Гималайдагы жашоо: кашмир эчкилери, тыбыт жана климаттын өзгөрүшү
Британдык фотограф Эндрю Ньюи чангпа элинин жашоо-турумушун сүрөткө тарткан. Жарым көчмөн саналган чангпа эли илгертен эле кашмир эчкилерин багып, тиричилик кылат. Кашмир эчкилери алардын маданияты менен тыгыз байланышып калган. Бирок азыр климаттын өзгөрүшү аларды кыйын абалга кептеди.

Сүрөттүн булагы, Andrew Newey
Эндрю Ньюи индиялык Ладакх аймагында бул көчмөн элге аралашып эки апта жүрдү.
Көчмөндөр эчкиден жогорку сапаттагы тыбыт алат.
Ладакхдагы саякаты учурунда фотограф чангпа эли жана алардын узактан келе жаткан салт-санаа, калыптанган жашоо образы коркунучта турганын билди.
"14 миң фут [4267 метр чамалуу] бийиктикте, кышында температура Цельси боюнча -40 градуска чейин суук болгон чөлкөмдө, жана муз тиштеген какыраган аймакта кимдир бирөө жашайт дегенге ишенүү кыйын",-дейт Эндрю Ньюи.

Сүрөттүн булагы, Andrew Newey
"Гималай жана Каракорум тоо кыркаларынын ортосунда жайгашкан бул чөлкөм кишилер жашаган эң бийик аймактардын бири. Ошондой эле бул бөксө тоолор сейрек кездешкен чангра, кашмир эчкилеринин мекени саналат",-дейт фотограф.
Чангра эчкилери бийик тоолорго ыңгайлашкан. Бирок суук жана кардан улам алар тоютсуз калышат. Ладакханын автоном кеңеши аларды жуттан сактап калуу үчүн жем, чөбүн жеткирип берүүдө.

Сүрөттүн булагы, Andrew Newey
Бийик, суук жана шамал уулуган чөлкөм бул жаныбарлардын көбөйүшүнө ыңгайлуу саналып келген. Алардын жүнү 8ден 10 микронго чейин. Кашмир эчкилеринин жүнү башкаларга караганда сегиз эсе жылуу болот.
Бул жүндөн алынган ткань дүйнөдө өтө белгилүү жана баасы дагы кымбат.

Сүрөттүн булагы, Andrew Newey
Чангпа эли да эзелтен бери өздөрү асыраган жандыктар сыяктуу эле чыдамкай болуп калган.
Чабандар жайыт издеп тоодон тоого кыдырышат. Бир ай ичинде оңбогондой жерди басып өтүшөт.

Сүрөттүн булагы, Andrew Newey
"Чангпа элинин бул салттуу жашоо образы азыр коркунучка кептелди. Анткени көп сандагы кытайлык жасалма тыбыттар пайда болду. Жаш муундагы чангпалыктар билим алып, жеңил жана жакшы шартта жашоого умтулууда",-дейт Эндрю Ньюи.

Сүрөттүн булагы, Andrew Newey


Сүрөттүн булагы, Andrew Newey
Чабандар жана окумуштуулар бир ооздон "чөлкөмдөгү климаттын өзгөрүшү бул жердеги чарбага чоң коркунуч" деп эсептешет.
"Чангтан бөксө тоолорунда адатта кар аз түшөт. Кар түшкөн мезгил январь же февралга мүнөздүү. Бирок акыркы жылдары ноябрь-декабрдан тарта эле кар катуу жаап салууда",-деп айтып берди фотограф.
Ошондуктан тоого тоют жеткирүүдөн башка чара жок. Антпесе эчкилер жуттан кырылчудай.

Сүрөттүн булагы, Andrew Newey
Чөлкмөдүн кышы барган сайын жылуу болуп баратат. Климаттын өзгөрүшү менен кашмир эчкилеринин тыбытынын сапаты да өзгөрдү. Мурдакыдай жумшак эмес жана салмагы да азайып жатат.
Кашемир - өтө кымбат материал жана анын сапаты баасына төп келет. Чабандар жазында эчкилер түлөп баштаганда тыбытын алышат.

Сүрөттүн булагы, Andrew Newey
Бир эчкиден төрт унций (113 грамм) чамалуу эң жогорку сапаттагы тыбыт алса болот.

Сүрөттүн булагы, Andrew Newey


Сүрөттүн булагы, Andrew Newey


Сүрөттүн булагы, Andrew Newey
Өтө кооз килемди жасаш үчүн чеберлерге бир нече ай керек. Андан кийин аны 1500 фунт (2000 доллар) тегерегинде сатышат.

Сүрөттүн булагы, Andrew Newey
Тоо эчкилерине коркунуч жараткан дагы бир жагдай - чөлкөмдө ак илбирстер саны көбөйдү.
Анткени акыркы жылдары тукум курут болуп бара жаткан ак илбирсти сактап калуу үчүн көп чаралар көрүлдү.

Сүрөттүн булагы, Andrew Newey
Эчки чарбасы менен жашаган элдин саны 300 миңдин тегерегинде. Эгерде алардын жашоо образы өзгөрсө, уникалдуу маданияты дагы жоголот. Чангпалар тибеттик буддизмдин өкүлдөрү саналат.

Сүрөттүн булагы, Andrew Newey


Сүрөттүн булагы, Andrew Newey


Сүрөттүн булагы, Andrew Newey
(AbA)








