Сибирдин суук аймагында +38°C катталды

Верхоянск

Сибирдин Верхоянск чакан шаары планетадагы эң суук жерлердин бири саналып жүрөт. 1892-жылы бул аймакта эң суук температура -67,7°C катталган. Бирок өткөн ишембиде температура кескин жогорулап, 38°C болду.

Бул рекордду алдыда аныктоо зарыл. Кандай болгон күндө дагы Сибирдин чакан шаарында июндагы температура күтүүсүз болду. Анткени буга чейин 20 градустан ашкан эмес.

Муну бир эле жолу болгон кубулуш катары караса деле болот. Бирок июндун башынан тарта Сибирдин башка аймактарында дагы температура 30 градус болууда. Май айында болсо Красноярск аймагындагы Хатангада жаңы рекорд (+25,4°C) катталды.

"Биз жылдан жылга температуралык жаңы рекорддорду көрүп жатабыз. Бирок Арктика баарынан тез жылууланууда. Ошондуктан бул чөлкөмдөгү жаңы рекорд таң калтырбай деле калды. Алдыдагы жылдарда бул сыяктуу көрүнүштөргө көп күбө болобуз",-дейт Бристол университетинин окумуштуусу доктор Дэнн Митчелл.

карта

Климаттын өзгөрүшүн көзөмөлдөгөн кызматтын (C3S) маалыматы боюнча 2020-жылдын май айындагы Аляскадагы орточо температура, Европанын, Түндүк жана Түштүк Америка, Африка жана Антарктидадагы көрсөткүчтөр 1981-2010-жылдарга салыштырганда 0,63°C жогору болгон.

Адистердин айтымында, күтүүсүз жылуулануу дал азыркы маалда Батыш Сибирде болуп жатат. Анан калса мындай тенденция бир нече айдан бери байкалууда.

Якутиядагы ысык аптаптан токой өртү тутанган

Сүрөттүн булагы, TASS/Yevgeny Sofroneyev

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Якутиядагы ысык аптаптан токой өртү тутанган

C3S маалыматына караганда бул жылы Об жана Энесай дарыяларында муз өтө эрте эриди. Арктикадагы жылдык орточо температура XIX кылымдагы көрсөткүчкө салыштырганда эки градус көтөрүлдү.

Адистер парник газдарынын абаны булгоосу токтобой, ошол эле маалда түбөлүк жаткан тоңдордун эрип жатышын чоң коркунуч катары көрсөтүүдө. Алардын эсебинде, канадалык жана орусиялык тайгаларга бир триллион тонна көмүр кычкыл газы туура келет. Бул бүткүл дүйнөдөгү атмосферага бүркүлгөн газдын жылдык көрсөткүчүнөн 40 эсе көп. (AbA)