана газга геологиялык чалгындоо жүргүзүүдөн толугу менен баш тарткан. Андан тышкары Дания 2050-жылга чейин көмүр суутектүү күйүүчү заттарды жерден казып алууну токтотот.

Сүрөттүн булагы, Danish Energy Agency
Электр энергияга болгон глобалдык талапты канааттандыруу жана айлана чөйрөнү коргоо үчүн дүйнөнүн булуң-бурчундагы мамлекеттер кайра толукталып турган энергияга басым жасап жатышат.
Климаттын өзгөрүүсү менен күрөштө кайра толукталуучу булактарды колдонуу маанилүү кадамдардын бири. Жашыл технологияга басым жасоо аркылуу абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтса болот.
Кайра толукталып туруучу булактардын катарына шамалдан, күндөн жана суудан электр энергия өндүрүү ыкмасы кирет. Көмүр сыяктуу казылып алынган отунду колдонбой, алтернативдүү энергия булактарына басым жасоо көмүр кычкыл газынын абага чыгышын азайтып, глобалдык жылуулануу жана климаттын өзгөрүүсү менен күрөшүүгө мүмкүн.

Кыргызстандагы алгачкы аракеттер
Кыргыз бийлиги жана эксперттер өлкөдөгү дарыяларга чакан жана орто гидроэлектр станцияларын куруп, электр энергиясын коңшу өлкөлөргө сатуу мүмкүн экенин белгилеп жүрөт. Бирок учурда электр жарыгын чет мамлекетке сатуу эмес, ички талапты канааттандыруу көйгөйү жаралууда. Айталы, 2020-жылы Кыргызстан 15 миллиард 200 миллион киловат саат электр энергиясын өндүргөн. Мындай көлөмдөгү электр жарыгы ички керектөөдөн ашкан эмес.

Сүрөттүн булагы, www.energo.gov.kg
Анан калса өлкө баш калаасы Бишкектеги абанын булганышы жыл өткөн сайын чоң көйгөйгө айланчудай. Ошондуктан алтернативдүү энергия булактарын издөөгө баары бир мажбур болот.
Өлкөдө башы башталган энергетикалык долбоорлор ондон ашуун. Алардын арасында Камбар-Ата-1 ГЭСи, Камбар-Ата-2 ГЭСи, Жогорку Нарындагы ГЭСтердин каскады, Токтогул ГЭСинин жаңыланышы бар. Бул ири долбоорлор качан ишке ашаары бүдөмүк бойдон. Бул долбоорлорго коңшу өлкөлөр кызыкканы менен, иш жүзүндө эч кандай жылыш боло элек.
Чынында СССР урагандан тарта суу башындагы Кыргызстан, Тажикстан менен суу этегиндеги Казакстан жана Өзбекстан ортосунда суу маселесине байланыштуу талаш-талкуу, түшүнбөстүктөр бар. Буга Кыргызстан менен Тажикстан гидроэнергетиканы өнүктүрүүгө, ал эми Казакстан менен Өзбекстан суу ресурстарын ирригациялык максатта гана колдонууга кызыкдар болуп жатканы себеп.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы, 1
Ал тапта жеке ишкер Кыргызстанды энергетикалык кризисинен чыгаруу жолдорунун бири катары шамалдан электр жарыгын өндүрүү экенин айтууда. Албетте, бир эле энергетикалык эмес, экологоиялык дагы кризисти алдын алуу аракети деп түшүндүрсө болот
"Бул дүйнөлүк тенденция, үч жылдан бери кагаз жумуштарын жыйынтыктадык. Жабдуулар келе баштады. 2020-жылы долбоорду ишке ашырып, энергия өндүрө башташыбыз керек эле. Бирок пандемия учурунда чек аралар жабылып, жүк ташуучу катнаштар токтогондуктан кечигип жатабыз",-дейт ишкер Кундус Кырбашева.
Кыргызстандагы шамалдан энергия өндүргөн турбиналар Орто-Токой суу сактагычынан алыс эмес аймакка орнотулат. Какыраган таштак жерге атайын илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөн.
"Адистерибизи үч жыл бою эсеп жүргүздү. Шамалдын ылдамдыгы, секундасына кандай сокку болорун, айлана-чөйрө маселеси дагы каралды. Мисалы, канаттуулардын миграциясы, кандай бийиктикте учат деген көйгөйлөргө көңүл бурулду. Себеби мунаралар андай бийиктикке жетпеши керек. Маданий мурас деген дагы принцип бар. Ошолордун баары дыкат изилденип, эч кандай зыян тийгизбегендей жер тандалып, анан ишке кириштик", -деп кошумчалады Кырбашева.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы, 2
Мындай долбоорлорду коңшу Өзбекстан менен Казакстан бир нече жыл мурун баштаган. Мисалы, Кытай Өзбекстандын Бухара облустунда шамал электр станциясын куруу долбоорун баштаган. Андан тышкары Ташкентте 750 кВт кубаттуулугунда шамал станциясы бар. Президент Шавкат Мирзиеев 2017-жылдан 2025-жылга чейин калыбына келүүчү энергия булактарын өнүктүрүү программасын бекиткен. Анда жашыл технологияга басым жасаган 810 долбоор бар. Өзбекстан Климат боюнча Париж келишимине кол койгондуктан, климаттык өзгөрүү менен күрөштөгү милдеттенмелеринен аткарууга умтулууда.
Казакстанда болсо кеминде он турбина электр жарыгын өндүрүүдө. Алардын кубаттуулугу ондогон мВт, ирилериники 100 мВттын тегерегинде.
Кыргызстанда болсо толукталып турчу энергия булактарын иштетүү боюнча мыйзам бар. Так ушу тармакка инвестор тартуу максатында кабыл алынган. Анын негиздемесиндеги эсепке таянсак, өлкө аймагында бир жылда шамалдан 245 млн. тонна отун (энергия) алса болот.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы, 3















