Окумуштуулардын оозун ачырган Түндүк уюл түлкүсү

Түндүк уюлдун жаш түлкүсү норвегиялык Шпицберген архипелагынан Канаданын Элсмир аралына чейин эки жарым айдын ичинде 3500 км. жолду басып өтүп, зоологдорду айраң-таң калтырды.

түлкү

Сүрөттүн булагы, Universal Images Group/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Азык издеген түлкү өтө узак аралыкты басып өтөт

"Ак түлкү окумуштуулардын оозун ачырды",-деп жазат гренландиялык Sermitsiaq басылмасы.

Норвегиялык изилдөөчүлөр түлкүгө GPS байлап, өткөн жылдын март айында аны Шпицберген архипелагына эркиндикке коё беришкен. Бир жашка толо элек түлкү азык издеп батышты көздөй жойлоп жөнөйт. 21 күн дегенде Гренландияга жетип, 1512 километр басып өттү.

Андан кийин түлкү саякатынын экинчи этабына өттү. Эми аны изилдөөчүлөр канадалык Элсмир аралынан байкашты. Биринчи барган жеринен эки миң километр батыш тарапта. Бул Шпицбергенден чыккандан 76 күндөн кийин эле.

түлкү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түлкүнүн териси 50 градус аяздан коргойт

Изилдөөчүлөр кээ бир күндөрү түлкү 46 километр аралыкты басып өтүп, айрым суткаларда 155 километрге чейин жол басканына таң калып жатышат.

"Башында биз көргөн көзүбүзгө ишенген жокпуз. Аны атып өлтүрүшүп, кемеге салып кетишкен го деп ойлодук. Бирок GPS көрсөткөн аймакта эч кандай кеме жок эле",-деп айтып берди изилдөөчүлөрдүн бири Ева Фуглей NRK басылмасына берген маегинде.

Норвегиядагы табиятты изилдөө институтунун окумуштуулары Ева Фуглей менен Арно Тарру түлкүлөр Арктикадагы мезгил алмашууну кандай кабыл аларын изилдешкен эле.

"Жайкысын жегенге азыгы мол эле болот. Кыш келгенде кыйынчылык башталат. Мына ошол учурда түлкүлөр жер которо башташат. Бирок бул түлкү өтө эле узак жол басты",-дейт эксперт.

Изилдөө институту түлкү токтоп, өргүгөн убакыттын дагы графигин түзгөн. Түндүк Гренландияны басып өткөн учурунда эки мерте токтогон.

Бугулардын көбөйүшү бул - Шпицбергенди байырлаган жырткычтардын жан багуу айласы

Сүрөттүн булагы, DeAgostini/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бугулардын көбөйүшү бул - Шпицбергенди байырлаган жырткычтардын жан багуу айласы

Анын мойнундагы каргынын мөөнөтү жетип, түшүп калды. Ошондуктан түлкүнүн кайда жүргөнүн билүү азыр кыйын.

Арктикалык муздардын ээриши түлкүлөрдүн Исландияга өтүп келүүсүн чектеди. Шпицбергенде алар сырт дүйнөдөн бөлүнүп калышы мүмкүн. Изилдөөчүлөр норвегиялык архипелагдагы жогорку температура аралдагы бугулардын туягын көбөйтөт деп эсептейт. Кырсыктап өлгөн бугулар түлкүнүн жеми болот. (AbA)