"Арктикадагы катастрофа”: Норильскдеги дарыяга төгүлгөн мунай

Сүрөттүн булагы, AFP
Дээрлик бир апта мурун Норильскдеги мунай заводунда авария болуп, 21 миң тонна мунай дарыяга төгүлдү. Экологдор кырсыкты Арктикадагы ири катастрофа катары мүнөздөшүүдө. Кырсыкка ким күнөөлүү жана анын кесепетин кантип жоюлат?
29-майда "Норилск никель" же "Норникель" жүз пайыз ээлик кылган "Норилск-Таймыр"энергетикалык компаниясынын резервуарынын пайдубалы чөгүп, мунай сактаган идиши жарылып кеткен. Андан 15 миң тонна дизел мунайы Далдыкан жана Амбарная дарыясына төгүлүп, алты миң тонна мунай жерге сиңип кеткен.
Амбарная дарыясы Пясино көлүнө куюлат, андан ары Карск деңизге агат. Кырсыктын ири масштабын аңдаган Орусиянын бийлиги күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга киришти.
Жакында эле онлайн конференция аркылуу президент Владимир Путин дагы күнөөлүүлөр жазасын алышы керек экенин белгиледи.
Эл аралык Greenpeace уюму окуяны Арктика аймагындагы эң ири кырсыктардын бири катары атады. Экологдор анын кесепетин жоюуга дээрлик он жыл мөөнөт керек экенин айтышууда.
"Кырсыктын кесепети оор. Сууну тазалап чыгуу үчүн гана бир миллиарддан ашуун каражат керек. Ал эми жерге сиңип кеткен мунайды тазалоого андан дагы көп акча талап кылынат",-деди Жаратылыш ресурстары жана экология министринин орун басары Елена Панова.
Кырсыктын кесепетин жоюу аракети
"Норникель" компаниясынын биринчи вице-президенти Сергей Дяченко көйгөйдү жоюунун так долбоору иштелип чыгарылгыча, сууда калкып турган мунайды атайын идиштерге сордуруп, сактап туруу чечимин жарыялады.
Ишемби күнү Норильскке 16 тонна баткыдай мунай сактачу эки идиш жеткирилет. Учурда Амбарная дарыясына төгүлгөн мунай андан ары көлгө агып кетпеши үчүн атайын каражаттар менен тосулуп турат. Ал эми мунай сиңип кеткен жер аймактан казылып алынып, аны тазалоо жолдору каралууда.

Сүрөттүн булагы, AFP
Орусиянын жаратылышты көзөмөлдөө мекемеси Пясино көлү коркунучта эмес экенин билдирди.
"Дарыяга төгүлгөн мунай Пясино көлүнө, андан ары Карск деңизди көздөй жылып бара жатат деп айтуу катачылык. Атайын каражаттар менен дарыяга төгүлгөн мунайды тосуп турабыз",-деди Норильск аймагын өнүктүрүү агенттигинин башчысы Максим Миронов.
Ал эми эксперттер дарыяга төгүлгөн мунайды толугу менен сордуруп алуу мүмкүн эмес экенин белгилеп жатат.
"Мунайды тосуп турган каражаттар анын андан ары агып кетишин токтотуп турат. Бирок тез арада маселе чечилбесе, мунай дарыянын түбүнө сиңип калат. Андан кийин дарыяны тазалап чыгуу узакка созулган, оор ишке айланат",-деди Экология институтунун окумуштуусу Моргунов.

Сүрөттүн булагы, Denis Kozhevnikov/TASS
Жоопкерчилик кимдин моюнунда
Орусиянын тергөө комитети Норильскдеги авария боюнча төрт кылмыш ишин козгоду - жердин булганышы, суунун булганышы, жаратылышты коргоо эрежелерин бузгандыгы жана шалаакылык.
Шалаакылык беренеси убагында өзгөчө кырдаал боюнча маалымат берилбегени үчүн козголду. Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министри жана Красноярск аймагынын губернатору кырсык боюнча эки күндөн кийин гана кабар алышканын президент Путинге даттанышкан. "Норникель" компаниясы болсо кырсык тууралуу убагында кабар бергенин белгилеп, дооматтарды четке кагууда.
Бейшемби күнү "Норникель" компаниясынын кызматкери, резервуар жайгашкан цехинин башчысы Вячеслав Старостин камакка алынды. Ал көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Андан башка эч ким камакка алына элек.

Сүрөттүн булагы, Russian Investigative Committee/TASS
Думанын депутаты Александр Якубовский Орусиянын тергөө комитетине "Норникель" компаниясынын ээсин Владимир Потанинди убактылуу иштен четтетүүнү суранды. Депутаттын айтымында, Потанин баш болгон компаниянын жетекчилери 1985-жылы курулган резервуарларды беш жылдан бери оңдоп чыгууга каражат бөлүүдөн баш тартып келишкен. Forbes журналына ылайык Потанин Орусиядагы эң бай киши.
"Норникель" компаниясы болсо Арктикада күн абдан жылып, тоңуп турган жер дагы эрип, резервуардын пайдубалы чөгүп кеткенин айтууда.
"Норникелдин" акциялары бейшемби күнү 9.5 пайызга төмөндөдү. Ал эми миллиардер Потаниндин байлыгы бир күндүн ичинде 1.5 миллиард долларга кыскарды. Буга карабастан Forbes журналы Потанин дагы деле Орусиядагы эң бай адамы бойдон кала берет деп билдирди. (AT)













