Радиация жана Чернобыль. Бүлүнгөн аймактагы жапайы жаныбарлар
Украиналык окумуштуулар Чернобылда кайрадан жапайы жаратылыш калыбына келип жатканын айтууда. Өлкөдө сейрек кездешкен жан-жаныбарлар аймакты байырлай баштады.

Сүрөттүн булагы, BBC News Украина
Чернобылдагы өзөктүк коопсуздук, радиоактивдүү таштандылар жана радиоэкология боюнча борбордун биологу Сергей Гащак аймактагы экологиялык абалды көп жылдан бери изилдеп келет. Ал фотокапкандардын жардамы менен жергиликтүү биотүрдүүлүктү байкоо алат.

Сүрөттүн булагы, BBC News Украина
Гащак бул аймакта 1990-жылдан бери иштейт. Анын айтымында, бул жерди киши буту баспай калгандан бери канаттуулар менен жаныбарлардын көп түрлөрү пайда болду.

Сүрөттүн булагы, BBC News Украина

Сүрөттүн булагы, BBC News Украина

Сүрөттүн булагы, BBC News Украина
Бугу, багыш, карышкыр, сүлөөсүн, жапайы жылкылар көбөйүп жатат. Ал тургай зубрлар пайда болду. Окумуштуулар зубрлар Беларусиянын аймагынан өтүп келген болушу мүмкүн деп болжойт.

Сүрөттүн булагы, BBC News Украина

Сүрөттүн булагы, BBC News Украина
Чернобыль аймагында карышкырлары үйүрлөрү пайда болгон.

Сүрөттүн булагы, BBC News Украина

Сүрөттүн булагы, BBC News Украина

Сүрөттүн булагы, BBC News Украина

Сүрөттүн булагы, BBC News Украина

Сүрөттүн булагы, BBC News Украина
Албетте, айрым жетишпестиктер жок эмес. Айталы, альбиностор көп кездешет. "Өлүү токойдогу" курт-кумурскалардын өмүрү адаттагыдан кыска. Кемирүүчүлөр болсо азыраак тукум улап калышкан. (AbA)








