"Cапар": Глобалдык жылуулук жана анын мөңгүлөргө таасири
Окумуштуулардын айтымында, глобалдык жылуулуктун айынан Антарктида материгин көздөй жылуу шамал үйлөп, муз катмарын жана мөңгүлөрдү ээритип жатат. Туэйтс муз катмары ээрип калса, дүйнө жүзү боюнча деңиз деңгээли үч метрге чейин көтөрүлөт. Бул жолу Би-Би-Си кабарчылары окумуштуулар тобуна кошулуп, Туэйтс мөңгүсүнүн алдына биринчи жолу атайын технология менен түшүп, жагдайды түшүнүүгө аракет кылды.