Арктикага саякат: муз үстүндө 1800 чакырым жөө басуу
Норвегиялык Борге Усланд менен ТАР жараны Майк Хорндун Түндүк уюлга болгон экспедициясы ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Сүрөттүн булагы, AFP
Алардын жүрүшү сентябрь соңунда башталган. Изилдөөчүлөр муз үстүндө болжолу 1800 км жол басышты. Экспедициянын негизги максаты - муздардын ээриши боюнча маалымат чогултуу эле. Окумуштуулар бул көрүнүштү глобалдык жылуулануу менен байланыштырат.
Экспедиция ноябрдын орто ченинде жыйынтыкталышы керек эле. Бирок аба-ырайындагы кескин өзгөрүүлөр изилдөөчүлөрдүн графигин артка жылдырды.
Жума күнү алардын азык-түлүгү түгөнүп, бирок убагында артынан жардам жетип келди. Норвегиялык изилдөөчүлөр Бенгт Ротмо жана Александр Гамме экспедицияга кошулуп, "Ланс" кемесине чейин келишти.
Норвегиялык экспедиция Хорн менен Усландды таап келгенден кийин жүрүштүн уюштуруучусу Ларс Эббесен эки топ менен тең спутник аркылуу байланышып турду.

Сүрөттүн булагы, AFP
Би-Би-Сиге Эббесен буга чейин Хорн менен Усланд тик учак аркылуу эвакуациядан баш тартканын билдирген эле. Бирок норвегиялык экспедиция менен жолугууга макул болгон.
Алардын азык-түлүгү түгөнүп, бороон-чапкындан улам сырт дүйнө менен байланышсыз калган. Экинчи топ жетип барбаганда ачка калуу коркунучу бар эле.

Сүрөттүн булагы, Mike Horn website

Сүрөттүн булагы, mikehorn.com

Сүрөттүн булагы, Instagram/Mike Horn
Усланд менен Хорндун муз үстүндөгү жүрүшү 23-сентябрда башталды. Жүрүш учурунда аба-ырайы кескин өзгөрүп (-40°C болуп, кайра +2°C ысып) турган. Изилдөөчүлөр муну глобалдык жылуулануунун кесепети деп эсептейт.

Сүрөттүн булагы, AFP
Усланд 57 жашта, ал эми Хорн 53кө чыкты. 2006-жылы алар эч кандай транспорттун жардамысыз, жөө жалаңдап Түндүк уюлга жеткен биринчи кишилер болуп калышкан. (AbA)
*








