Дания мунай жана газ өндүрүшүн токтотот. Бул тарыхый чечимби?

Бурголоочу мунара

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Дания Түндүк деңизде мунай жана газга геологиялык чалгындоо жүргүзүүдөн толугу менен баш тартууда. Бул өлкө 2050-жылга чейин көмүр суутектүү күйүүчү заттарды жерден казып алууну токтотот. Ошого байланыштуу бийлик мындан кийин кендерди чалгындоого лицензия бербей турган болду.

"Биз пайдалуу кен байлыктарды казуунун дооруна акыркы чекитти койдук",-деди Климат маселелери жана энергетика министри Дан Йёргенсен.

Даниядагы Greenpeace өкүлчүлүгү бул чечимди чоң бурулуш атады. Евробиримдиктеги өлкөлөрдүн ичинен Дания мунай иштетүү боюнча лидер эсептелет. Өндүргөн көлөмү жагынан Норвегия менен Улуу Британиядан гана артта. Бирок алар ЕБ курамындагы өлкөлөр эмес. Данияда жыйырма мунайгаз кени бар жана ага 55 бургалоочу платформалар орнотулган.

Видеонун түшүндүрмөсү, Булганыч аба ден соолугубузга кандай таасир этет?

"Биз мунай өндүрүү боюнча Европа Биримдигиндеги лидер өлкөбүз жана биздин чечим дүйнө жүзү боюнча резонанс жаратат",-деди Йёргенсен.

Энергетика министрлиги бул чечим менен Дания 13 млрд крон (2,1 млрд доллар) жоготорун айтты.

Presentational grey line

Анализ

Би-Би-Си кабарчысы Адриен Мюррей

Даниянын чечиминин тарыхый мааниси бар. Дан Йёргенсен Би-Би-Си менен маегинде, буга чейин ири мунай өндүргөн өлкөлөрдүн бири да мындай кадамга барууга батынбаганын белгиледи. Дания өзүн климатты коргоо боюнча күрөшкөн лидер өлкөлөрдүн бири катары көрөт. Бирок анын мунай өндүргөнү мындай имиджине төп келбей жүргөн.

1970-жылдары өлкө Түндүк деңиздеги кендердин эсебинен миллиарддаган доллар пайда көрүп, ири социалдык программаларды ошонун эсеби менен ишке ашырган.

"Биз 2050-жылга барып климаттык жактан бейтарап болгубуз келет. Ошондуктан бизге башкалар ишениши үчүн жогорудагы чечим абдан маанилүү",-деди Йёргенсен.

Премьер-министр Метте Фредериксен азыркы өкмөт бийликке келген шайлоо өнөктүгүн "биринчи климаттык шайлоо" атаганы бар. Бирок акыркы учурларда бийликтин аракетсиздигин сынга алгандар көп болду. Соңку чечим өкмөттүн климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштү жактап жатканына далил болуп калмакчы.

Экономикалык фактор акыркы ролду ойногон жок. Мунайга болгон баанын төмөндөшү жана чыгымдардын көбөйүшү компаниялардын кызыгуусун бир топ жоготту. Бирок бул тармакта негизинен Даниянын батыш жээктеринен 4 миң киши иштей турганын эстен чыгарбоо керек.

Йёргенсен эми көмүртекти кармоо жана сактоо технологиясын иштеп чыгууга басым жасаларын белгиледи. Шамал энергиясын өнүктүрүү эсебинен жаңы жумуш орундары пайда болот.

Presentational grey line

Дания климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу көйгөйлөрдү көтөргөн өлкөлөрдүн алдыңкы сабында турат. Өлкө алдына амбициялуу максаттарды коюп жатат. 2030-жылга барып атмосферага бүркүлгөн көмүр кычкыл газын 1990-жылга салыштырмалуу 70 пайыз азайтууга умтулууда. Ал эми 2050-жылга барып көрсөткүч нөлгө түшүшү керек.

жумушчулар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Greenpeace өкүлү Хелен Хагель Дания өзүн жашыл кыймылдардын лидери катары көрсөтө аларын белгилеп, климатка өндүрүш аркылуу зыян алып келип жаткан башка өлкөлөрдү дагы шыктандыра аларын айтты.

Көп өлкөлөр климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөштү күчөтүү убадасын берген. Айталы, Британия 2030-жылга барып, көмүр кычкыл газын 1990-жылга салыштырганда 68% кыскартууга умтулууда.

Бирок окумуштуулар мамлекеттердин парник газынын абага бүркүлүшүн кыскартуу аракеттери глобалдык жылуулануу жараянын артка кайтарат дегенге кепилдик жок экенин эскертүүдө.