"Планета бүлүндү": БУУ баш катчысынын кайрылуусу

Сүрөттүн булагы, Reuters
Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш климаттын глобалдык жылышы жана анын кесепеттери тууралуу пландарын жарыялады.
"Планета бүлүндү", -деди Гутерриш Би-Би-Синин атайын иш чарасында сүйлөгөн сөзүндө.
Адамзат табиятка каршы өзүн жок кыла тургандай согуш жүргүзүүдө. Бирок табият дайыма жооп кылып, өтө каардуу жана кубаттуу сокку жолдоп жатат.
"Планетанын абалы" аталган кайрылуусунда атмосферага бүркүлгөн зыяндуу газдарды нөлгө түшүрүүгө жетүү үчүн коалиция түзүү планын жарыялады. Кеп бул жерде парник газдарын кыскартуу тууралуу жүрүүдө.

Сүрөттүн булагы, EPA
Гутерриш ар бир өлкө, шаар жана каржылык институт жана компания 2050-жылга барып зыяндуу заттардын абага бүркүлүшүн нөлгө түшүрүү боюнча план кабыл алышы керектигин кабарлады. Ошол эле маалда бул пландардын аткарылышын жана жүзөгө ашуусун катуу талап кыла турганын кошумчалады.
План боюнча 2030-жылга барып парник газдарынын глобалдык деңгээли 2010-жыл менен салыштырганда 45 пайызга кыскарат.
Мындай максаттар өтө эле амбициялуу экенин Гутерриш моюнуна алып, аны ишке ашыруу үчүн чечкиндүү аракеттер талап кылынаарын эскертти.
"Илимий тыянактар айдан ачык. Эгерде дүйнө жүзүндө отундун (күйүүчү май) жер астынан казып чыгарылуучу түрүн өндүрүүнү 2030-жылга чейин жылына 6 пайызга кыскартпаса, абал өтө оор болот...Макулдашылбаган аракеттер менен биз катастрофанын алдында турабыз. Ушул эле жүз жылдыкта температура үчтөн беш градуска чейин жылышы мүмкүн",-деди башкы катчы.
Гутерриштин айтымында, зыяндуу заттардын абага бүркүлүшүн токтотуу үчүн ар кайсыл өлкөлөр өзүнүн амбициялуу пландарын жарыялап, эл аралык климат келишимине ылайык милдеттемелерди алат.
"Биоартүрдүүлүк кыйрап, чөлдөрдүн аянты көбөйүп, океандар желим калдыктарга тумчугууда. Ири өрт кырсыгы жана суу ташкыны, циклон жана бороондор адаттагы көрүнүшкө айланып калды",-деди Антониу Гутерриш.
Ноябрда өтө турган Бириккен Улуттар Уюмунун климат боюнча жыйыны дагы кийинки жылга жылдырылды. Ал Шотландиянын Глазго шаарында 2021-жылы ноябрда өтмөкчү.
"Биз коопсуз жана туруктуу, акыйкат жолун табышыбыз зарыл. Ал эми планетага каршы согушту тез арада токтотууга тийишпиз",-деди Гутерриш.(AbA)















