Айлана-чөйрө кризиске батты

Rubbish dump

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Roger Harrabin
    • Role, BBC environment analyst

Жаңы баяндамага ылайык, саясатчылар жана аткаминерлер экологиялык кризистин масштабына көңүл бурбай жатат. IPPR уюму айлана-чөйрөдөгү көйгөйлөр башаламандык менен глобалдык экономиканын солгундоосуна алып барат деп эскертти.

Окумуштуулардын айтымында, экологиялык кризис климаттын өзгөрүүсүнө, жаныбарлардын тукум курут болушуна, жер кыртышынын эрозиясына жана океандын уулануусуна алып барат.

Institute for Public Policy Research уюму бул көйгөйлөрдүн кесепети катастрофалык деңгээлге жете электе үч багыт боюнча изилдөө жүргүзүүгө чакырууда. Алар айлана-чөйрөнүн бузулушунун деңгээли, анын коомго болгон таасири жана кандай чаралар тез арада абалды өзгөртөт деген иликтөө.

Институт 2005-жылдан бери суу ташкындары 15 эсеге көбөйгөнүн, токойдогу өрт жети эсеге жана экстремалдык температура тууралуу окуялар 20 эсе көп катталганын белгиледи. Буга адам баласынын аракеттери себеп болгону да айтылууда.

Климаттык өзгөрүү боюнча талкуу күч алганы менен, башка олуттуу маселелер көз жаздымда калды дейт окумуштуулар.

Tree felling

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кандай көйгөйлөр тууралуу сөз болуп жатат?

  • Жер кыртышынын эрозиясы ондон кырк эсе тез жүрүп жатат. Табигый жараяндар айдоо жерлерин калыбына келтирүүгө жетишпей жатат;
  • 20 кылымдын ортосунан тарта дүйнөдөгү айдоо жерлердин 30 пайызы эрозиядан улам жарабай калды;
  • 2050-жылга чейин Жер планетасынын 95 пайыз аймагы жашылча-жемиш өстүрүүгө жараксыз болот.

Буга чейин глобалдык жылуулануудан улам 2018-жылы миңдеген кишилер мерт кетип, ири кыйроолор болгонун кабарланган. Christian Aid уюмунун айтымында, 2018-жылдагы 10 табигый кырсыктын кесепетин жоюу үчүн ар бирине 1 миллиард доллардан ашуун каражат жумшалган.

Ошондой эле изилдөөчүлөр 10 млрд кишини камсыздай турган диетаны иштеп чыкты. Окумуштуулардын алдына оор тапшырма коюлган - алдыдагы ондогон жылдарда жарык дүйнөгө келе турган планетанын миллиардаган жаңы жашоочуларын кантип багабыз деген суроого жооп табуу керек эле. Мындай диета эт жана сүт азыктарын такыр эле чийип салбайт. Бирок биз күн сайын дасторконубуздан көрүп жүргөн тамак-аштан кескин айырмалуу. Жымсалдабай түз эле айтканда, биз такыр эле жебеген же кээде эле даам сызып койгон азыктарды көп жешке туура келет.

Окумуштуулар келечектеги катастрофаны алдын алуу үчүн бийликтеги саясатчылар азыртан өзгөрүүлөргө багыт алышы маанилүү экенин айтышууда.