Ак аюулар 2100-жылга чейин тукум курут болушу ыктымал

Сүрөттүн булагы, Katharina M Miller
Соңку изилдөөгө ылайык, адам баласы климаттык өзгөрүүсү менен күрөштү күчөтпөсө, ак аюулар 2100-жылга чейин тукум курут болушу мүмкүн.
Окумуштуулар Арктикада муз тездик менен эрип жаткандыктан, ак аюулардын саны кооптуу чекке чейин азайганын эскертүүдө. Ак аюулар тоңуп турган музду аңчылык үчүн колдонот. Муз эрип же бөлүнүп калса, жаныбар аргасыздан алыска басып, аңчылык кылат. Аралык алыс болгондуктан өзгөчө аюулардын мамалактары коркунучка кабылган.
"Ак аюулар климаттык өзгөрүүнүн кесепетинин курмандыгы болуп калды. Ак аюулар планетанын эң жогорку чегинде байырлайт, муз эрип кетсе алар эч жака кете албай калат",-дейт Торонто университетинин окумуштуусу Питер Молнар.

Сүрөттүн булагы, Polar Bear International
Изилдөөлөр муз эриген сайын, ак аюулардын саны кыскарып жатканын тастыктады. Ал эми Nature Climate Change журналына жарыяланган жаңы изилдөө, ак аюулардын тукум курут болуу болжолдуу мөөнөтүн аныктады. Окумуштуулар ак аюулар аңчылыкка канча энергия коротуп жатканын карашып, муз эрип калса кандай алыстыкка басып барууга мажбур болорун санашкан.
"Изилдөө алгач мамалактар кырыларын аныктады. Башкача айтканда, ургаачы аюулар мурдагыдай эле тууй берет. Бирок алар май топтой албай калгандыктан, мамалактарына жетиштүү сүт бере албай калат",-дейт изилдөөгө катышкан окумуштуу Стивен Амструп.

Сүрөттүн булагы, BJ Kirschhoffer
Демек, абал өзгөрбөй ушул нукта жыла берсе, 2100-жылы саналуу гана ак аюулар тирүү болот. Парник газдарынын абага бүркүлүшү азайтпаса, ак аюулар коркунучта кала берет.
Буга чейин окумуштуулар 2100-жылдары саналуу гана ак аюулар калат деп жоромолдошкон. Алар планетанын эң алыскы түндүк тарабында байырлап калары айтылууда.
Муздун эригени аймактагы башка жандыктарга дагы коркунуч түзүүдө. Тоңуп калган деңиздин суусу ар түрдүү жандыкка табигый чөйрө түзүп берет. 1970-жылдан бери Арктикадагы муз 10 жыл сайын болжолу 13 пайызга кыскарды. (AT)











