Норильскидеги авария: көк жалтаң муздун эришинин кесепети

Сүрөттүн булагы, Kirill Kukhmar/TASS
Норильск аймагындагы заводдогу авариядан дарыяга ири өлчөмдө мунай төгүлүшү орусиялык Арктикадагы чоң экологиялык кырсык болуп калды.
Окумуштуулар муну эрибей тоңуп турган көк жалтаң муздун бузулушунун кесепти катары карап жатат. Окумуштуулар мындай тобокелчилик тууралуу мурдатан эле эскертип келишкен. Анын инфраструктура үчүн болжолдуу чыгымдарын миллиард долларга баалашкан эле.
29-майда "Норилск никель" же "Норникель" жүз пайыз ээлик кылган "Норилск-Таймыр"энергетикалык компаниясынын резервуарынын пайдубалы чөгүп, мунай сактаган кампасы жарылып кеткен. Андан 15 миң тонна дизел мунайы Далдыкан жана Амбарная дарыясына төгүлүп, алты миң тонна мунай жерге сиңип кеткен.
Амбарная дарыясы Пясино көлүнө куюлат, андан ары Карск деңизге агат.
16-июнда "Норникель" компаниясынын биринчи вице-президенти Сергей Дяченко авария болгон жерден төгүлгөн майдын 90 пайызын тазаладык деп билдирди. Бирок расмий билдирүүлөрдө деле мунун кесепети узак убакытка чейин байкалып турары айтылууда.
Маселен, Орусиянын айыл чарба министринин орун басары Ильия Шестаков Норильск суусундагы биотүрдүүлүктү калыбына келирүүгө кеминде он жыл сарпталарын белгиледи.

Сүрөттүн булагы, Kirill Kukhmar/TASS
"Норникель" кырсыктын себебин түбөлүк турган тоңдун эриши менен түшүндүрдү. Росприроднадзор өткөн апталарда "Норилск-Таймыр" энергетикалык компаниясынын резервуарындагы жумушту токтотту.
Түндүк тарапта мындай авариялар көп катталууда. Окумуштуулар муну түбөлүк турган тоңдун эриши менен байланыштырып жатат. Бул сыяктуу аварияларга бир нече факторлордун жыйындысы себеп болгон.
"Имарат кирпичтен курулган, укмуш жарылыптыр. Мага ал жактан чалып ""биздин институттан жарка кетти" дешсе, мен жамаатта ушундай болуптур деп ойлодум. Көрсө, имараттан жарака кетип, авариялык абалда болуп калыптыр",-дейт Орусиянын Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн илимий кызматкери Игорь Махатков. Ал Норильск аймагындагы айыл чарба бөлүмүнүн имараты тууралуу айтып жатат.
2009-жылы сентябрдын соңунда экинчи жана үчүнчү кабаттардын ортосунан жарака пайда болгон. Ал жарака кеңейип кетип, имарат авариялык абалда деп табылган. Табияттагы өзгөрүүлөр бул сыяктуу имараттарга сөзсүз таасирин тйигизет дейт географ профессор Дмитрий Стрелецкий.

Сүрөттүн булагы, Kirill Kukhmar/TASS
"Эгерде сиз 1960-70-80-жылдары имарат курган болсоңуз, ошол маалдагы өзүңүзгө белгилүү мүнөздөмө менен саласыз. Акырындап баары өзгөрө берет, анын ичинде климат да өзгөрөт. Арктикада климат тездик менен өзгөрүп турат. Башка жерге салыштырганда, 2,5 эсе тез".
Айрым учурларда тоңдун эриши же пайдубалдын чөгүшү авариялардын негизги себептеринин бири катары аталууда. 2003-жылы Якутск аймагында беш кабаттуу турак жай урап калган. Анын себеби катары курулуштун технологиясы бузулганы айтылган эле. Турак үй акырындык менен урап түшкөндүктөн, тургундардын баары сыртка качып үлүгүрүшкөн. Бул сыяктуу бир нече мисалды тартса болот.
Уюлдун тегерегиндеги аймактарды изилдеп көрүшкөндөн кийин, болжолу инфраструктуранын 70 пайызы жана 1200 калктуу конуштар (көпчүлүгүндө беш миңден көп киши жашайт) түбөлүк тоң эрип баштаган аймактарда жашайт деген тыянакка келишти. Айрым маалыматтар боюнча 2050-жылга барып эрип кетет деген божомол бар. Бул тууралуу Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык эксперттер тобунун отчетунда айтылган.
Көпчүлүк бул аймактагы мунай, газ жана башка өндүрүш өтө чоң коркунучтун алдында калат. Изилдөө "Natural Communications" журналына жарыяланган. Көк жалтаң муздун ээриши чөлкөмдүн 48-87% инфраструктурасы жайгашкан аймакта. Ушул сыяктуу изилдөөлөрдү окумуштуулар бир нече жолу жасап, болжолдуу жоготуулар тууралуу айтып келишет. Айталы, 2019-жылы Nature журналына жарыяланган изилдөөдө, Арктикадагы түбөлүк тоңдун эришинен дүйнөлүк экономикага зыяны $24,8 - $66,9 трлн. чейин болот деп айтылган.
Климаттын өзгөрүшү боюнча изилдеген окумуштуулар Сибирь температуралык рекорддорду жаңылап жатканын белгилөөдө. Европа комиссиясынын атайын долбоору менен иштеген окумуштуулар ушул жылдын май айындагы температура Сибирдин айрым аймактарында ортодон 10 градус жогору болгонун белгилеп, "кооптуу коңугроо" деп аташкан эле.
Орусиялык окумуштуулар Ыраакы Чыгыш жана Арктикадагы көк жалтаң муздардын ээриши боюнча мониторинг жүргүзүүнүн жаңы системасын иштеп чыгууда.
Жапайы жаратылыш боюнча дүйнөлүк фонд (WWF) жана "Гринпис" түбөлүк тоңдун эриши бул ишканын эксплуатациялоодогу мүчүлүштүктөрдү жашыруу үчүн колдонулган "тумандуу чүмбөт болушу мүмкүн" деп эсептейт. Авариянын себебин, резервуарлар СССР учурунан бери өзүнүн ресурстарын актап бүттү деп эсептейбиз, деди уюмдун өкүлү.
Ростехнадзор маалыматы боюнча авариянын себептеринин бири - жабдыктарынын эскилиги жеткенинен улам болушу мүмкүн экенин четке какпайт. Так себеби техникалык изилдөөдөн кийин белгилүү болот деди аталган мекеме.
Окумуштуулардын айтымында, түндүк шаарларга караганда, башка жалпы өндүрүш объектилериндеги кырдаал жакшы.
Архитектуранын тарыхы боюнча адис Сергей Куликов, эгерде алдыдагы жылдарда глобалдык жылылануу улана берчү болсо, түндүктөгү курулуштарды жаңы ыкмада куруу зарылчылыгы келип чыгат. Мобилдүү курулуштарды куруп, керек учурда жыйнап, башка жайга көчүрүп кете тургандай кылыш керек деп эсептейт окумуштуу.
Мария Киселеванын макаласы айрым кыскартуулар менен сунушталды













